Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыштын Россияга берген сабагы. Тыянак чыгарчу убак

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМосквадагы Макдоналдс ресторанынын тактасы. Архивдик сүрөт
Москвадагы Макдоналдс ресторанынын тактасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
Россиядан чет өлкөлүк бизнестин жапырт чыгып кетиши бир катар кесепеттерден сырткары эки мифти жокко чыгарды. Болбосо ондогон жылдар бою аларга ааламды ынандырып келишпеди беле?..
Кеп дүйнөлүк маркалар жаатында. Алар геосаясий кырдаалдан улам бир аптада бизнестерин РФтин рыногунан жыйыштырууга ашыгышты. Серепчи Ирина Алкснис дал ушул жагдайдын тегерегинде ой калчаган. Анын макаласын РИА Новости сайты жарыялады.
Биринчиден, трансулуттук компаниялар ааламдашуунун лидери, уюштуруучусу жана кыймылдаткычы, глобалдашуунун алкагында алар улуттук мамлекеттерден да өйдө болушат деген көз караш бар эле. Россияга каршы санкциялардын айынан узаган апта ошондой пикирди төгүндөп койду. Чек ара тааныбаган бизнестин, ал канчалык алп жана күчтүү болбосун, мекени бар тура. Ал жактан буйрук түшкөндө (маселен, тигил же бул өлкөдөн баарын жыйыштырып чыгып кетүү), аны аткаруудан башка аргасы жок.
Ал эми экинчиси – бизнес, болгондо да анын ири корпоративдик түрү өз ишмердигинде экономикалык пайда алууну гана көздөйт деген түшүнүк кээде суу кечпей калат экен.
Маалымат каражаттарында Россиядан кетип жаткан компаниялардын он жана жүз миллиондогон, айрым учурда миллиарддаган доллар жоготкондору туурасындагы эксперттик пикирлерге жайнап калды. Россиянын рыногунан кетүү чечимдерин дүйнөлүк бренддер "ишти утурумдук токтотуу" жөнүндө деп түшүндүрүп, "каалганы ачык калтыруу" менен жакын арада кайра кайтабыз деген тейде кылчакташат. Бирок Россия үчүн бул сабак алгыдай оор чакырык жана ага жооп кайтаруу да зарыл.
Мамлекет жакынкы апта жана айларда бошогон орундарды толуктоо, жапырт жумушсуздукка жол бербөөдөн тарта негизги тармактардын иши үзгүлтүксүз уланышына чейин чукул режимде чара көрүүгө туура келет. Акылга сыярлык көрүнүш эмес, бирок "Макдональдс" жана башка ушул сыяктуу компаниялардын кетиши ири калааларда коомдук тамактануу жаатында чындап эле көйгөй жаратышы ыктымал. Аларды болушунча тез арада чечүү керек. IT жана стратегиялык тармактар боюнча кеп козгоонун да кажети жоктур.
Россиянын ТИМ имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия жооп кылып Батышка каршы санкцияларынын тизмесин даярдады
Учурдагы кырдаалдан улам Россия (жалгыз ага эле эмес) эң курч маселелерден сырткары чет өлкөлүк инвестицияларга карата мамлекеттик мамиленин өзүн кайра карап чыгуу милдети жаралды. Чет өлкөлүк инвестициялардын келгени абдан жакшы, анткени алар улуттук экономикага акча салып, анын өнүгүшүн да өбөлгөлөйт. Инвесторлорду чектөө – натуура көрүнүш, себеби бул алардын каражат салуу ниетин басаңдатат. Бирок сыртынан ушундай жылмакай нерсенин "одуракай" тарабы да болорун көпчүлүк мурдатан аңдаган.
Ошентсе да чет өлкөлүк бизнести жапырт чыгаруу менен Россияга каршы салынып жаткан "тозоктуу" санкциялар экономиканын бүтүндөй тармактарын жана коомдук турмуштун чөйрөлөрүн кыйратып, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттери РФке гана тургай, чет өлкөлүк бизнеске кучак жайып, кеңири шарт түзгөн көптөгөн өлкөлөргө да чоң сабак болду. Демек, РФтин күн тартибине чет өлкөлүк компаниялар жана алардын ишмердигине карата жаңы эрежелерди иштеп чыгуу маселеси да кирди десек жарашар.
Дүйнөдө бул боюнча белгилүү тажрыйбалар да жок эмес. Маселен, Кытай бул багытта мурдатан кызуу чараларды көрүп келет. Чет өлкөлүк салым салууга тыюу салынган тармактардын бүтүндөй тизмеси бар. КЭРдеги былтыр дүйнөгө даңаза болгон жеке билим берүү рыногун реформалоодогу чыр да – ушул иштин алкагындагы аракет. Ал билим берүү тармагынан чет өлкөлүк инвесторлорду сүрүп чыгууга байланыштуу эле.
Мындан тышкары, Кытайда чет өлкөлүк фирмалар өкүлчүлүк аркылуу дээрлик иштей алышпайт. Толук кандуу ишмердиги үчүн жүз пайыздык чет өлкөлүк капиталы менен компания өлкөдө каттоодон өтүшү абзел. Россиянын жаңы тажрыйбасын эске алуу менен Пекин эрежелерди дагы катаалдаштырышы мүмкүн. Анткени россиялык рыноктогу бүгүнкү жагдайда бизнестин өлкөдө катталышы да компаниянын жогорку жетекчилигинен буйрук келсе бир күндө жабылып калбай турганына кепилдик бере албастыгын көрдүк.
Мында бөлөк өлкөлөрдүн да стандарттардан тыш тажрыйбаларын карап көргөн оң. Бириккен Араб Эмирлиги бул жагынан өзгөчөлөнүп турат. 2019-жылы мамлекет чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну күчөтүү максатында экономикалык мыйзамдарын кыйла либералдаштырган: белгилүү бир шарттарда толугу менен чет өлкөлүк капитал менен компания түзүүгө уруксат берди.
Карьердеги руданы самосвалга жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
"Оңбой калат". Россиялык сырьедон баш тартса Батыш кандай зыян тартат?
Бул убакка дейре чет өлкөлүк инвесторлор же мамлекеттин же Бириккен Араб Эмирлигинин жарандары менен гана бирге бизнес түптөй алган. Анан калса бизнестин жергиликтүү тарабына акциялардын 51 пайыздан кем эмеси таандык болушу шарт эле. Ушул жобо айрым учурларда азыр да сакталат, бирок 2019-жылы кабыл алынган мыйзам бул процесске жеңилдик берди. Ошондо экономист жана ишкерлер чет өлкөлүк капитал үчүн чектөөлөрдүн алынышын бир ооздон кубатташкан. Мындай чечим эмирликке чет өлкөлүк капиталды тартууну өбөлгөлөмөк. Бирок 2022-жылкы кырдаал башкачараак. Сырттан келген акча улуттук экономиканы өрчүтүүгө эле көмөктөшпөстөн, анын коопсуздугуна да коркунуч жаратып коеруна күбө болуп турабыз. Ошондуктан эмирликтин бийлиги башынан туура жолдо болушканын белгилеген оң. Алардын тажрыйбасын башкалар да өздөрүнө тууралап алганы дурус.
Биргелешкен ишкана түзүп, Россиянын жарандарына алардын акцияларынын 51 пайызына ээ болуу зарылбы же азыраак пакет менен чектелген оңбу? Чукул жагдайда, тагыраак, чет өлкөлүк өнөктөштөр капыстан чыгып кетишсе, ишмердикти коллапска салып койбош үчүн башкарууну колго алууга жол бере тургандай кандай шарт түзүү керек? Ушул жаатында талкуулоого болот. Россиядагы азыркыдай абалда кандай гана чет өлкөлүк капитал болбосун биргелешкен ишкана түзүү талабы акылга сыярлык аракет болчудай.
Батыш эч кандай эрежелер жок экенин, рыноктун мыйзамдары иштебей турганын, ал эми "революцияга муктаждык" менен шыктанып-шыкакталган башаламандык жана мажбурлоолор менен өздөрүнө жакпаган адамдарды гана тургай, бүтүндөй өлкөлөрдү талап-тоноп кое аларын айгинелеп койду. Демек, Россия ондогон мамлекеттер сымал эле өз суверендүүлүгүн сактоо аракетиндеги Батыш менен тирешинде коопсуздук менен чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну тандоодо биринчи баалуулукка басым жасоого милдеттүү.
Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, отставкадагы полковник Сатыбек Молдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Радио
Молдалиев: Россияны атайын операция жүргүзүүгө мажбур кылышты
Жаңылыктар түрмөгү
0