Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский НАТОдон аскердик жардамды чектебей беришин суранды

© AP Photo / Ukrainian Presidential Press OfficeУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Украина президенти НАТОдон буга чейин аскердик учак жана танкаларды сурап, бирок бирди да ала албаганын айткан.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Украинага чектелбей берилген аскердик жардам керек. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский НАТОнун саммитинин катышуучуларына кайрылып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина учак сурап кайрылган. Силерде миңдеген аскер учактары бар, бизге бирөөнү да берген жоксуңар. 20 танкаңар бар, Украина 500 танка берүүнү же сатып алууну суранган. Биз так жооп ала албай турабыз", — деген Зеленский.
Ал альянс Украинанын аба мейкиндигинен учууга тыюу салууну киргизүү өтүнүчүн да жоопсуз калтырганын кошумчалаган. Ошол эле учурда Зеленский НАТОго курал-жарак жагынан жардам берерине ишеним артарын белгилеген.
"Биз жөн эле сатып ала албайбыз, мындай нерселерди алып келүү НАТОнун чечимдерине байланыштуу", — деген ал.
Мындан сырткары, Зеленский россиялык мунайдын бир да баррелин өткөрбөй, бир да кемесин портко киргизбеш үчүн Россияга карата санкцияларды күн сайын киргизип турууга чакырык салган.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Тилекке каршы, эки тараптан тең адам курмандыктары бар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Мариуполь шаарында гуманитардык жардамга кезекте турган пенсионерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинанын бошотулган жерлеринин пенсионерлерине 10 миң рублден төлөп берет
Жаңылыктар түрмөгү
0