Камбаралы Бобуловдун кызы: атам биринчи никедеги балдары менен катышпай өкүнсө керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгиленген адабиятчы, сынчы Камбаралы Бобуловдын кызы Назгүл Бобулова
Белгиленген адабиятчы, сынчы Камбаралы Бобуловдын кызы Назгүл Бобулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
Жакында эле 85 жылдыгы белгиленген адабиятчы, сынчы Камбаралы Бобулов убагында кыргыз тилинин макамы, улуттун ар намысы тууралуу далай макала жазып, жогорку трибунадан көп маселелерди көтөргөн. Ал кишинин адабияттагы сыны менен махабат ырларынын өз орду бар.
Sputnik Кыргызстан редакциясында сынчы, адабиятчы, прозачы, легендарлуу парламенттин депутаты Камбаралы Бобуловдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылдык. Ал үчүн бизде мейманда залкар инсандын кызы Назгүл Бобулова болду.
— Агайдын бала чагы согуш жылдарына туш келген экен...
— Атам Ноокат районунун Өсөр айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, өскөн. Чоң энебиз абдан билимдүү, анан динди карманган аял болуптур. Ал киши уулуна кичинесинен эле жазганды, окуганды үйрөтүп, “менин балам билимдүү болот” деп көп айтчу экен. Атам алты жашынан мектепке барган. Бала кези согуш жылдарына туш келгендиктен кыйын эле өтсө керек. Эс акылыбыз кирип калган кезде кечки тамакты ичип отуруп: “ээ, кызым, силер бактылуу балдарсыңар. Баары бар, заманыңар тынч. Биз кичинебизде бут кийимге жетпей же тамакка тойбой кыйналганбыз” деп айтып калчу. Кийин кыргыз филология факультетин бүткөн соң эмгек жолун “Ала-Тоо” журналында баштаган. Студенттик жылдарында эле колуна калем кармаган экен. 1966-жылы “Кыргыз прозасындагы салттык жана новатордук көйгөйлөр” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.
— Ал кишинин сынчылык да өнөрү болгон. Ата-энеси тууралуу айтып бериңизчи. Жогоруда апасы абдан билимдүү болгондугун айттыңыз. Мүмкүн ал кишилердин адабиятка жакындыгы бардыр...
— Ата-энесинин адабиятка жакындыгынан кабарым жок. Бирок чоң энем билимге басым жасаган, кол өнөрчүлүктү мыкты билген аял болгон. Ноокатта кыз-келиндер арасында өткөн килем токуу таймашында биринчи орунду бербептир.
© Фото / из семейного архива БобуловыхНазгүл Бобулова: атам жумшак адам болчу. Өзгөчө апам экөөбүзгө ушундай назик мамиле жасачу. Үч уулдан кийинки жалгыз кыз болгонгобу, мени аябай эркелетти.
Известный писатель и критик Камбаралы Бобулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Назгүл Бобулова: атам жумшак адам болчу. Өзгөчө апам экөөбүзгө ушундай назик мамиле жасачу. Үч уулдан кийинки жалгыз кыз болгонгобу, мени аябай эркелетти.
— Сыртынан караганда абдан сүрдүү көрүнчү экен. Негизи мүнөзү кандай эле?
— Атам жумшак адам болчу. Өзгөчө апам экөөбүзгө ушундай назик мамиле жасачу. Үч уулдан кийинки жалгыз кыз болгонгобу, мени аябай эркелетти. Туугандарынан эч нерсесин аябай, колунан келгенин жасап турду. Бирок байкелеримди өтө катуу кармады. Кээде аларды урушуп алып, кейип, өкүнүп калчу. Негизинен атамдын жан дүйнөсү абдан назик, баарын жүрөгүнө жакын кабыл алган, жаралуу адам эле.
— Чыгармачыл чөйрөдө, кийин саясатта жүрдү. Бул эки тармакта тең атаандаштык, бут тосуу көп болот эмеспи. Жумуштагы көңүл чөгөргөн жагдайларды үйгө келип бөлүшчү беле?
— Жок, атам жумуш менен үйдү аралаштырчу эмес. Трибунада бакылдап катуу сүйлөгөн Бобулов үйүндө деле ошол деп ойлошчу, бирок андай эмес эле. Баарына көзү жетип турчу. Биздин үй-бүлөдө авторитардык башкаруу болуп, ал кишинин сөзү мыйзам эле. Үйгө саясатчылардан Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов көп келчү. Ал эми жазуучулардан Эрнис Турсунов тез-тез каттачу. Ал кезде кичине болуп калдым, бирок конок көп тосчубуз. Жумасына эки жолу апам мейманга дасторкон жайып, даярданып эле жатчу. Ал эми атам кызматтагы киши болгондуктан кечинде жумуштан келип, конок менен конок болуп отурчу. Үйдөгү жумуштар менен көп деле иши жок эле.
— Апаңыз менен атаңыздын мамилеси, таанышып баш кошуп калышы тууралуу сурагым келип турат...
— Апам атамдан 11 жаш кичүү эле. Атам биринчи турмушу менен ажырашып, жети жылдан кийин апама кезигип, анан экөө үйлөнүшкөн. Апабыз жолдошунун мүнөзүнө, чыгармачылык түйшүгүнө карабай (чыгармачыл адамдар кичине кызык келишет — Н. Бобулова) баарына түшүнүү менен мамиле кылып жашады. Азыр ойлосом, атамдын табиятына ыңгайлашып, колдоп, дем берип турган жубай болуптур. Апамдын айтымында, атам мен төрөлгөндөн кийин гана жумшарган экен. “Жаш кезинде “ай, Камбар, мындай кылалы, антели” десем такыр укпай, көгөрүп эле өзүнүкүн берчү эмес. Анан сен төрөлгөндөн кийин гана башкача болуп өзгөрдү” дечү апам.
© Sputnik / Табылды КадырбековНазгүл Бобулова: атамдын жан дүйнөсү абдан назик, баарын жүрөгүнө жакын кабыл алган, жаралуу адам эле
Дочь известного писателя и критика Назгуль Бобулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Назгүл Бобулова: атамдын жан дүйнөсү абдан назик, баарын жүрөгүнө жакын кабыл алган, жаралуу адам эле
— Чыгармалары менен тааныштыңыз беле?
— Ооба.
— Эмне өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?
— “Армандуу биздин балалык” деген ырында түйшүктүү бала чагын чагылдырган. Ырларын окуп келсең, мекенчилдик, патриоттук сезим күчтүү берилген. Атам Ысык-Көлдү өзгөчө жакшы көрчү. Негизи Көлгө көп барчубуз. Сууда да жакшы сүзчү. Ысык-Көлгө арнаган ырлары да көп эле. Анан эне темасына өтө көп кайрылчу. Апасын абдан ардактап сыйлаптыр.
— Жашоодо башка дагы кандай өнөрлөрү бар эле?
— Башка өнөрү деле жок болчу, бирок абдан шашма, так жүргөн киши эле. Бир жерге чакырылган убактан бир мүнөт кечикпей барчу. Атам менен өтө эле сый мамиледе болдук. Кандайдыр бир сураныч, кайрылуу болуп калса апамдан айттырчубуз. Экөө кеңешип, анан жообун апама айтчу же кабинетине чакырып, отургузуп алып түшүндүрүп берчү. Балдары менен сый болууну каалаганбы, айтор, ушундай мамиледе жашадык. Мен төрөлгөндө атам 44 жашта экен. 16 жашка толгонумда 60ка чыкты. Окууну бүтүп жатканда мен юриспруденция жаатында билим алууну кааладым. Анан атам “Билесиңби, кызым, биздин тукумдан белгилүү, кыйын юристтер деле чыккан эмес. Бирок филология тармагында атаңдын өз орду бар. Ушул тармакка эле тапшырбайсыңбы?” дегенде болбой койдум. Мүмкүн ошол убакта юристтер заманбап адис катары каралып жатса керек. Убакыттын өтүшү менен журналистикага жакын экенимди байкадым. Ошондо атамдын кеңешин укпаганыма өкүнүп калдым.
— Атаңыздын “Лалахан казалдары” өңдүү сүйүү ырларын окуганда апаңыз кызганчу эмес беле?
— Атамды акын катары түшүнүү менен кабыл алган да. Кээде атамдын кол жазмаларын чогултуп, ырларын апам машинага басып берчү.
© Фото / из семейного архива БобуловыхНазгүл Бобулова: апам атамдан 11 жаш кичүү эле. Апабыз жолдошунун мүнөзүнө, чыгармачылык түйшүгүнө карабай баарына түшүнүү менен мамиле кылып жашады
Известный писатель и критик Камбаралы Бобулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Назгүл Бобулова: апам атамдан 11 жаш кичүү эле. Апабыз жолдошунун мүнөзүнө, чыгармачылык түйшүгүнө карабай баарына түшүнүү менен мамиле кылып жашады
— Атаңыздын биринчи үй-бүлөсү тууралуу укчу белеңиз же бул жабык тема беле?
— Атамдын биринчи үй-бүлөсү тууралуу 18 жашымда билдим. Мага апам менен таенем айткан. “Ошол аялы менен ажырашып, үч баласы менен да катташпай жүрөт” дегендерин уккам. Бирок мен аны кадимки эле турмуш катары кабыл алдым.
— Ал бир туугандарыңыз менен азыр катташасыздарбы?
— Жамандык, жакшылыкта улуу баласы Бакыт менен гана көрүшүп калабыз. Бирок жакындан сүйлөшүп, катышпайбыз.
— Жакында эле Камбаралы агайдын 85 жылдыгы белгиленди. Ал кишинин чыгармачылыгын, атын унуткарбай жаштарга таанытууда кандай иштер жасалууда?
— Атам 67 жашында эле бул дүйнө менен кош айтышты. Апамдын демилгеси менен 70 жылдыгын өткөрдүк. Борбордогу Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги биз жашаган үйгө мемориалдык тактасы илинген. Эскерүү кечеси Кыргыз драма театрында өткөн. Кийин 75 жылдыгында жолдошум экөөбүз жакындан тааныгандарды, чыгармачыл инсандарды, туугандарды чакырып куран окутуп, атабызды эскердик. Ошондон кийин эле апам каза болуп калды. Анан 80 жылдыгында жалпы бир туугандар акча чогултуп, мамлекеттин демилгеси менен мааракеси өттү. Ошондо Көк-Жардагы №88 мектепке Камбаралы Бобуловдун аты берилген. Ал эми 85 жылдыгын өзүм көтөрүп, бир туугандар менен өткөрдүк. Ата-энени эскерүү балдардын милдети экен. Атамды жакындан жакшы билген инсандарды, Медеткан Шеримкулов баштаган легендарлуу парламенттин өкүлдөрүн чакыргам. Камбаралы Бобуловдун беш томдук китебин да чыгардык.
© Sputnik / Табылды КадырбековНазгүл Бобулова: атамдын биринчи үй-бүлөсү тууралуу 18 жашымда билдим. Бирок мен аны кадимки эле турмуш катары кабыл алдым
Дочь известного писателя и критика Назгуль Бобулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Назгүл Бобулова: атамдын биринчи үй-бүлөсү тууралуу 18 жашымда билдим. Бирок мен аны кадимки эле турмуш катары кабыл алдым
— Атаңыз өмүрүнүн акырында эмне иштер менен алек болуп жүрдү?
— Ал киши акыркы кезде “Кыргыз тили“ коомунун жетекчиси болуп иштеп турган. Эми ойлосом, эне тилинин келечегине жан үрөп, кейип, кайгырып жүргөн кези экен. Ошондо 21 жашта элем. Жаштыгым менен көп маани бербепмин. Депутат кезинде трибунага чыгып тил маселесин көп айтчу. “Кыргыз Туусу” өңдүү гезиттерге да бир катар макалаларын жазды. Бир жолу жумуштан келип, “кызым, сен кийин турмушка чыкканда фамилияңды эч качан алмаштырбагының. Себеби ал белгилүү фамилия болот” деди. Ошондо эле кыргыз тилинин өнүгүшүнө жасаган эмгеги кийин айтыларын сезсе керек.
— Силерге кандайдыр бир чектөө койчу беле?
— Тил жагынан талап бар болчу. Байкелерим болсо Советтер Союзу маалында окуп, орусча билим алышты. Мени атайын кыргызча окутуп, №68 мектепке берди. Үйгө келгенде мага бир суроо берсе, орусча жооп берсем “түшүнбөйм, мага кыргызча сүйлө” дечү. Анан коноктор келгенде мени кыргызча тост айттырып, тилге басым жасачу. Эгемен өлкөдө эне тилдин статусу баары бир көтөрүлүп, жаштарга керек экенин билиптир. Азыр мамлекеттик кызматкер катары тилди жакшы билем. Билими, тажрыйбасы мол сот, юрист тааныштарым бар. Кызматтык даражасы эмнеге төмөн болуп калганын сурасам, эне тилди билбегендиктен деп жооп беришет. Азыр тилдин статусу мурункуга караганда көтөрүлүп калган. Талап бар.
Ал эми тартип жагынан апабыз эле бизди тууралап койчу. Өзгөчө мени абдан катуу кармады. Анткени атам кызматтык иштер менен жүрүп, бала тарбиялоо милдети көбүнчө апама жүктөлгөн.
© Фото / из семейного архива БобуловыхНазгүл Бобулова: ата-энем жакшы турмушту, балдарынын жакшылыгын көргөн бактылуу кишилер. Болгону биринчи турмушундагы балдары менен катташпай калганын өкүт кылды го
Известный писатель и критик Камбаралы Бобулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Назгүл Бобулова: ата-энем жакшы турмушту, балдарынын жакшылыгын көргөн бактылуу кишилер. Болгону биринчи турмушундагы балдары менен катташпай калганын өкүт кылды го
— Атаңыздын ишке ашпай калган максаты, өкүтү болдубу?
— Ата-энем жакшы турмушту, балдарынын жакшылыгын көргөн бактылуу кишилер. Менимче, саясатка, жумушуна карата эч кандай деле арманы болбосо керек. Болгону биринчи турмушундагы балдары менен катташпай калганын өкүт кылды го.
— Азыр адабий сын аксап турат. Мунун кедергиси адабияттын өнүгүшүнө тийбей койбойт. Сизге атаңыздын бул тармактагы орду жоктолобу?
— Мен бул жаатта так айта албайт экенмин. Бирок апам “кезинде атаңдын адабияттагы дараметин жакшы эле байкап калгам. Ал Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев менен тең ата сүйлөшүп отурса таң калчумун. Көрсө, бу кишинин сынчылдыгына баа берип, өздөрүнө кошуп алышчу экен” деп айтып калар эле. Абдыганы Эркебаев менен Осмонакун Ибраимов атама шакирт болду.
— Балдарынан агайдын жолун жолдоочулар чыккан жокпу?
— Балдарынан, неберелеринен деле чыккан жок. Туугандарынан деле атамдын деңгээлине жеткендери болбоду. Анткени баары эле мындай боло бербейт экен. Мүмкүн кийинки урпактарынан чыгып калар. Ал эми байкелерим башка тармакта, өз кесиптери менен татыктуу иштеп жүрүшөт. Өзүм Жогорку Кеңештин аппаратында юрист болуп эмгектенем. Учурда экинчи жогорку билимимди алуу үчүн Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында окуп жатам. Эки балам бар. Балдарымдын деле кесиби адабияттан алыс.
Геология, минерология илимдеринин доктору, профессор, залкар инсандын уулу Кулубек Бөкөнбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу: атам апамды "Тентибайым" деп катуу сүйүптүр
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун кызы, Жогорку Кеңештин II, V чакырылыштын депутаты, коомдук ишмер Роза Акназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Корчубек Акназаровдун кызы Роза Акназарова: атамдын эмгегин эл эмгиче аңыз кылат
Жаңылыктар түрмөгү
0