00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров президент катары беш жарлыкка кол койду

Жазылуу
Мындан башка бир катар жарлыктар иштеп чыгуу стадиясында турат. Президент Садыр Жапаров аларга жакынкы күндөрдө кол коёру белгиленди.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда, алгачкы жарлыктарына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, беш жарлык кабыл алынган. Алар:
  1. Жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана жарандардын дене тарбиясы;
  2. менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо;
  3. миграциялык кырдаалды жакшыртуу;
  4. жаңы кадрдык саясат;
  5. Кен казуу тармагын реформалоо.
Президенттин маалымат кызматы ар бир жарлыктын маани-маңызы боюнча дагы түшүндүрмө берген.
Биринчи жарлык — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүүгө багытталган.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Гутерриш, Макрон, Меркель. Садыр Жапаровду куттуктаган өлкө башчылар
Экинчи жарлык — ишкерлердин жана инвесторлордун жеке мүлкүн коргоону күчөтүү, ишкердик субъектилердин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу боюнча чаралар каралган. Ал инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Үчүнчү жарлык — азыркы мезгилде Кыргызстандын көпчүлүк жарандары мамлекеттин чегинен тышкары убактылуу эмгектенүүгө аргасыз болууда. Коронавирус пандемиясынын айынан келип чыккан экономикалык кризис эмгек мигранттарынын абалына терс таасирин тийгизди. Ушул себептен 2020-жылдын мартында алар Кыргызстанга кайтып келе башташты, бул жумушсуздуктун өсүшүнө алып келди. Буга байланыштуу миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында атайын жарлыкка кол коюлду.
Төртүнчү жарлык — жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн шарттарды, бардык кызмат орундарына натыйжалуу кадрдык резервди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүгө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын карьералык өсүүсү үчүн шарттарды камсыздоого, кадр маселелерин чечүүдө коррупция тобокелдигин төмөндөтүүгө жол ачат.
Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо - Sputnik Кыргызстан
Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо
Бешинчи жарлык — жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, мыйзамдарда, мамлекеттик жөнгө салууда орун алган көйгөйлөрдү четтетүү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү жана башкалар боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.
Аталган жарлык менен Кен кодексинин кабыл алынган учурга карата лицензиясы бар жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштеткен ишканаларды кошпогондо, уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100 пайыз болгон улуттук кен казуу компаниясынын гана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүү каралат.
Мындан башка бир катар жарлыктар иштеп чыгуу стадиясында турат. Президент Садыр Жапаров аларга жакынкы күндөрдө кол коёру белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0