РКӨФ антикризистик чаралардын пакетин бекитти. Кредит боюнча жеңилдик бар

© Sputnik / Табылды КадырбековРКӨФ блокноту. Архив
РКӨФ блокноту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Фонддун эсеби боюнча сунушталган чаралар бизнеске бир топ каражат үнөмдөөгө шарт түзөт.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугу антикризистик чаралардын пакетин бекитти. Бул тууралуу РКӨФ билдирди.
Доллар менен алынган кредиттерди төлөө мөөнөтүн 6 айдан 12 айга чейин жылдыруу чечими кабыл алынды. Ошону менен бирге насыянын жалпы мөөнөтү көбөйөт.
"Муну менен насыя алгандарга льготалык убакыт берилип, экономикалык жаңы шарттарга көнүүгө шарт түзүлөт. Белгилей кетчү жагдай, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган ишканаларга төлөм мөөнөтүн 12 айга чейин жылдырууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле РКӨФ биринчи кезекте ушул багытка колдоо көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Башка учурларда өкмөттүн жеңилдетилген программасы менен каржылоо алгысы келгендерге фонд күрөөнүн бир бөлүгүнөн бошотуп коюу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр. Бул үчүн РКӨФтүн күрөө боюнча коюлган минималдык шарттарын аткаруу керек.
"Доллар менен кредит алган чакан жана орто бизнестин ээлери өзүнүн банкы аркылуу төлөм мөөнөтүн алты айга чейин узарта алышат. Ал эми финансылык мекеме 2022-жылдын 30-июнуна чейин РКӨФкө кредиттин мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрыла алат. Түшкөн кайрылуунун негизинде фонд каржылоо боюнча кошумча келишим түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Фонддун максаты — банкты эмес, конкреттүү ишкерди колдоо.
Күрөө боюнча жеңилдик бардык категорияларга берилет. 2022-жылдын 31-декабрына чейин РКӨФ тарабынан төмөнкүдөй коэффициенттер каралат:
Баалуу кагаздар күрөөсү — 80 пайыздан кем эмес;
Кыймылсыз мүлк күрөөсү — 100 пайыздан кем эмес.
"Мындай чечим геосаясий абалга байланыштуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Фонддун эсеби боюнча сунушталган чаралар бизнеске бир топ каражат үнөмдөөгө шарт түзөт.
АКШ жана Евробиримдигинин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
FT: Россияга жасалган экономикалык басым Батышты бөлүп-жарышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0