Медик: сасык тумоо өтүшүп кеткен учурда автоунаа айдаганга болбойт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖолдогу автонуаалар. Архив
Жолдогу автонуаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жазылуу
Рулга отуруу операцияны жаңы жасаткандарга, өнөкөт оорусу барларга да сунушталган эмес.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) өтүшүп кеткен учурда автоунаа айдаганга болбойт. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты Андрей Кондрахиндин айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Адам тумоолоп, дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, тердеп, алсыз болуп жаткан учурда автокөлүк айдабай эле коё турганы оң. Мындай учурда рулдагы адам көп нерсеге көңүл бурбай, анын кесепетинен кырсык болуп кетиши мүмкүн. Сасык тумоонун тамак кычышуу, мурун бүтүү сыяктуу белгилеринде рулга отурган коркунучтуу эмес", — деген медик.
Автоунаа айдоо жаңы операция жасаткандарга, өнөкөт оорусу барларга да сунушталган эмес.
"Жол эрежесинде" эгер адам өзүн жаман сезип жатса, автокөлүк башкарууга көзү жетпесе, рулга отурууга укугу жок" деп жазылган. Баш айланып, алсыз болуп жаткан абал ошол тыюу сала турган себептердин бири", — деген Кондрахин.
Бул тизмеге инсульт алгандар, кан басымы жогору адамдар да кирет.
Айдоочунун күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Кайсы эрежени бузган айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат? ИИМдин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0