Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Британиядагылар дүйнөдө Россияны колдогондордун арбындыгына таң калды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүПатриотическая акция "Георгиевская лента" в Краснодаре
Патриотическая акция Георгиевская лента в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Жазылуу
Изилдөөнүн авторлору мамлекеттерди Россия тараптык, батыш тараптык жана ортодо тургандар деп бөлгөн.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Британиядагы The Economist журналы Украинадагы кыйын кырдаалда Россия тарапта туруп, нейтралитетти сактагандарды тизмектеп, алар планетанын басымдуу бөлүгү экенин моюндаган. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости таратты.
Изилдөөнүн авторлору мамлекеттерди Россия тараптык, батыш тараптык жана ортодо тургандар деп бөлгөн. Биринчи топто 28 өлкө бар экендиги, аларда дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү жашаары анык болгон. Алардын катарына Кытай, Сирия, Пакистан, Эритрея жана Эфиопия кирген.
Жер жүзүндөгүлөрдүн калктын үчүнчү бөлүгүнө чейинки көлөмү деп эсептелген дагы 32 өлкө нейтралдуу деген статуста турат. Алардын ичинде Индия, Бразилия жана Бангладеш бар.
Батыш тараптык болгон 131 өлкөдө дүйнө калкынын 36 пайызы жашаары айтылган.

"Адамзаттын үчтөн эки бөлүгү же нейтралдуу, же Россия тарапты жактаган өлкөлөрдө жашайт экен. Сандарды Кытай менен Индия өзгөртүп жиберип жатат, аталган мамлекеттегилер дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Кытай өкмөтү россиялык көз карашта, Путиндин аракеттерин түз сындагандан алыс, Батышты көп колдой бербейт. Индиянын өкмөтү ортодо туруп, Россия менен өз ара кызматташууну бекемдеди. Бул өзгөчө мунайдын баасын түшүрүп бергенден кийин болду", — деп жазылган макалада.

Алар жыйынтыгында дүйнөнүн баары эле Россияны жектеп жатпагандыгын билдиришкен.
Россия-Финляндия чек арасындагы чек ара тилкесинде Брусничное жана Нуямаа мамлекеттик өткөрүү пункттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиялык искусствону да тартып алгылары барбы? Ой толгоо
Мурдараак италиялык журналист жана саясий баяндамачы Франко Батталья европалыктарда Донбасста орус тилдүү элдин кысымга учурагандыгын, Украинада Россияга кооптуулук жараткан аскердик инфраструктура курулуп жаткандыгын айткан. Мындан сырткары, Батталья Киевдин нацисттерге жана өлкөнү милитаризацияга оң көз менен караарын эске салган.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын бул кадамынан улам Батыш жооп иретинде санкцияларды үстү-үстүнө сала баштады. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Европада россиялык энергоресурстарга көз каранды болууну азайтуу боюнча чакырыктар айтыла баштады.
Кремль мындай кадамды буга чейин кездешпеген экономикалык согуш деп атады. Бийлик абалдын жогорудагыдай болуп кетишине мурдатан даяр болгондугун жана социалдык милдеттерин аткара берерин билдирген. Россиянын банктары валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө сала турган чараларды көрдү. Бир катар басылмалар РФтин чектөөлөрдү кыйгап өткөндүгүн айтышууда. Өкмөт жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы планды даярдаганын билдирип, финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды. Россия Евробиримдиктен санкцияларды алып салууну суранбай турганын расмий билдирди. Өлкөнүн запасы жетиштүү экенин, Евросоюз менен жашоо бүтүп калбастыгын айтты.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков Киевди Крым менен Донбасстын макамын таанууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0