Казакстанда үч жаңы аймак пайда болот. Аталыштары

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүКазакстандын желегин илип жаткан адам. Архив
Казакстандын желегин илип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Жазылуу
Өлкө башчы республиканын чек аралары өзгөрөрүн айтты.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Казакстанда Абай, Улытау жана Жетысу деген үч жаңы облус пайда болот. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев парламент палаталарынын бирдиктүү жыйынында элине кезектеги кайрылуусун жасап жатып билдирген.
Буга байланыштуу аймактардын чек аралары өзгөрөрү айтылды.
Семей шаары (учурда Чыгыш-Казакстан облусуна карайт) Абай облусунун, Жезказган (учурда Карагандага карайт) Улытаунун борбору болмокчу.
Алматы облусу эки бөлүккө бөлүнөт. Анын курамынан Жетысу облусу чыгат (Жетысунун борбору Талдыкорган болот). Алматы облусунун борбору Капшагайга орун которот. Токаев эгер эл колдоп берсе, Капшагай Кунаев деген аталышка өзгөртүлөрүн кошумчалады.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Токаев: ички душмандар туура эмес маалымат берген үчүн ЖККУга кайрылганбыз
Жаңылыктар түрмөгү
0