Корчубек Акназаровдун кызы Роза Акназарова: атамдын эмгегин эл эмгиче аңыз кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун кызы, Жогорку Кеңештин II, V чакырылыштын депутаты, коомдук ишмер Роза Акназарова
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун кызы, Жогорку Кеңештин II, V чакырылыштын депутаты, коомдук ишмер Роза Акназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаров 2019-жылы 1-февралда 97 жаш курагында каза болгон.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында конокто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун кызы, Жогорку Кеңештин II, V чакырылыштын депутаты, коомдук ишмер Роза Акназарова болду. Биз улуу инсандын өмүрү, саясий жолу тууралуу баарлаштык.
— Корчубек Акназаров атабыз көптөгөн жылдар бою республиканын бир катар райондорунда жетекчилик кызматтарда иштеп, эмгегин калтырган инсан. Ал эми балалык изи каякта калып, кандай өттү болду экен?
— Атам бала чагы, иштеген иши тууралуу "Өмүрдөгү ак жол" деген китебинде жазып кеткен. Ал киши 1922-жылы Таластын Бакай-Ата районундагы Улуу Октябрь айылында (азыр Акназаров айыл өкмөтү — ред.) туулган. Он жашка чыкканда атасы ооруп калат. Ачкачылыктан улам чоң энем, атам, анан карындашы болуп Кетмен-Төбө жакта чөптүн тамырларын казып жеп, бир жарым ай жашап калышат. Бир күнү карындашы экөө энесинин чөнтөгүнөн бир жүгөрү таап алып, аны отко кактап бөлүп жешкен экен. Ошонун даамы оозунда калганын айтып калчу.
Кийин кайтып келишсе үйүндөгү атасы да, карындашы да каза болуп калат. Ошентип атам элдин малын багышып жүрүп, бир күнү балдар үйүнө жетимдерди кабыл алып жатканын угат. Анан улуу карындашы апасы менен калып, кичүүсүн өзү менен жетелеп жетимдер үйүнө кирет. Барганда эле экөөнү эки жакка бөлүп салышыптыр. Атам Ошко кетсе, карындашы Бишкекте калган. Ошентип жүрүп атам эрте эле эки карындашынан, атасынан жана оорудан улам апасынан да айрылат.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАРоза Акназарова: атам сегиз баласын чогултуп алып, жумасына бир ирет бала чагын, согуш тууралуу айтып берчү эле
Ветеран войны, Герой Социалистического труда Корчубек Акназаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
АРоза Акназарова: атам сегиз баласын чогултуп алып, жумасына бир ирет бала чагын, согуш тууралуу айтып берчү эле
— Согушка да катышып, кан кечип келген экен...
— Атам сегиз баласын чогултуп алып, жумасына бир ирет бала чагын, согуш тууралуу айтып берчү эле. Согушка 1943-жылы барып, 1946-жылга чейин болот. Башында ат менен снаряд ташып жүрөт. Бир күнү командирине "туугандарым сураса, "снаряд ташып жүрөм" деп айтамбы? Мени качан согушка жумшайсыңар", — деп катуу айткандан кийин согуш талаасына, болгондо да аскерлердин алдыңкы сабына жиберген экен. Ал жактан да өзүн жакшы көрсөтүп, гезитке чыгып турган. Кан күйгөн согушта да ыр жазып, сүрөт тартыптыр. Анда да бир нече ирет өлүмдөн калганын айтчу. Бир жолу досу экөө окоп казып бүткөн соң атам "суу ичип келейин" деп барып, жээкте кичине уктап кетет. Анан эле жолдошторунун "Корчубек, жашын окопко!" деп кыйкырган үндөрүн угуп ойгонсо, снаряддар жарылып баштаган экен. Эптеп жөрмөлөп келип окопко жетпей, бир аңдын ичине жатып калат. Бомбалоо аяктаган соң аскерлер чогулуп, жанындагы жолдошун эстеп издеп барышса бая казган окопту снаряддар жер менен жексен кылып салыптыр. Мындай окуялар көп болгон экен. Жарадар болгондорун да айтып берчү.
— Кийин Жалал-Абад облусунун Чаткал, Базар-Коргон райондорунда эмгектенип, анан Нарында иштеп калган эмеспи. Согуштан кийин дароо эле мамлекеттик кызматтарга алынганбы?
— Атам согуштан кийин дароо эле жети жылдык мектепке завуч болуп кирет. Анан экинчи катчы, 1955-жылы Чаткалда биринчи катчы, Базар-Коргондо экинчи катчы болуп жүрүп, Ак-Талаага биринчи катчы болуп барган. Учак менен көчүп бардык. Анан асмандан ылдый карасак эле Базар-Коргон абдан жашыл, ал эми Ак-Талаанын үстү бозоргон эле топурак экен. Ата-энем баргандан баштап эле элди мобилизациялап, бак-дарак отургузуп, жергиликтүү тургундарды да жер менен иштөөгө үйрөтө башташат. Апам абдан эмгекчил киши болгондуктан жерге эмне айдаса чыга берчү. Анан кошуналарга "жашылча-жемиш айдагыла, өсөт экен" деп билгенинин баарын үйрөттү. Атам элди алып чыгып көчөлөрдүн бойлоруна, мектептин айланасына бак отургузуп чыгышкан. Анан эле эки-үч жылда Ак-Талаа да жашылданып, көзгө толумдуу, сонун болуп калды.
Эмгек күчү жетишпегендиктен бизди, окуучуларды да иштетчү. Мен ошол жактан мектеп босогосун аттадым. Окуп жүргөндө байкелерим, энем болуп баарыбыз сакмалга да барчубуз. Негизи атам иш дегенде ичкен ашын таштап, күнү-түнү жүрчү. Элди да жапырт эмгекке тартты. Ак-Талаада жүргөндө 1965-жылы ата-энем Алмаз аттуу уулдуу болуп, 1966-жылы атам Социалисттик эмгектин баатыры наамын алган. Мен 8-класска чейин Ак-Талаада окудум, анан Жумгалга кеттик. Эки аймак кадимкидей айырмаланып турат экен. Жумгалдын жерин атам "укмуш сонун экен. Бүт баары бышат. Момундай сонун кылып гүлдөтөм" деп план түзүп койгондон эки жыл өтпөй Кочкорго көчүп келдик.
Кочкордо кар жаабайт, жери таштак экен. Эл он центнерден эле эгин алат. Анан атам ташын тердиртип, облустун жерин эгин өстүрүүгө ылайыктайт. Борбордон келгендер "эмне датың бар?" десе, "мына, ташын терип, жерди даярдап койдум, эми суу жок. Канал, скважина салуу керек" дейт. Ошентип Москвадан, Волгограддан алты вагонго керек-жарактарды жүктөтүп келип, Кочкорго 12 чакырым канал салдырат. Муну Кочкор эли ушул күнгө чейин эскеришет экен. Ошол эч нерсе өспөгөн жерден акыры 50 центнерден буудай алууга жетишишкен.
— Сакмалга барчубуз дедиңиз. Муну ал кишинин жеке демилгеси мененби же өзүңүздөр каалаппы?
— Биз мектепте окучубуз да. Анан окуучулар менен кошо чыгып, таш терип, сакмалда иштеп эч бир бөлүнүү жок жүрчүбүз. Эл эмне жасаса, кайда иштесе биздин үй-бүлө да ошону жасадык.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоза Акназарова: окуучулар менен кошо чыгып, таш терип, сакмалда иштеп эч бир бөлүнүү жок жүрчүбүз. Эл эмне жасаса, кайда иштесе биздин үй-бүлө да ошону жасадык
Общественный деятель, депутат Жогорку Кенеша II и V созывов Роза Акназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Роза Акназарова: окуучулар менен кошо чыгып, таш терип, сакмалда иштеп эч бир бөлүнүү жок жүрчүбүз. Эл эмне жасаса, кайда иштесе биздин үй-бүлө да ошону жасадык
— Ошол кезде мамлекеттин башында Турдакун Усубалиев турган эмес беле. Ал киши атаңызды Жумгалдан Кочкорго которуп, ата конушуна ишенип жиберсе керек?
— Жумгалдын шарты абдан жакшы. Атам он жылда районду гүлдөтүүнү максат кылган. Күтүүсүздөн борборго чакырып эле дароо Кочкорго которуп койгондо атамдын маанайы түшүп калат. Шаардан Тойгонбаев деген дагы бир жетекчиге жолугуп, иштин жайын айтса: "ой, эмне маанайыңды түшүрөсүң. Москвада деле татаал, какыраган шарты оор райондорго "гүлдөтсүн" деп кыйын кадрларын жиберет. Бизде Кочкор кар жаабаган, шарты оор район. Сени атайын жиберип жатпайбы" деген экен. Районду оңдойт деген ойдо жиберсе керек.
— Жетекчинин кызы катары убагында артыкчылыктарга ээ болуп, эркелеп өстүңүзбү?
— Апабыз абдан катуу кармачу. Ал киши "сегиз баласыңар, сарамжалдуу болгула. Силерди багам деп атаңар күнү-түнү иштеп жүрөт" деп айтар эле. Бирок уруп-согуу көргөн жокпуз. Бир аз бейбаштык кылсак, "бүгүн келгенде атаңарга айтып койбосом" десе эле коркуп калчубуз. Атам деле урушчу эмес, бирок эскертүү албоого аракет кылчубуз.
— "Балам, балалуу болгондо билесиң" дейт. Сиз деле атаңыз баскан жолдун бир катарын басып, бала-бакыралуу болдуңуз. Ал кишиге ата, жолдош, адам катары сыпаттама бере аласызбы?
— Атам жумушта принципиалдуу, талапты катуу коё билчү. Бирок үйдө жумшак эле. Энебизди урушуп, уруп же катуу сүйлөгөнүн көргөн жокпуз. Экөө бири-бирине абдан аяр мамиле жасачу. Мүмкүн өзүнчө урушушкандыр, бирок бизге көрсөткөн жок. Атабызды келе жатат дегенде, апабыз оозун акырын боёп, өзү да, бизди да татынакай кийинтип тосуп алчу. Анан гезит-журналды алдына даярдап, керектүүлөрүн кызыл менен сызып койчу. Апам өзү мектепти жалаң бешке окуп, бирок жогорку окуу жайынан окубай калган. Ошол себептен баарыбыздын жогорку билим алуубузду каалачу. Мектепте окуп жүргөндө бир агайыбыз атайын эле мага "2" коюп, "атаңдан тизмеден чыгып калган машина сура" деди. Мен да принципке туруп сурабай койдум. Тырышып мыкты окуп, стипендия алчумун да. "Атабыз жетим болсо да, өз күчү менен ушул деңгээлге жетсе, ага шек келтирбешибиз керек" деп дайым аракет кылчу элек.
Үйдө чектөө менен тарбияландык да, анан чоңоюп сыртка чыкканда баары андай эмес экенин көрдүк. Ошондон улам "бизди деле урдаганга, калп айтканга үйрөтсөңөр болмок" деп тамашалап күлүп калчу элек.
— Атаңыздын дагы кандай өнөрлөрү бар эле...
— Апабыз да, атабыз да ыр жазчу. Ак-Талаа менен коштошуп көчүп кетип жатканда, атам эл алдында туруп төгүп ырдап элди таң калтырган. Энебиздин куюлуштурган сөзмөрлүгү, төкмөлүгү да бар эле. Ал киши ынтымакты көп оозанчу.
— Корчубек атабыз эгемендикти алгандан кийин да саясий-коомдук иштерге активдүү аралашып жүрдү да...
© Фото / из семейного архива АкназаровыхРоза Акназарова: атам жумушта принципиалдуу, талапты катуу коё билчү. Бирок үйдө жумшак эле. Энебизди урушуп, уруп же катуу сүйлөгөнүн көргөн жокпуз. Экөө бири-бирине абдан аяр мамиле жасачу
Ветеран войны, Герой Социалистического труда Корчубек Акназаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Роза Акназарова: атам жумушта принципиалдуу, талапты катуу коё билчү. Бирок үйдө жумшак эле. Энебизди урушуп, уруп же катуу сүйлөгөнүн көргөн жокпуз. Экөө бири-бирине абдан аяр мамиле жасачу
— Ооба, атам легендарлуу парламенттин депутаты болду. Андан кийин да коомдук иштерге аралашып, китеп да жазды. Кийин көзү жакшы көрбөй калып, көп иштерден оолактап калган. Өмүрүнүн акырына чейин эле эмгектенип өттү.
Мамлекеттик системаны өзгөртүү боюнча бир топ сунуштарын берип, макалаларын жарыялап турган. Ал "мамлекеттик кызматтардын бир тобун кыскартуу керек" деген ойду карманчу. Бирок убагында эмгеги менен өзүнүн алдыга койгон максаттарын толук ишке ашыра алды деп ойлойм. Акыркы учурда "Кыргызстандын эгемендүүлүгүн сактап калсак экен, саясий туура багытка түшөр бекенбиз" деп санааркай жашады. Эгер туура саясат жүргүзө алсак, Кыргызстан Борбордук Азиядагы мыкты өлкө болоруна ишенчү. Элдин баарын иш менен камсыздоого мүмкүнчүлүк кенен экенин айтчу. Макалаларында кадрларды жакшы даярдап жана экспорт иштеринде бал өстүрүүнү колго алып, аны Японияга сатуу жолдорун көргөзүп берчү. Атам өсө турган кадрларды сезе билген сапаты бар эле. Ак-Талаадан чыккан Мукаш Базаркуловду, генерал Жээналиевди өстүргөн.
Атам өз өмүрүн уламыш катары калтырып кеткен адам. Ал эмгектенип кеткен райондун кайсы жерине барбайын, анын жасаган ишин тамшанып айтышат.
Атам дайыма резинка өтүгүн жанына салып алчу, бир ирет түнү талаага барса, фонардын жарыгы бир жерде эле бүлбүлдөйт дейт. Жакын барып караса, сугатчы фонаригин эшекке байлап коюп уктап жатыптыр.
Күнү-түнү ушинтип карапайым калк менен кошо жеңин түрө иштечү. Борбордон келген агроном, илимпоздорго ар бир жердин кыртышын илимий негизде далилдеп айтып бере алчу.
Дочь известного акына-имправизатора Элмирбека Иманалиева, телеведущая Айзуура Иманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Элмирбек акындын кызы Айзуура: атам менен апама берчү суроолорум жоопсуз калды...
— Сиздин саясий карьераңызга ал кишинин жардамы тийдиби?
— Министр болушума атамдын түздөн-түз таасири тийбесе да ушул жолго түшүшүмө жол көрсөткөн. 2000-жылы аялдар түзгөн партия аркылуу шайлоого катыштым. Ошондо атамдын кадырын сездим. Анын эмгегинин аркасында "ушул кишинин кызы" деген ишеним менен добушту абдан көп алдым. "Ата, рахмат! Сиздин аркаңыз менен Кочкордон, Ак-Талаадан эң көп добуш алдым" десем, "жок-жок кызым, бул өз эмгегиң" деди. Бирок мен ал кишинин кадыры менен депутат болгонумду туйдум. Баары бир эле жаманбы-жакшыбы балага атанын таасири тийбей койбойт. Бирок атам биз үчүн чоң кызмат деп чуркаган эмес.
Ушул жерден бир нерсе айтып коёюн. Университетти бүткөнүмдө атам политехникалык окуу жайда референт-катчы болуп иште дегенинен барып ректорго дипломумду берсем, жалаң бешке окуганымды көрүп экономика кафедрасына мугалим кылып алды. Анан атама барып "ата, катчы болуп 10-классты бүткөндөр деле иштейт экен. Мен мугалим болдум. Сиз өмүрүмдө бир жолу жумуш сурап, анда да машинистканын ордун сурадыңыз" десем күлдү.
Ал эми министр болушума да башка себеп бар. Сузакты сел каптаганда 100 күндүн ичинде 1000 үй салынды. Ошол кездеги президент Аскар Акаев аймакты текшерип келип, жасаган иштерге көңүлү толуп чогулушта менин фамилиямды эки-үч жолу атады. Ошондон кийин мени министр катары дайындаган буйрукка кол коюптур. Ал кезде өкмөт башчы Жумабек Ибраимов болчу. Ага барып министр боло албасымды жана жоопкерчиликтен коркуп жатканымды айтсам, "өкмөт башчы болуудан мен коркпогон, сен коркосуңбу" деди. Ушуну менен иштеп калгам. Анан атамды "бул жерде минтип сүйлөп койсун, антип койсун" дешкен учурлары болду. Ошондо атам "кызматтан алса, сени алып коёр. Бирок мен "дүжүр чал" атыккым келбейт. Өзүм туура көргөн нерселерди гана сүйлөйм" деди. Атам туура жүргөн, бир сүйлөгөн адам болчу.
— Бир туугандарыңыз тууралуу айтсаңыз...
— Экинчи эжем пенсияга чыккыча Талас облусунда депутат, спикер, губернатордун жардамчысы болуп жүрдү. Андан кийинки эжем да Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп 30 жыл иштеди. Үчүнчү эжем республикалык ооруканада директор болуп көп жыл эмгектенген. Ал эми сиңдим да англис тилин өз алдынча үйрөнүп, көптөгөн долбоорлорду утуп, бир катар мамлекеттерди кыдырып иштеп жүрдү. Өтө билимдүү кыз, илимдин кандидаты болду. Москвадагы Ломоносов атындагы окуу жайды бүткөн. Иним атамдын айтуусу менен анын жолун жолдоп агроном болгон. Кийин кайра уруксатын алып, бизнеске кетти. Ал да абдан эмгекчил. Кичүү сиңдим да өз кесиби менен жакшынакай иштеп жүрчү, каза болуп калды.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоза Акназарова: атам кичинекей кезибизден эле таң атпай ары-бери басып көнүгүүлөрдү жасачу. Эртең менен гречкага айран катыктап жеп, жылуу суу иччү. Өмүрүнүн аягына чейин ушуну карманды
Общественный деятель, депутат Жогорку Кенеша II и V созывов Роза Акназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Роза Акназарова: атам кичинекей кезибизден эле таң атпай ары-бери басып көнүгүүлөрдү жасачу. Эртең менен гречкага айран катыктап жеп, жылуу суу иччү. Өмүрүнүн аягына чейин ушуну карманды
Атам кичинекей кезибизден эле таң атпай ары-бери басып көнүгүүлөрдү жасачу. Эртең менен гречкага айран катыктап жеп, жылуу суу иччү. Өмүрүнүн аягына чейин ушуну карманды.
— Аял кишинин да үйдө орду чоң эмеспи, апаңыз атаңызга жакшы колдоо көрсөтсө керек.
— Атабыздын ийгилигине апабыздын эмгеги чоң. Атам Чаткалда иштеп жүргөндө "Таласта ушундай кыз бар" деп апамдын дайынын угуп келсе, апам да эч кимге көнбөй жүргөн кези экен. Экөө ошентип тил табышып калса керек. Үйлөнүп, анан Таластан Чаткалга ат менен келишкен экен. Жетим болушса, оокаттары деле жок. Бир көө баскан чайнекти туугандарынын бири кошуп бериптир. Чарчап-чаалыгышып жолдон тыныгышат. Атам уктап ойгонсо, жанында апам жок. Анан эки жакты караса, суунун боюнда баягы чайнекти жалтылдатып жууп отурган экен. Ошондо атам ичинен "ии, буюрса жакшы аял болот экен" дептир.
Энебиз өтө таза киши эле. Ак-Талаада жүргөндө чогулуштарда сүйлөй турган сөзүн атам өзү жазчу да. Кээде түнкү 12:00гө чейин даярданып калчу. Кечки саат 21:00дөн өткөндө энебиз тамагын мискейге куюп алып, бизди ээрчитип барып атамдын курсагын тойгузуп келчү. Дайыма тамактын алдын өзүнчө куюп алып, майлыкка ороп, жылуу камдап коёр эле. Ооруп калса да "Бишкекке барып дарыланып келиңиз" десек, атамды ойлоп барчу эмес. Ал киши үчүн жолдошу баарынан маанилүү эле. Эртең менен кетерде атамдын кийимдерин чыкыйтып үтүктөп кийинтчү. Анан бизге тамак жасагандан баштап түймө түйгөнгө чейин аялзатына тийиштүү иштин баарын үйрөттү. Турмушка чыкса катчынын кыздары эч нерсе билбейт экен дешпесин деп кооптонор эле.
— Атыңыздын жакын достору бар беле?
— Атамдын элдикиндей достору деле жок болчу. Бирок көп жыл катчы болуп иштеген, Сузакта бир үйдө турган Муктар Нургазиев деген досу бар эле. Экөө балдары курсакта кезинде кудалашып коюшат. Кийин сиңдим ал кишинин уулуна турмушка чыгып, ушул күнгө чейин бактылуу жашап жатышат. Досу экөө иштеген кездеги жетекчилерди айтышып, түнү менен сүйлөшүп отурушчу. Эки-үч ай айырма менен каза болушту. Биринчи атам, анан досу кетти.
— Саясатка барарыңызды атаңыз кандай кабыл алды эле?
— Студент кезимде атам "кызым, сен эмгектин баатыры боло албайсың, бирок илимдин доктору болушуң керек" деди. Ошондон кийин да ойлонуп, Москвадан аспирантураны окуп, институтта иштеп, докторлугумду коргодум. Кичинемден эле жакшы кесиптин ээси болсом дечүмүн, бирок министр болуу оюмда жок эле. Энебиз мени дайыма "отурсаң да министрдей отурасың, дагы министрдей отуруп калдыңбы" деп оозуна сала бергендей айта берчү. Кийин министр болгондо "апам көрсө болмок" деп иним сөзүн эстеп жүрдү. Атам мен парламенттик шайлоого барарда "кызым, министр катары эле ишиңди көргөз" деген. Мен деле ошол ойдо болчумун, бирок шарт өзгөрүп кетти. "Аялдардан чыккан лидер болосуң, сен депутат болушуң керек" деп чакырып туруп алышкандан шайлоого катыштым. Ошону менен шайланып келдим.
Кыргыздын чыгаан агартуучусу, коомдук ишмер, окуу китептеринин автору Базаркул Данияровдун небереси Асел Даниярова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Эл агартууга өмүрүн арнап, атылган Базаркул Данияров. Асел Даниярованын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0