Атамбаев сотко он чакты конвоирдин коштоосунда жеткирилди. Видео

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Эламан КарымшаковБывший президент Алмазбек Атамбаев и экс-руководитель аппарата президента Фарид Ниязов в первомайском районном суде Бишкека на заседание по делу об октябрьских событиях 2020 года
Бывший президент Алмазбек Атамбаев и экс-руководитель аппарата президента Фарид Ниязов в первомайском районном суде Бишкека на заседание по делу об октябрьских событиях 2020 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.
3-март күнү анын жактоочусу Замир Жоошев Атамбаев бүгүн октябрь окуялары боюнча Биринчи май райондук сотуна чакырылганын билдирген.
"Соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышат. Судья Убайдулла Сатимкулов 1-апрель күнү экс-президентти сотко мужбурлап алып келүү боюнча токтом чыгарган", — деген Жоошев.
Жергиликтүү ЖМКлар жарыялаган видеодо Атамбаевди он чакты конвоир коштоп, сотко алып кирип бара жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 23-март күнү жактоочу Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин билдирген. Анын айтымында, № 47 колониянын кызматкерлери аны абактан футболка, ич кийимчен мажбурлап алып чыгып конвоирлерге өткөрүп берген. Эртеси Атамбаевдин тарапташтары ага жасалган мамилеге нааразы болуп түрмөнүн алдында митинг уюштурган.
Андан көп өтпөй Кыйноолорду алдын алуу борбору мурдагы Атамбаев аталган окуяга байланыштуу абакка барып, экс-президенттен кабар алган. Маектешүү учурунда Атамбаевдин буту-колу көгөргөнү аныкталганын билдирип, ал жана башка жагдайлар боюнча бир нече акт түзүшкөн. Белгиленген фактылар боюнча Кыйноолорду алдын алуу борбору тиешелүү органдарга кайрылуу жибере турганы айтылган. Андан сырткары акыйкатчынын өкүлдөрү да барган.
Атамбаевди сотко алып келгени боюнча ЖАК өзүнүн маалыматын тараткан. 25-мартта президент Садыр Жапаров да бул окуя тууралуу үн каткан.
30-март күнү мурдагы президенттин уулу, ЖК депутаты Сеид Атамбаев эл өкүлдөрүн Алмазбек Атамбаевдин ишин иликтөөгө чакырган.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Атамбаевдин өлүмүн каалашпаса толук текшеришсин. Жоошевдин билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0