Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дөөлөталиева: эмчек рагы менен 17-18 жаштагы кыздар кайрылып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековОнкология жана гематология улуттук борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы Чолпон Дөөлөталиева
Онкология жана гематология улуттук борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы Чолпон Дөөлөталиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Жазылуу
Онкология жана гематология улуттук борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы, Россия жана Европанын онкомаммологдор мектебинин мүчөсү, жогорку категориядагы врач Чолпон Дөөлөталиева эмчек рагына кабылган аялдардын курагы жылдан-жылга жашарып жатканын айтты.
Жылына борборго кайрылган аялдардын 600дөн ашуунунан сүт безинин рагы аныкталат. Тилекке каршы, көпчүлүгү өтүшүп кеткен формада, 2-3-стадияда кайрылышат. Бул тууралуу Чолпон Дөөлөталиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Дөөлөталиева: эмчек рагы менен 17-18 жаштагы кыздар кайрылып жатат
Анын айтымында, көкүрөк рагына кабылган аялдардын жаш курагы акыркы 3-5 жылда кескин жашарып, айрым учурда 17-18 жаштагы кыздардан да аныкталууда.
"Эмчек рагынын жашаруу тенденциясы бар. Бизге мурда көбүнчө 45-65 жаштардагы аялдар кайрылса, азыр 25-45 жаш аралыгындагылар басымдуу. Ал тургай кээде 10-11-класстын окуучуларынан да аталган илдет аныкталып жатат. Мунун себептери көп. Стресске көп кабылуу, гормондук өзгөрүүлөр, спирт ичимдиктерин ичип, тамеки чегүү жана башка. Аял эмчек рагына кабылганда шишиктин түрүн аныктоо үчүн биопсия жасоо сунушталат. Бул операция эмес. Ошол шишиктен ийнедей болгон көзөнөк аркылуу бөлүкчөсүн алып, текшерүүгө жиберебиз. Мындан коркпош керек. Көп аялдар өрчүп кетет же башка терс таасири болот деп биопсиядан баш тартышат. Тескерисинче, бул ооруну эртерээк аныктап, дарылаганга жол ачат. Бул ыкма бизге киргенине 1-2 эле жыл болду. Мурда шишиктин түрүн тактоо үчүн чакан операция жасап, бир бөлүгүн кесип алып анан анализге жиберилчү. Бул үчүн наркоз берилип, бейтап олуттуу операцияны башынан өткөргөндөй эле кыйналчу. Ал эми биопсия жасоодо бейтап мындай кыйналууга дуушар болбойт", — деди Дөөлөталиева.
Дарыгер залалдуу шишиктин алдын алуу үчүн аялдар милдеттүү түрдө жылына бир ирет маммологдун кароосунан өтүп туруусу зарылдыгын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0