Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыштын каражаты да, акыркы үлгүдөгү куралы да абалга таасир эте албайт. Сереп

© AFP / SERGEI SUPINSKYУкраинанын аскер кызматкерлери көчмө зениттик ракеталык комплекси Javelin менен Киевдеги Борисполь аэропортунда
Украинанын аскер кызматкерлери көчмө зениттик ракеталык комплекси Javelin менен Киевдеги Борисполь аэропортунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
Батыштын киевдик режимди курал менен улам камсыздап жатышы россиялык курал-жарактын күчүн жана артыкчылыгын, ошондой эле НАТО өлкөлөрүнүн технологиялык жактан артта калганын гана тастыктайт.
Россия украиналык согуштук аракеттер театрында "экинчи Афганистанды" уюштурууга жол бербейт. Атайын операциясын да коюлган максаттарына жетүү менен аяктайт деген ишеничте аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул жолку макаласында ал Украинаны курал менен жабдуу аракеттерине жана Батыштын "тартууларына" мүнөздөмө берген.
Пентагондун стратегдери чоң суммадагы каражат Украинанын америкалыктарга ыктаган өкмөтүнө аскердик дем берерин, ал эми натолук "темир" атайын операциянын жүрүшүндө россиялык жоокерлердин чабуулун жайлатууга мүмкүндүк түзөрүн боолголошот.
16-мартта АКШ президенти Жозеф Байден Украинага бул аптада 1 млрд. доллар көлөмүндө америкалык аскердик көмөк көрсөтүү жөнүндө билдирди. Андан мурунку күнү эле Байден Киевге 13,6 млрд. долларлык аскердик жардам пакетине кол койгон.
Жакын арада Ак үй киевдик режимге 800 Stinger көчмө зениттик ракеталык комплексин, 2000 Javelin танкка каршы ракеталык тутумун, 6000 AT-4 танкка каршы системасын, 7000 ок атуучу бирдик (анын ичинде 5000 винтовка, 400 пулемёт, 400 дробовик), 20 млн. патрон, танк жана башка зооттолгон техникаларды талкалоочу дагы 100 Switchblade-600 сокку уруучу (тоскоолдук жаратуучу, бир жолку пайдаланылчу) учкучсуз берүүнү пландайт. Кыязы эки президент – Байден менен Зеленский Россия менен акыркы украиналык солдат калгыча салгылашууга белсенген көрүнөт.
Россиялык күчтөрдүн кургакта да, деңизде да, абада да аскердик жана технологиялык артыкчылыгы жогору экени талашсыз. Украина Куралдуу күчтөрү операциянын алгачкы күнүнөн тарта аргасыздан коргонуп жана чегинүүдө. Аскердик башкаруу пунктулары, арсенал, аэродромдору, Аскер-аба күчтөрү, Аскер-деңиз күчтөрү жана Абадан коргонуу тутумунун күч, каражаттары жана зооттолгон техникасынын 80 пайызы иштен чыгып же жок кылынган. Кургактагы күч бөлүктөрү россиялык авиациянын соккулары менен жерге басырылып же шаардын кичирайондорунда жашынып турушат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстагы ири ыкчам тобу курчалып, 70 миңдин тегерегиндеги аскер кызматкеринин тагдыры аныкталып калды. Мариуполь курчоосу (айлампасы) дээрлик жок кылынды. Чернигова гарнизонунун танк бригадасы бөгөттөлүп, Киев тарапка жыла албайт. Украина Куралдуу күчтөрүнүн дээрлик бардык ири гарнизондорунун абалы азыр ушундай.
Россиялык күчтөр Украинанын бүт аймагындагы – Киевден Николаевге чейин жана Харьковдон Львовго чейинки аскердик объектилерине ракеталык, бомбалык, артиллериялык таамай сокку урууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан берилген маалыматтар чындыкка караандабайт.
Яворов полигонундагы аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Яворов полигонуна урулган сокку. РФтин НАТО менен Пентагонго соңку эскертүүсү
Украинадагы россиялык операциянын алгачкы 20 суткасында эле батыш куралдарынын күчү жөнүндөгү кептер ашкере апыртылганы түшүнүктүү болгон. Түркиялык "Байрактар-ТБ2нин" аброю кетти. Алар даана байкалган бута болуп, россиялык Абадан коргонуу тутумунун каражаттары аларды дээрлик күн сайын атып түшүрүүдө.
24-февралдан тарта Украина Куралдуу күчтөрүнүн 123 учкучсузу жок кылынды. Карабах жаңжалынан айырмаланып Украинадагы түркиялык "Байрактардын" ийгиликтүү пайдаланышы тууралуу сүрөттөр азыр желеде жок.
Кеңири жарнамаланган "Жавелиндер" да россиялык Т-72 жана Т-80 танктарынын зоотунан ок өткөрө албай туру. Киевдин четиндеги кармаштарда россиялык десанттар көп сандагы пайдаланыла элек Javelin жана британиялык NLAW танкка каршы комплекстерин басып алышты.
Javelin танкка каршы ракеталык тутуму – өтө татаал комплекс, атайын даярдыкты талап кылып, инструкциясы ракета коё берер алдындагы 50 секунда ичинде эле сегиз операцияны талап кылат. Аскерге жаңы кабыл алынгандардын "Жавелиндерди" колдонушу мүмкүн эмес.
Американын жардамына камтыла турган Switchblade-600 бир жолу колдонулуучу танк талкалоочу учкучсузу согуш шартында сынала элек. Бирок АКШ Конгрессинде бул аппараттын Украинага берилип-берилбеси азырынча талкуулана элек.
Stinger көчмө зениттик ракеталык комплекстери Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн учак жана тик учактарын "жерге түшүрүүгө" көп учурда жөндөмсүз. Маселен, чабуулчу Су-25тин кыймылдаткычына таамай тийгенде да түшүрө алган эмес.
Starstreak көчмө зениттик ракеталык комплексин (7000 метрге чейинки аралыкка багытталган "Стингердин" аналогу) Украинага берүү боюнча Британиянын жаңы чечими деле жагдайды өзгөртө албайт. Аталган комплекс да атайын даярдыкты талап кылат. Украинанын Куралдуу күчтөрүндө ага убакыт да жок. Мындан тышкары майданда Starstreak көзгө даана уруна турган бута болгондуктан ийгиликти арттырары арсар.
Ак үй Кошмо штаттар "украиналыктарга абадан коргонуу тутумунун ыраак аралыкка багытталган кошумча каражаттары зарыл экенин аныктап, жардам берип жатканын" билдирди. Буга украиналык адистер атайын окуудан өтүшкөн. Ошондой эле абадан коргонуу системасы үчүн кошумча ок-дары да берилмекчи. Кеп Болгария, Словакиянын куралдуу күчтөрүндөгү советтик С-300 комплекстери туурасында. Америкалыктар чыгыш европалык союздаштарына бул жоготууларынын ордун толуктап жана 24-мартта өтө турган НАТОнун кезексиз саммитинде келишимдин мыйзамдуулугу жөнүндөгү көйгөйдү чечип берүүнү убада кылууда.
Cold Response 2022 машыгууларына Норвегияга жеткирилген аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Cold Response 2022 машыгуулары. НАТОнун кырдаалды курчутууга кезектеги кадамы
Словакиянын алдын ала макулдугун алышкан. С-300 зениттик ракеталык комплексинин заманбап модификациялары 350 чакырымга чейинки аралыктан бутасын жок кылат.
Америкалык CNN каналы Пентагондогу аты аталбаган булагына шилтеме кылуу менен АКШнын Киевге советтик өндүрүштөгү абадан коргонуу системаларын берүүгө даярдыгын кабарлады. Атап айтканда, Греция, Болгария, Словакиядан – С-300ПМУ, АКШдан – С-300В, Финляндия менен Грузиядан – орточо аралыктагы "Бук-М1", Болгария, Греция, Грузия, Польшадан "Оса" зениттик ракеталык комплексинин модификациялары жөнөтүлүшү күтүлөт.
Кандай болгон учурда да Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн көз кырындагы украиналык территориядагы абадан коргонуу тутумдарынын эскилиги жеткен комплекстери эки суткадан ашык турбайт.
Британия коңшулаш Польшада акыркы үлгүдөгү Sky Sabre абадан коргонуу тутумунун комплексин жана 100 аскердик адисти жайгаштырууда.
Sky Sabre зениттик ракеталык комплекси – европалык MBDA (Франция, Улуу Британия, Италия жана Германиянын Израиль менен кызматташтыктагы) холдингинин өндүрүмү. Sky Sabre майнаптуулугу жагынан советтик С-300гө да караандабай турганын белгилей кетели. Натолук зениттик ракеталык комплекс 120 чакырымга чейинки аралыктан бутасын таап, теориялык жактан 60 чакырым аралыктан, 1.000 метрден 25.000 метрге чейинки бийиктиктен жок кыла алары айтылат. Демек, бул Sky Sabre 1 чакырым бийиктиктен жапыз (канаттуу ракеталарын) буталарын көрбөй, Польшанын территориясынан чек арадан 80 чакырымга жакын аралыктагы Львов гарнизонун да коргой албастыгын туюндурат.
Жакындагы эле өз жарандарына кайрылган президент Байден: "Сиздерге чындыкты айткым келет: бул узак жана оор күрөш болушу мүмкүн. Бирок америкалык калк Украина элин колдоодо кебелбес болот". Ошол эле күнү эл өкүлдөр палатасынын мүчөсү Билл Китинг (Массачусетс штатынан) Чет өлкөлөр боюнча комитет Европада "аскер күчүн пайдаланууга уруксат ишин карай турганын" билдирди.
Кантсе да Россиянын сокку уруучу авиациясы жана абадан коргонуу тутуму өткөн суткада украиналык Ми-24 жана Ми-8 тик учактарын, ошондой эле 12 учкучсузун атып түшүрүп, Украина Куралдуу күчтөрүнүн 11 зениттик ракеталык комплексин, анын ичинде С-300 дивизионун жок кылды. Ровен облусундагы ок-дары кампасы да өзүнчө бутага айланды. Мында "Точка-У" комплекси үчүн ракеталар сакталган.
РФтин душмандын абадан коргонуу тутумдарынын "башын айланткан" россиялык "Искандерлери", танкка каршы акыркы үлгүдөгү Ка-52 тик учактары, Х-101 таамай канаттуу ракеталары, каршылаш тарапты бура бастырбаган гипер үндүү "Циркондору", суу түбүндөгү жаңы атомдук ракета ташуучулары жана башка жогорку технологиялык аргументтери Вашингтон жана Брюсселдегилердин кайнаган канын суутуп коё алат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
НАТОнун аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Украина өзүн ээлеп алгысы келген НАТОго кирбейт. Талдоо
Жаңылыктар түрмөгү
0