Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путиндин Батыш коомуна кайрылуусун басма сөзү жашырды. Ой толгоо

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
"Азыр сиздерди кыйынчылыктардын баары Россиянын кандайдыр бир касташкан аракеттеринин айынан экенине, ал эми ойдон чыгарылган орус коркунучу менен күрөшкө сиздин чөнтөгүңүздөн төлөө керектигине ынандырууга аракет кылып жатышат".
РФте Аймактарды социалдык-экономикалык жактан коргоо чаралары жөнүндө өткөн кеңешмеде президент Владимир Путиндин сөзүндө ушундай ойлор камтылды.
Кызыгы, ушул иш-чараны туш-туштан бөгөттөп жаткан Батыш медиасы – маалымат агенттиктери, гезиттер, ал түгүл таптакыр эле душмандашып алган YouTube да жарыялаганына таң калат серепчи Виктория Никифорова. Анын бул туурасындагы макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Россия Батыш үчүн бүгүн тоталдык: саясий, каржылык, санкциялык согуштун полигону сымал. Бардык жактан бөгөт коюп жаткандары аз келгенсип, Россия туурасында өз коомчулугуна карандай калпты айтып жатышканы эбак түшүнүктүү болуп калды.
Британиялык Financial Times "Россияны батыштын жазалоосунун" оор кесепеттери тууралуу Путиндин сөздөрүн тамшана таратууда. Путин бул жөнүндө бүгүнкү каатчылык "россиялык экономикада терең структуралык өзгөрүүлөргө кептеп, жеңил болбостугун, инфляция жана жумушсуздуктун утурумдук өсүшүнө" кептей турганын жашырган эмес.
Анын бул божомолун Bloomberg агенттиги да жарыялады. Бирок аталган эки басылма тең Россия президентинин Батыштан көз карандысыз болуу менен өлкө утушка гана ээ болору туурасындагы ишеничин да белгилөөгө аргасыз.
Путиндин доллар резервдик валюта боло албай турганын, Батыш өлкөлөрү өз дефолтун баштан кечирип жатканы, алардын саясат жана экономикада үстөмдүгүнүн күнү бүткөнү тууралуу айткандарын эч бири чагылдырбаганы түшүнүктүү эмеспи. Ошондой эле батыш өлкөлөрүнүн жарандарына кайрылуусун да эч бири көрсөтпөдү.
Украиналык качкындар Польшадагы чек ара бекетинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа Украинаны сатып кетеби? Ой толгоо
"Азыр сиздерди кыйынчылыктардын баары Россиянын кандайдыр бир касташкан аракеттеринин айынан экенине, ал эми ойдон чыгарылган орус коркунучу менен күрөшкө сиздин чөнтөгүңүздөн төлөө керектигине ынандырууга аракет кылып жатышат.
Мунун баары калп. Ал эми Батышта миллиондогон адам кабылган азыркы көйгөйлөр алардын мамлекеттерин башкарган каймактардын көп жылдык аракеттеринин, катачылыктарынын, алысты көрө албаганы жана дымактарынын натыйжасы экени чындык", – деген эле РФ президенти Владимир Путин.
"Путин саткындарды издөөдө", — деп жазат канадалык CBC. "Путин репрессия жакындаганынан кулак кагыш кылгандай батышка ыктаган россиялыктарга чабуул коёт", — деп байлыгын жоготуудан чочулап, өлкөдөн чыгып кеткен жарандар боюнча президенттин сөздөрүн бурмалап, кайраштырууга аракет кылган New York Times.
Мындай стратегиясын жамааттык Батыш орто классты батышка ыктатууда пайдаланганы менен даңазалуу. Кытайдагы андай аракетинен эч майнап чыккан эмес. Бүгүнкү күндө Россиянын атайын операциясын кытайлыктар колдойт. Азия, Африка, Түштүк Америкадагылар кызыгуу менен көз салат. РФ бүгүн кеоколониалдык батыш үлгүсүнөн ийгиликтүү чыгуунун үлгүсүн элге таасын көрсөтүүдө. Бир жагынан бул – бардык, анын ичинде аскердик каражаттары менен Батышка тайманбай каршылык көрсөтүү. Экинчи тараптан — жаңы турмушту, жаңы экономикалык үлгүнү, дүйнөнүн жаңы тартибин күжүрмөндүк менен түзүү далалаты.
Май куйуучу жайга кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Антироссиялык санкциялар Европанын экономикасын кыйратууда
Украинанын аскер кызматкерлери көчмө зениттик ракеталык комплекси Javelin менен Киевдеги Борисполь аэропортунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын каражаты да, акыркы үлгүдөгү куралы да абалга таасир эте албайт. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0