Кыргызстанда руханий-адеп-ахлак тууралуу эскертме чыкты. Максаты

© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
Эскертменин максаты — моралдык ченемдерди, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды сактоо. Сергек жашоо образын өздөштүрүүдө мамлекеттик кызматчылардын ролун күчөтүү.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" эскертмесин иштеп чыкты.
Буга президент Садыр Жапаровдун адамдын руханий өнүгүүсү жана үй-бүлөлүк салтанаттарды, үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча буга чейинки жарлыктары негиз болду.
Эскертменин максаты — моралдык ченемдерди, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды сактоо. Сергек жашоо образын өздөштүрүүдө мамлекеттик кызматчылардын ролун күчөтүү. Ошондой эле жарандарды элдик каада-салттарды урматтоого үйрөтүү болуп саналат.
Эске салсак, өткөн жылдын январь айында мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана жарандардын дене тарбиясы" жарлыгына кол койгон. Ал жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүүгө багытталган.
Эт кесип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Тажияда мал союуну тыюуга баш ийбегендер кандай жазаланат? Сунуштар
Жаңылыктар түрмөгү
0