Катуу шамал болот. Сак болуңуздар!

© AFP / Behrouz MEHRIКиши кол чатыр менен шамал учурунда. Архив
Киши кол чатыр менен шамал учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Мэрия элди этият болууга чакырып, зарылдык жаралса 112 куткаруу кызматына чалууну эскертти.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Гидрометборбордун маалыматы боюнча, күндүн экинчи жарымында катуу шамал болуп, түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери айтылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Муниципалитет элди этият болууга чакырып, кырсыктан оолак болуу үчүн автоунааларды бак-дарактардын жана жеңил конструкциядагы курулуштардын алдына койбоо керектигин эскертүүдө.
Зарылдык жаралган учурда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 Call-борборлоруна, ошондой эле сүрөт жана видеофактыларды 0554 -182-185 номерине жөнөтүүгө болору айтылды.
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0