Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия дүйнө келечеги үчүн Батыш менен кармашка түштү. Ой толгоо

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкери. Архив
Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
РФтин Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо боюнча операциясы тарыхты буга чейинки жана андан кийинки деп бөлгөн чекке айланды. 24-февралдын таңында башка дүйнөдө ойгондук...
Кандай окуяларды артка калтырдык? Жаңы дүйнөгө кадам таштоодо эмнелерден арылабыз? Жаңы дүйнөдөн эмнелерди күтөбүз? Ушундай суроо салган Давид Нармания соңку тарыхтагы эле 24-февралга чейинки орчундуу окуяларга сереп салып, алдыдагы өзгөрүүлөргө да бир көз чаптырып көргөн. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Тарыхтын соңу" жөнүндө бүтүмдөрдү (батыштык саясат таануучулар ынтаалуу кайталаган) чыгаруунун биринчи белгиси Югославиянын бомбаланышы эле. Канча адамдын өмүрүн алган ошол апаат НАТОнун акыркы ийгиликтүү операциясы болгон.
Андан бери Афганистан операциясына күбө болдук, Вашингтон бул аймакта "Талибанды"* кыйратууну көздөгөн. Туура 20 жыл өткөндө АКШнын аракетинен майнап чыкпай, качып чыгууга аргасыз болду. Ал эми аталган ислам республикасында бийлик кайрадан талибдердин колуна тийди.
Афганистанга аяк баскандан кийинки операциясы Ирактан жапырт жабыркатуучу курал издөө болду. Аны АКШ, албетте, аталган өлкөдөн тапкан жок, бирок Ислам мамлекетинин** түптөлүшү үчүн өтө ыңгайлуу шартты түзүп берди.
2010-жылдардын башында "араб жазына" күбө болдук. АКШ менен Европа аны жигердүү колдогону маалым. Тилекке каршы, ошол окуялар Ливия менен Сирияда кан төгүлган жарандык согуштар менен аяктады. "Ислам мамлекети"** ошол Сирияда баш көтөрдү.
Дал ушундай дүйнө аяктап барат. Жаңысы түптөлүүдө. Анда "Граддан" Цхинвалга ок жаадырып, жазасыз калууга болбойт. Демократияны курууга жамынып исламисттердин колу менен кыргын салууга жол берилбейт. Одессадагы Кесиптик бирлик үйүндөгүдөй адамдарды тирүүлөй өрттөөгө болбойт. Сенин калкыңдын бир бөлүгү сегиз жыл бою жүргүзгөн согушка көз жуумп коюуга болбойт. Дал ушул, айтмакчы, россиялыктарга да, украиналыктарга да тиешелүү.
Жаңы дүйнөдө эмнелерге уруксат? Ал кандай болот? Бизди, кайсы өлкөдө жашаганыбызга карабай баарыбызды, эмне күтөт? Бүгүнкү күндө жаңы дүйнөнүн келечеги россиялык жоокерлердин колунда. Алар дал ошол үчүн жанын аябай күрөшүүдө. Мындай окшош кырдаалдарда Россия менен АКШнын аракеттериндеги кескин айырмачылыктар Кремлдин айыгышкан душмандарына да даана байкалат.
Азов батальонунун украиналык аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш ЖМКлары "Азов" согушкерлеринин нацист деп аталышына макул эмес
Россиялык учактар америкалыктар Югославия, Афганистан жана Ирактагы шаарларды талкалагандай тынымсыз, ырааттуу бомбалаган жери жок. Россия жайкын жашоочулардын арасында болушунча курмандыктарды азайтууга умтулуу менен Украинада аскердик объектилерди жок кылууда. Дал ушул себептен россиялык жоокерлер шаарларга кирип, кармашууга аргасыз. Ал эми калаа ичинде кайсы терезе болбосун көзгө атарлар жашынып турушу ыктымал. Ошондуктан ал жакта шейит болгон ар бир солдат жайкын украиналыктардын да өмүрүн сактап калууга жан үрөдү деп билген оң. Дал ушул үчүн операция коюлган милдеттер аткарылганча уланат. Шашылууга да болбойт.
Ал аяктаганда дипломаттар сөз баштайт. Алар жаңы дүйнө коопсуздугунун архитектурасын аныктап, механизмдерин иштеп чыгат. Алардын айрымдарын кайра карап чыгууга туура келет. Маселен, орто жана чакан аралыктагы ракеталар жөнүндөгү келишимин кайра жандантуу.
Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу – 3 келишиминин тегерегинде өтө маанилүү талкуу жүрмөкчү. Гиперүндүү курал талкуунун өзүнчө бир предмети болору бышык. Россия бул жаатында башка мамлекеттердин эч бирин өзүнө караандатпайт.
Бирок бул макулдашуулардын аналогдору Москва жана Вашингтон үчүн эки тараптуу гана документ болбойт. Алар Пекин, Дели, Берлин, Париж, Тегеран, Эр-Риядда, тагыраак, болочоктун түзүлүшүнө жоопкерчиликти алган ар бир өлкөнүн борборунда тыкыр окулуп, талданат. Келечекте бир полярдык дүйнөнүн катачылыктарына таптакыр жол берилбейт.
АКШ жана анын союздаштары капитализмдин негизги принцибин — жеке менчиктин кол тийбестигин бузушту. Жогоруда аталган мамлекеттердин да Вашингтон, Лондон жана Брюсселдин азыркы аракеттерине ичи чыкпай турат.
Львов облусунда тактикалык машыгуу учурунда жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытайлык басылма Украинадагы кырдаалда АКШнын жети "күнөөсүн" атады
Америкалык маалымат каражаттары бир жарым жума мурун эле Сауд Аравиясы менен Кытай мунай келишимдерин юань менен төлөө мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканы кабарланган. Ал эми узаган аптада Россия мындан ары европалык өлкөлөргө газ рубль менен сатыларын жарыялады. Болбосо февраль айында эле дүйнөлүк экономикада доллардан баш тартуу мүмкүн эместей туюлган.
Европанын келечеги да бүйүр кызытат. Ал чындап көз карандысыз болобу же океан ар жагындагылардын көрсөтмөлөрүн кыңк дебестен аткарууну улантабы?
Карапайым немец жана француздар ушул тапта дал өздөрүнүн эсебинен украиналык улуттук батальондорду сактап калууга күрөш жүрүп жатканын аңдашар бекен? АКШ жамааттык жоопкерчиликке жол берилбестигинин идеалдарын ачык эле көзгө илген жок. Эми Россияга каршы санкциялардын айынан катардагы европалыктар төлөп, инфляцияга кабылары айдан ачык. Ошону менен бирге эле НАТОнун европалык бөлүгү эми Украинаны тегиз колдобойт. Албетте, каны кайнап тургандар да жок эмес, бирок көпчүлүгүнүн Россияга каршы туруштук берүүгө даяр эместиги алды-артын ойлоого түрттү.
Тилекке каршы, Батыштагылар Владимир Путин 15 жыл мурун эле Мюнхенде келтирген жүйөлөрдү көз жаздымда калтыруу эмнеге кептей турганын түшүнүшкөн эмес.
Россиянын өзүн да эбегейсиз өзгөрүүлөр күтүүдө. Көпкө созулган экономикалык көйгөйлөрдү тез арада чечүү керек. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун кандай жолдорун табуу абзел? Ушул өңдүү жана дагы далай соболдорго жооп алуубуз кажет, бирок алар сөзсүз түрдө жалпы адамзаттын тарыхынын бир бөлүгү болору талашсыз.
Кандай тарых жазылары ар бирибизден көз каранды. Себеби жаңы дүйнөдө жоопкерчилик бийик. Өзүң, жакындарың жана бүтүндөй дүйнө үчүн жоопкерчиликти алууга тийишсиң. Анткени "арал сымал адам жок".
* Террордук ишмердиги үчүн БУУнун санкциясына кабылган уюм.
** Ишмердигине Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм.
НАТОнун аскерлери Латвиядагы машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Балтиканын сырттандары" жардан нары секирүүгө белсендиби?
Жаңылыктар түрмөгү
0