00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Актан Арым Кубат жөнүндө кызыктуу 7 факты. Үйү – музей, гаражы – кинотеатр

© Фото / Эркин БолжуровБелгилүү кинорежиссёр, сценарист Актан Арым Кубат
Белгилүү кинорежиссёр, сценарист Актан Арым Кубат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Бүгүн белгилүү кинорежиссёр, сценарист Актан Арым Кубаттын туулган күнү. "Кентавр" фильми менен дүйнөнү кезип жүргөн бул инсан 65 жашка толду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги кинокартиналары менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн өзүнүн күйөрмандарын тапкан режиссёрдун өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Таякеси багып алган. Актан Арым Кубат 1957-жылы 26-мартта Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы ошол айылда өтүп, таякесинин колунда өскөн. Апасы аны кичинекей кезинде эле бир тууган агасына берип койгон. Өспүрүм өзүнүн ата-энеси бар экенин кийин гана билген.
Сүрөтчү, декоратор, ассистент... Айылдагы мектепти аяктагандан соң Фрунзе шаарындагы Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт училищесинде билим алып, ал жакта сүрөт жана чийүү боюнча мугалим адистигине ээ болгон. Сүрөтчү бир жылдай Гапар Айтиевдин өнөрканасында да окуган.
Эмгек жолун 1981-жылы "Кыргызфильмде" баштап, сүрөтчү, декоратор, ассистент болуп бардык баскычтардан өтүп, тажрыйба топтогон. Ал жакта иштеп жүрүп биринчи эмгегин, "Жолбун ит" даректүү фильмин көрүүчүлөргө сунуштаган.
© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү кинорежиссёр, сценарист Актан Арым Кубат
Пресс-конференция на тему Фильм Кентавр — о современном герое кыргызского народа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Белгилүү кинорежиссёр, сценарист Актан Арым Кубат
Мал багып, такси айдап. Өлкө эгемендик алган жылдары маданият тармагы дагы катуу аксаган жылдары КРдин эл артисти, ал кездеги Актан Абдыкалыков айылда мал багып, шаарда жумуштан чыгып алып таксист болуп иштеп үй-бүлөсүн баккан.
Жашоосун киного айланткан сүрөткер. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өзүнүн чыгармачылык жолунда 20га жакын кыска жана толук метраждуу тасма тарткан. Киночунун эмгектеринин басымдуу бөлүгү өзүнүн жашоосунан алынган. Мисалы, "Беш кемпир", "Келин", "Маймыл" режиссёрдун балалыгы, "Свет-аке" азыркы турмушу жөнүндө баяндайт.
Эң кызыгы, "Кентавр" кинокартинасынан башка бардык кинолорун плёнкага тарткан. Анын бет ачары Берлиндеги ири фестивалда өтүп, Франциянын 30дан ашуун шаарында прокатка чыгып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Кинокартиналары дүйнө кезип. Актан Арым Кубаттын эмгектерин чет элдиктер сүйүп көрөт. Алсак, "Селкинчек" кинокартинасынын дүйнөлүк премьерасы Швейцариянын Локарно шаарында өткөн. 2019-жылы Францияда болгон Азия кинолору фестивалында "Беш кемпир" фильми үч жолу көрсөтүлгөн. Анда көрүүчүлөр эки сеанстын тең билетин талап кетип, дагы бир сеанс уюштурууга туура келген.
© Фото / Эркин БолжуровБелгилүү кинорежиссёр, сценарист Актан Арым Кубат
Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Белгилүү кинорежиссёр, сценарист Актан Арым Кубат
Эки атанын уулу. Режиссёрдун мурдагы аты-жөнү Актан Абдыкалыков. Бирок ал башка үй-бүлөдө өскөндүгүнө байланыштуу эки атанын тең атын алып жүрүүнү туура көргөн. Арым — анын өз атасы болсо, Кубат — багып алган атасынын ысымы.
Үйү — музей, гаражы — кинотеатр. Европа киноискусство академиясынын мүчөсү жубайы экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап-өстүргөн. Кыздары чыгармачылыктан алыс. Ал эми уулу Мирлан Абдыкалыков ата жолун улап, азыр Кыргызстандагы мыкты режиссёрлордун бири. Чыгармачыл инсан өзү туулуп-өскөн айылындагы атасынын үйүн киного тиешелүү реквизит, эски оокат, буюмдарды чогултуп музей жасап койгон. Ал эми автоунаа токтогон гаражды чакан кинотеатрга айланткан.
Тема боюнча:
87 жашка толмок. Кыргыздын кыйындарынын бири Байжиевдин сүрөттө калган ирмемдери
"Манасты" сегиз жыл иллюстрациялаган. Сүрөтчү Теодор Герцен жөнүндө 7 факты
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0