00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Манасты" сегиз жыл иллюстрациялаган. Сүрөтчү Теодор Герцен жөнүндө 7 факты

© Sputnik / Александр ФедоровКРдин эл сүрөтчүсү Теодор Герцен. Архив
КРдин эл сүрөтчүсү Теодор Герцен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Жазылуу
Бүгүн белгилүү сүрөтчү Теодор Герцендин туулган күнү. Өмүрүн көркөм өнөргө, "Манас" эпосун сүрөт менен берүүгө арнаган таланттуу инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 87 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдин эл сүрөтчүсүн эскерип, өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Согуш жылдарындагы балалык. Теодор Герцен 1935-жылы 15-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы түрдүү адабият, эмгектерди чогулткан искусствого жакын адам эле. Кийин согуш башталып Уралга эмгек фронтуна жөнөтүлөт. Мындан улам Теодор кичине болгонуна карабай кыз-келиндерге кол кабыш кылган. Мектепти аяктаган соң 16 жашында Кызыл-Кыядагы тоо-өндүрүш училищесин бүтүрүп, Баткендеги шахтада машинист болуп иштеген.
© Sputnik / Александр ФедоровСүрөтчү Фрунзе, Москва шаарларында билим алып, Германия, Голландияда тажрыйба топтогон
Художник-монументалист, живописец, Народный художник КР Теодор Герцен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Сүрөтчү Фрунзе, Москва шаарларында билим алып, Германия, Голландияда тажрыйба топтогон
Кыял жетелеген өнөр. Бала чагынан баштап сүрөтчү болууну эңсеген жигит шахтадагы жумушун таштап Фрунзе шаарындагы Көркөм өнөр училищесине тапшырып, аны 1959-жылы аяктаган. Ошол жылы окуусун Москвада улантууга аракет жасап, бирок өтпөй калат. Кийинки жылы Строганов атындагы Көркөм өнөр-өндүрүш жогорку окуу жайынын монументалдык-декоративдик живопись факультетинде билим ала баштайт. Ал ЖОЖду 1966-жылы аяктап, туулуп өскөн мекенине кайтып келип, чыгармачылыкка бел байлаган.
Монументалдык эмгектер. Сүрөтчү ал жылдары Кыргызстанды түрө кыдырып, Германия, Голландияга чейин барып чыгармачылыгын өркүндөткөн. Ал 70-80-жылдары кесиптештери менен Нарын, Ысык-Көл, Талас облусунда жана Бишкек шаарында ири монументалдык эмгектерди жараткан. Алардын арасында Киров суу сактагычында куруучуларга арналган горельеф да бар.
© Sputnik / Александр ФедоровКРдин эл сүрөтчүсү "Манас" эпосун сегиз жыл иллюстрациялаган
Художник-монументалист, живописец, Народный художник КР Теодор Герцен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
КРдин эл сүрөтчүсү "Манас" эпосун сегиз жыл иллюстрациялаган
Тоолук сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү пейзажды мыкты тарткан. Ал "Кыргыз тоолорунун күүсү" аталышындагы атайын сериянын автору. Герцен өзүнүн чыгармачылыгын эскерип отуруп, кыргыз тоолору менен жаратылышын ондогон жылдар бою тартып, дагы деле бүтө албагандыгын айткан жайы бар. Чыгармачыл инсан өлкө аймагын кыдырып, таң эрте туруп алып тоо аралап сүрөт тартканды жакшы көрчү экен. Кийин Германияда жүргөн маалда дагы кыргыз тоолорун сагынганын жашырган эмес.
© Фото / Теодор ГерценТеодора Герцена "Манас" эпосундагы окуялар менен каармандарын иллюстрациялоого сегиз жыл кетирген
Иллюстрация Теодора Герцена из эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Теодора Герцена "Манас" эпосундагы окуялар менен каармандарын иллюстрациялоого сегиз жыл кетирген
"Манас" менен алышкан жылдар. СССРдин Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү кыргыз элинин дүйнө жүзүнө белгилүү "Манас" эпосундагы окуялар менен каармандарын иллюстрациялоого сегиз жыл кетирген. Ал эмгектер кийин Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда чыккан төрт томдуктун ичине кирген. Бул сүрөттөр кыргыз көркөм өнөрүндөгү эң баалуу эмгектердин бири катары саналып, башка сүрөтчүлөр тарабынан да жогору бааланып, азыркыга чейин колдонулуп келет. Герцен ошондой эле кыргыз жомокторун дагы иллюстрациялаган.
Көп кырдуу сүрөтчү. Теодор Герцендин "Мен сүрөтчүмүн, чыгармачылык мен үчүн жумуш эмес, бул менин жашоо образым" деген сөзү бар. Ал бир учурда эле ири монументалдык живопись жана чакан иллюстрация менен да алектенген. Герцен Ош шаарындагы улуттук драма театрынын тышкы жасалгасын, эскизин иштеп чыккандардын бири.
© Sputnik / Александр ФедоровЧыгармачыл инсандын өмүрүнүн акыркы күндөрү Германияда өткөн
Художник-монументалист, живописец, Народный художник КР Теодор Герцен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Чыгармачыл инсандын өмүрүнүн акыркы күндөрү Германияда өткөн
Сүрөтчүлөрдүн үй-бүлөсү. Жаны тынбаган жана дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн сүрөтчү натюрмортчу Диль-Фируз Игнатьевага үйлөнгөн. Кесиптештер эки баланы тарбиялап өстүргөн. Даңк медалынын ээси эгемендүүлүк жылдары 600дөй эмгегин музейге өткөрүп берип, ден соолугуна байланыштуу 2001-жылы Германияга кеткен. Европада айыккыс оорудан дарыланып жүрүп 63 жашында кайра Кыргызстанга жетпей көз жумган. Азыр анын 1990-жылы түзүлгөн көркөм сүрөт музейи өзүнүн туулуп өскөн айылында иштеп келет.
Манас эпосунан сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Чоң жиндинин жиндилиги. Манастын бала кези тууралуу 7 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0