Украина өзүн ээлеп алгысы келген НАТОго кирбейт. Талдоо

© REUTERS / INTS KALNINSНАТОнун аскерлери
НАТОнун аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Жазылуу
Украинада россиялык атайын операция жүрүп жатканда да АКШ жана НАТО аталган өлкөнүн аймагына кирип, өз кызыкчылыгы жана максаттарына жараша ийге келтирип алуу аракеттерин токтотуша элек.
НАТОнун Россия менен аскердик тирешине жол берилбестигин оозеки гана белгилеген Вашингтон иш жүзүндө өз аракеттери менен Бухарест, Братислава жана Варшаваны Москва менен түз аскердик конфронтацияга кептеп, Россиянын кескин жооп кайтарышына, акыры НАТОнун Уставынын 5-беренесин кошууга аргасыз кылып, ал эми Түндүк Америка менен Европаны жардан нары карай түртүп барат. Ушундай пикирлерин ортого салган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Кошмо Штаттардын акыркы кездеги кадамдарына баам салган.
АКШ, Германия жана Франция 15-мартта Украинада Россия менен аскердик тирешине жана учушсуз зонага жол берилбестигин расмий түрдө дагы бир ирет билдирди. Алардын чочулаганы – согуштук аракеттердин альянстын өлкөлөрүнүн аймагына жайылуу коркунучу. Бирок ошол эле күнү польшалык вице-премьер Ярослав Качиньский Украинага НАТОнун "кеңири эл аралык курамдагы" куралдуу тынчтык орнотуучу миссиясын жөнөтүүнү сунуштады.
Качиньскийден сырткары, киевдик режимди Польша, Чехия жана Словениянын премьерлери – Матеуш Моравецкий, Петр Фиала жана Янез Янша да колдоду. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов "өзөктүк держава менен коргонуу союзуна" кезенди. Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев бийлигинин көз карашын АКШ аныктай турганын эске салды.
Америкалык президент Жозеф Байден Киевдин аскердик чыгымдарына 1 миллиард доллардан ашуун каражат керектелерин жарыялады. Кечээ ал Украинага суммасы 13,6 миллиард долларлык аскердик жардам топтомуна кол койду. Ак үй Украинага танктарды талкалоого багытталган жаңы Switchblade-600 сокку уруучу учкучсуздарын жеткирүү жагын караштырууда. Баса, булар согуш шартында сынала элек. Мындан улам украиналык президент Владимир Зеленский стратегиясын, атап айтканда, экономиканын кыйрап жана токтоп калганына карабастан аягына чейин согуш жолун туура тандаганына маашырланат. Ошентсе да НАТОнун 70 жылдык тарыхы эбегейсиз бюджет да жеңишке жетүүгө кепилдик бере албасын айгинелеп турат.
Альянстын жакында эле өткөн кеңеши "Украинага аскердик көмөктү кескин түрдө кеңейтүү" жөнүндө макулдашылган чечим кабыл алды. НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кезексиз чогулушу Грузия, Украина, Финляндия, Швециядагы кесиптештеринин катышуусунда 16-мартта өтүп, "чыгыш канатында" позициясын күчөтүүгө арналды.
Жамааттык Батыш Экинчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар жана алааматтын масштабын унуткан өңдүү. Украинада альянстын аскердик интервенциясы технологиялык жактан мүмкүн. Территориясын мурдагыдай эле ээлеп алууга умтулган НАТОго Украина кирбейт. Жагдайды жайгаруу үчүн америкалыктар Россия менен куралдуу жаңжалга европалык союздаштарын аралаштырууну көздөп жатат.
Май куйуучу жайга кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Антироссиялык санкциялар Европанын экономикасын кыйратууда
Альянстын "чыгыш канатында" биринчи жолу 40 миңге чукул жоокерден турган аракет этүү күчтөрү жайгаштырылды. НАТОнун жүз миңдеген колу жогорку аскердик даярдыкта турат. Анын ичинде Аскер-деңиз күчтөрү, Аскер-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу тутумунун коштоосундагы "АКШ Армиясынын Европадагы 100 миң аскери" да бар. Пентагон зооттолгон техникаларды Германиядан Польша менен Румынияга дале жеткирүүдө. Заполярьеде РФ чек араларына жакын НАТОнун Cold Response 2022 ири аскердик машыгуулары өтүп жатат. Ага 30 миң аскер кызматкери, 50 согуштук кеме жана 200 аскердик учак, анын ичинде АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн В-1В Lancer бомбалоочу-ракета ташуучулары да тартылган.
Польшанын Аскер-аба күчтөрүнөн МиГ-29 истребителинен 24 бирдикти Украинага өткөрүүнүн баштапкы планы үзгүлтүккө учураганына карабастан АКШ Чыгыш Европа жана Жакынкы Чыгышта сокку уруучу учактарды, "Бук" зениттик ракеталык комплекстерин жана советтик өндүрүштөгү С-300дү Киевге эки тараптуу режимде, тагыраак альянстын бардык мүчөлөрү менен макулдашпастан жеткирүү жолдорун издөөдө. Америкалыктар тарабынан жактырылган эки тараптуу формат (Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирбинин аныктамасы боюнча "суверендик чечим") 5-берененин "автоматтык" кошулушун кепилдебейт.
Румыниянын Коргоо министрлигинен: "Согуш абалындагы өлкөгө истребитель жеткирүү үчүн НАТОнун уруксатын алуу зарылдыгын" - белгилешет. Муну бүтүндөй альянсты катыштырбай туруп эки тараптуу негизде аткарууга болбойт. "Кызыл чийин" ушул жерден өтөт. 12-мартта РФ Коргоо министрлиги Киевге чет өлкөлүк аскердик жардам колоннасы мыйзамдуу бута болуп саналарын эскерткен.
НАТОнун кезексиз саммити Брюсселде 24-мартта өтмөкчү. Ал дагы АКШнын чыгыш европалык союздаштарына чечкиндүүлүк берип, Россия менен куралдуу жаңжалга дагы бир кадам жакындатышы ыктымал. Пентагондун өкүлү Air Force Magazine журналына билдиргендей, НАТО менен сүйлөшүүлөр анын чыгыш канатында АКШнын туруктуу жайгашуусун кеңейтиши мүмкүн.
1997-жылы Пентагон Молдовада 40 миллион долларга МиГ-29 истребителинен 20 бирдик алганын эске салалы. Акылга сыйбаган аракеттери менен "гегемон" эки фронттогу Россия жана Кытай менен согушка даярдана баштайт. "Баарынан оболу Кытай" деген америкалык стратегия актуалдуулугун жоготту. Анткени Тынч океандын аймагында Пентагондун жоокерлери жана күчтөрүнүн топтолушу Россияга "Европага карай жеңиш жолун" камсыздап берет. АКШнын европалык союздаштары чоң силкинүүлөргө даяр болгону оң.
Cold Response 2022 машыгууларына Норвегияга жеткирилген аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Cold Response 2022 машыгуулары. НАТОнун кырдаалды курчутууга кезектеги кадамы
НАТОнун бириккен күчтөрүнүн башкы командачысы жана АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн Европадагы командачысы Тод Уолтерс Чыгыш Европанын аскердик учактары Украинага чоң пайда алып келбей турганын, себеби Россиянын Аба-космостук күчтөрү күнүнө 200 чакты учса, Украина – 10 жолу гана учактарын көккө чыгарарын айтат. Украинанын улам атылып түшүрүлгөн учак жана учкучсуздарынын саны өсүп жатканын өлкөнүн батышындагы аскердик аэродромдорунун калыбына келтирилиши менен гана эмес, чектешкен Румыния жана Польшадагы аэродромдордо жайгашканы менен түшүндүрүүгө болот.
Президент Зеленскийдин АКШ конгрессмендеринен Киевге С-300 комплекстерин берүүнү, Украинаны сокку уруучу "Байрактар" менен камсыздоону талап кылышы НАТОну Россия менен согуштук аракеттерге тартуу ниетинде америкалыктар уюштурулган чагымчылдыктардын тогоосу сыяктанат.
Ошентсе да Вашингтон эл аралык реакцияны майнаптуу тескей албай турат. Кошмо Штаттардын чакырыгы менен адамзаттын АКШнын жетегиндеги 15 пайызы гана кошулду. Азия мамлекеттери РФ Куралдуу күчтөрүнүн аргасыз аракеттерине түшүнүү менен карашты. Түркиялык эксперттер Украинадагы россиялык аскердик операциялардын кынтыксыздыгын белгилеп, ийгилигин да жоромолдошту. 23 миңдин тегерегиндеги сириялык жаран колдоруна курал алып, Россияга көмөктөшөрүн билдирди.
Британиялык The Guardian басылмасы АКШ менен КЭРдин 15-мартта Римдеги сүйлөшүүлөрү Пекиндин Москва менен кызматташууга ниети олуттуу экенин көрсөткөнүн белгиледи. Көрсө КЭРдин төрагасы жана Россиянын президенти "АКШнын глобалдык үстөмдүк дооруна чекит коюуга" белсенген экен.
РФ президенти Владимир Путин Украинадагы атайын операция ийгиликтүү жүрүп жатканын, коюлган милдеттердин баары сөзсүз аткарыларын билдирди.
Экинчи жагынан Батыш өлкөлөрүнүн Украинадагы күчтөрү өз пропагандасы менен афган-ирак "согуштук тажрыйбасынын" (душманы технологиялык жактан чабал болгон) тузагында калат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Украиналык качкындар Польшадагы чек ара бекетинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа Украинаны сатып кетеби? Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0