Антироссиялык санкциялар Европанын экономикасын кыйратууда

© AFP / DENIS LOVROVICМай куйуучу жайга кезекте турган унаалар. Архив
Май куйуучу жайга кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Жазылуу
Батыштын маалымат каражаттары Россияга киргизилген санкцияларды улам тизмектеп, жакын арада өлкөнүн экономикасы кыйынчылыкка кабыларын болжолдоп жатышат.
Айрым ЖМКлар дефолт болорун айтышууда. Россиянын кыйрап баратканын кыялдангандар эмнегедир өзүнүн финансылык жана өнөр жай системасынын абалына көз чаптырышкан жок. Ал эми ойлончу маселе арбын дейт россиялык журналист Сергей Савчук. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Өткөн бейшемби күнү Германиянын Майтингенинде жайгашкан Lech-Stahlwerk болот куюучу комбинаты жана Испаниянын Portland Valderrivas Cementos цемент заводу өндүрүштү токтотконун жарыялады. Бавариядагы жалгыз болот куюучу өндүрүштө иштеген миңден ашуун кызматкер менен алардын Испаниядагы кесиптештери мөөнөтсүз өргүүгө чыгышты. Компаниялардын жетекчилиги өнөр жай үчүн электр энергиянын бир мегаваты 200 евродон төмөндөмөйүнчө өндүрүштү жанданта албай турганын бийликке расмий маалымдады.
Ошол эле күнү кагаз чыгарган немецтик Delkeskamp Packagingwerke фабрикасы да ишин токтотконун билдирген. Компаниянын ээлери федералдык өкмөткө кайрылып, электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирип, өнөр жай үчүн баа саясатын кайрадан карап чыгууну өтүндү.
Андан бир нече күн мурун жер семирткич чыгаруу боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлеген норвегиялык Yara компаниясы жаратылыш газына болгон рекорддук баа электр энергиясынын кымбатташын шарттап, мындан улам Италия менен Франциядагы негизги ишканалары продукция өндүрүүнү 40 пайызга азайтып жатканын жар салды. Италиянын Феррара жана Франциянын Гавр шаарында жайгашкан бул ишканалар чогулуп жыл ичинде бир миллион тоннадан ашуун аммиак жана 900 миң тонна карбамид чыгарып келген. Агроөнөр жай тармагында булардын мааниси абдан соң. Көйгөй канчалык курч экенин түшүнүү үчүн Yara компаниясы өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында эле электр энергиясынын баасынан улам өндүрүштүн темпи менен масштабын 40 пайызга кыскартканын эстөө жетиштүү. Башкача айтканда, азыр өндүрүш толугу менен токтоп калуу коркунучунда турат, ал эми Европа рыногунда жер семирткичке да, айыл чарба продукциясына да баа жогорулап кетти.
Москвадагы Макдоналдс ресторанынын тактасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Россияга берген сабагы. Тыянак чыгарчу убак
Өткөн жумада Италиянын Trasportounito жүк ташуучулар ассоциациясы айдоочулар мөөнөтсүз митингге чыкканын жар салды. Себеби Россияга каршы жарыяланган санкциялык согушка байланыштуу. Өлкөдө бензин менен дизель майынын бир литринин баасы эки евродон ашты, бул жүк ташуунун кирешелүүлүгү боюнча чоң суроону жаратат. Транспорт компанияларынын ээлери же зыянга учурап ишин уланта бериши керек, же жүк ташуунун баасын көтөрүшү керек. Кымбаттатса буйрутманын саны кыскарат. Айтор, жол жок.
Пандемиядан улам жаралган энергетикалык кризистен эми чыгып келе жаткан Европа өлкөлөрүнө кайрадан сокку урулганы турат. Мындай абалдан баарынын эле аман-эсен чыгып кете алары күмөн.
9-мартта Еврокомиссияга Европа өнөр жайынын бардык маанилүү тармактарынын өкүлдөрү кол койгон жамааттык кат жолдонду. Анда Брюселлге энергетика рыногун турукташтыруу талабы коюлуп, эгер Еврокомиссия электр энергиясына болгон баанын өсүшүн токтотпосо, Европа өнөр жайы бардык жагынан кысылып, натыйжада экономикалык коллапс жаралары айтылган. Ири бизнестин өкүлдөрү Батыштын ураалаган журналисттеринен айырмаланып энергиянын кайра жаралуу булактарына көп ишене бербейт, андыктан өкмөттөн жаратылыш газы, нефть жана көмүр кандай көлөмдө сатып алынары тууралуу (арасында Россиядан алынчу отун да бар) так маалымат берүүнү талап кылышты.
Британия ЖМКлары нефть жеткирүүдө фьючерстин апрелдеги баасы былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 20 эсе көтөрүлгөнүн жазып чыгышты. Украинадагы атайын операциянын башталышынан жана андан кийинки Россияга каршы жарыяланган санкциялык согуштан тарта жаратылыш газынын баасы Европа рынокторунда 79 пайызга жогорулады. Brent үлгүсүндөгү нефтинин баррели 140 доллардан сатылууда, башкача айтканда, эки жуманын ичинде бир челеги 10 пайызга кымбаттап, 2008-жылдын рекордуна (147 доллар) жакындап келди. Баштапкы булагы кымбаттаса электр энергиясынын баасы да көтөрүлөрү бышык. Британияда өткөн жумада бир мегаватт/сааты 345, ал эми Германияда 220 евродон ашты.
Карьердеги руданы самосвалга жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
"Оңбой калат". Россиялык сырьедон баш тартса Батыш кандай зыян тартат?
Баанын болуп көрбөгөндөй жогорулашынан кийин Европа лидерлеринин антироссиялык маанайы бир аз басаңдай түштү. Мисалы, Олаф Шольц Европа Москвага санкциянын болгонун салып бүткөнүн айтса, Борис Жонсон Россия менен анын элинин улуулугун эч ким танбаганын билдирип жиберди.
Баса, Британияга тийиштүү дагы бир кызыктуу жагдай бар.
Daily Mail басылмасы атайын операция башталардан туура бир ай мурун Улуу Британия россиялык отун сатып алууга 2,6 миллиард фунт сарптап, өз ичинде тарыхый рекорд койгонун жазды. 911,5 миллион фунтка бензин менен дизель алынса, дагы 32 миллион энергетикалык көмүр, металлургиялык кокс жана көмүр брикеттерин сатып алууга жумшалган. 590,4 миллион фунтка чийки нефть, 28,1 миллионго россиялык газдын партиясы сатып алынган.
Балким, Британиянын россиялык коргоо ведомстволорунан маалымат алчу каналы бардыр, аны билбейбиз, бирок мындай көлөмдө отун сатып алуунун өзү күмөн ойлорду жаратат. Анын үстүнө дал ушул маселеде Британия канча кылымдан бери Россияга касын тигип келет. Бирок мындай запас Британияга да, Евробиримдикке да жардам бербегенин көрүп жатабыз. Россияны жазалайбыз деген аракети Батыш өлкөлөрүнүн өнөр жайы менен экономикасын такыр эле бүк түшүрбөсө да бир топ эңгиретип койду.
Түндүк агым-2 газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
"Апаатка кабылабыз". Европа менен Кытай үчүн санкциялардын зарылдыгы барбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0