"Апаатка кабылабыз". Европа менен Кытай үчүн санкциялардын зарылдыгы барбы?

© AP Photo / Dmitry Lovetsky"Түндүк агым-2" газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив
Түндүк агым-2 газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Жазылуу
Жаңы санкциялар: Россияга болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүлүүдө. Вашингтон дагы катаал чараларды көрүүгө үндөөдө. Бирок Европадагылар катуу кетүүгө даяр эмес, себеби бул ЕБдин экономикасына чоң сокку урат.
Кытай да Түркия өңдүү эле эл менен кошо дүрбөгүсү жок. Ошентсе да Пекиндегилер Батыштын каршы чараларынан чочулап, Россия менен да абдан кылдат кызматташууда. Ушундай маанайдагы эл аралык алакаларга баам салган Дмитрий Ермаковдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Азчылык калды

Санкциялардын саны 5,5 миңге жетип, Иран, Сирия жана Түндүк Кореяга карата көрүлгөн чаралардан да ашып кетти. Жарымы Донецк жана Луганск эл республикаларын тааныган соң салынды. Бул жаатында баарынан активдүүсү — бейтарап атыккан Швейцария.
Вашингтон бирдиктүү фронт менен чыгууну НАТОго кирбеген өлкөлөрдөн да талап кылууда. Мамлекеттик катчынын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланд 8-мартта: "Биз ар бир сүйлөшкөн өлкөгө президент, мамлекеттик катчы жана Мамлекеттик департаменттин деңгээлинде, анын ичинде санкциялардан алигүнчө карманып келген мамлекеттерге да кысым көрсөтүүдөбүз", – деп билдирди.
Бирок чараларды күчөтүүгө Европа да умтулбайт. Европа биримдигинин компаниялары жана каржылык институттары россиялык рынокту өздөштүрүүгө ондогон жылдарын сарптаган. Эми алардан кол жууп калуу чоң чыгымдарга батырат.
Америка Кошмо Штаты, Европа биримдиги, Канада жана Япониянын көптөгөн корпорациялары биротоло кетпегенин, ишмердигин убактылуу токтотуп жатканын билдиришүүдө. IKEA менен McDonalds азырынча кызматкерлерин (ал эми алар он миңдеп саналат) акы төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыгарды. Айрымдар, мисалы, япониялык Uniqlo кийим маркасы саясий талаптардан баш тартты. Ишкананын президенти Тадаси Янай: "Биздин товар — турмуш зарылдыгы. Россиянын калкы биз сыяктуу эле жашоого акысы бар", – деп билдирди. Ошентсе да бул – жалпы агымдагы сейрек кездешкен көрүнүш.

"Европа алдыда кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал"

Сырьё кымбаттап, Вашингтондун өнөктөштөрү санкциялар жаатында катуу кеткенден айбыгышат. Ак үй жана брюсселдик аткаминерлер Россиянын көмүр суутектеринен толугу менен баш тартууга чакырып, бирок Европа биримдигиндегилер буга ашыкпайт.
"Франциянын россиялык газдан көз карандылыгы анчалык деле жогору эмес. Бирок Москва газ менен камсыздоону токтотсо, Европа кышкысын кыйын кезеңге кептелет, — дейт Франция президенти Эммануэль Макрон. Германиянын канцлери Олаф Шольц энергетика ресурстары санкциядан тыш каларын белгиледи.
Нидерланд премьер-министри Марк Рютте: "Европа, анын сыртында жана Украинадагы көзөмөлдөн тыш тобокелдиктерди козгоонун кажети жок. Россиялык энергетика менен ишти улантуу абзел", – деп эскертти.
"Мунай импортубуздун үчтөн бири Россиядан келет. Эгер биз аны дароо токтотсок, эртең транспорт тармагы токтоп калат", — дейт Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок.
Брюсселдин жалпы чийининен мурда да өзүн оолак туткан Венгрия да Россияга каршы эмбаргого даяр эмес. "Энергетикалык тармакка санкцияларды кеңейтүү — форинтке (улуттук валютасы) жана венгер калкы үчүн эң чоң коркунуч. Бул тууралуу өтүнүп жаткандар бизди бул согуштун кунун төлөөгө мажбурлагысы бар. Венгер өкмөтү андай кадамдарды эч бир эл аралык форумда колдобойт", — деп билдирди республиканын каржы министри Михай Варга.
Сербия — Европа биримдигине мүчөлүккө талапкер. Бирок Россияга каршы санкцияларга президенти Александр Вучич кошулган жок. Анткен менен Батыш бул үчүн "болуп көрбөгөндөй" кысым жасап жатканын жашырбады.
Европа чечимдерди кабыл алууда ашкере эмоционалдуу келишет, ал эми санкциялар — тиш салганды тиштемейдей кеп экенин белгиледи Европарламенттин депутаты Тьерри Мариани.
"Россия оор убакты баштан кечирүүдө. Бирок ал калыбына келип, ал түгүл айрым тармактарда күчтөнөт. Эгер биз дагы катуу кетип, россиялык көгүлтүр от менен мунайдан да баш тартсак, апаатка кабылабыз", — деди ал. Ошону менен бирге эле сырьё доллар менен бааланарын, ал эми евро америкалык валютага карата чабалдаганын эскертти. Сөз арасында 9-мартта Brent үлгүсүнүн бир баррели 125,18 долларга жетип, сутка ичинде 15 сапка көтөрүлдү.
Европа биримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик: Россияга каршы санкциялардын жогорку чегине жеттик

Кооптуу таасир

Түркия эч кандай санкцияларды пландабайт. Ал тургай, Режеп Тайип Эрдоган Россия менен Украина жаңжалында ортомчу болууну самайт.
Кечээ аталган эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери да Анталья форумунда кезикти.
Ушул тапта түрктөр кескин кымбаттап кеткен күнкарама майын жапырт сатып алууда. Бул азык негизинен Россия жана Украинадан импорттолчу. "Дүйнөлүк рынокто россиялык мунайдын ордун алмаштыруу абдан кыйын", — деди энергетика жана табигый ресурстар министринин орун басары Алпарслан Байрактар. Анын айтымында, Батыштын санкциялары "баарына катуу таасир этет".
Канткен күндө да Анкара Россия менен Европанын ортосундагы аба мейкиндигинин жабылышынан утту. Стамбул негизги авиациялык хабга айланып, ал эми учуш чектөөлөрүнөн пайда көргөндөрдүн ана башында — Turkish Airlines компаниясы болду.

Россиянын достору

Кытайда Россияга каршы санкциялар сынга алынды. Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Чжан Цзюнь Батыштын саясатына тынчсызданганын билдирди. "Мунун гуманитардык кесепети өтө оор болуп, башка өлкөлөр да (чектөөлөрдөн – ред.) зыян тартат", – деп боолголоду ал.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Москва менен алака "эки тараптуу мамилелердин ичинде эң маанилүүлөрдүн катарында", – деди. Бирок экинчи жагынан Пекин кысымга кабылуудан да чочулап туру. АКШ соода министри Жина Раймондо бул багытта опузалоого үлгүрдү.
Россиялык тышкы соода айлантууда Кытайга дээрлик 20 пайыз туура келет. Ошентсе да эмитен белгилер жок эмес. Автомобиль ижаралоодогу үлкөн ишканалардын бири – DiDi Chuxing өлкөдөн кетери жар салынып, компания кайра чечимин жокко чыгарды. Bank of China, Industrial & Commercial Bank of China (ICBC) офшордук бөлүмдөрү россиялык сырьё экспорттоочулар менен келишимди жабуу үчүн ссуда бербей калганын жазып чыкты Bloomberg агенттиги.
Пекиндин америкалык чектөөлөрдөн жалкып калган жайы бар. Иран менен кызматташтыгы үчүн Вашингтон Huawei Technologies Co жана ZTE корпорацияларына каршы санкция салынган. Ал эми Huawei компаниясынын каржылык директору Мэн Ваньчжоуну Ванкуверди үй камагына алышкан.
"Кытай АКШ тескеген эл аралык тутумду Россия сымал эле кыртышы сүйбөйт. Бирок батыштын санкциялары салынган шартта Пекиндин материалдык көмөгү аз болот", — деп жазат South China Morning Post гезитине Gavekal Dragonomics аналитикалык фирманын өкүлдөрү Яньмэй Се жана Дань Ван.
Кытай Эл Республикасы үчүн негизги соода рыногу — АКШ жана Европа экенин түшүндүрөт саясий технолог Константин Калачев.
"Пекин тобокелдикке барууга ашыкпай, ал жакта акчаны санашат. Си Цзиньпин тышкы рынокторго эмес, ички керектөөгө басым жасагысы келерин айтканы бар. Бирок азырынча бул толугу менен ишке ашары арсар, ошондуктан Кытай абдан этият аракет этүүдө", — деп баамдайт эксперт.
Кытай Россияны коргоого төшүн тоспой турганы бышык. Ошол эле учурда Эрдоганга да Кавказ жана Кара деңиз тегерегинде, кеминде эле таасир чөйрөсүн күчтөндүрүү өңдүү анык бир артыкчылыктар зарыл.
"Чындыгында Түркия эч качан Россиянын союздашы болгон эмес, — деп эскертет Калачев. — Анкарага россиялык туристтердин, кыймылсыз мүлк сатып алуучулардын каражаттары, ошондой эле мунай жана газ керек. Ал жакта америкалыктарды анчалык жактыра беришпейт. Эрдоган 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинин аркасында Вашингтон турат деген пикирде.
"Европалык жана америкалык компаниялардын ишмердигин токтотушу же өлкөдөн чыгуу жөнүндөгү билдирүүлөр АКШ жана Европа биримдигинин багыты менен үндөш экендиктерин көрсөткөн гана аракеттер. Чындап келсе эч ким кирешесинен кол жууп калгысы жок", — дейт экономист Леонид Хазанов. Анын маалыматына таянсак, 2020-жылы McDonalds ишканасынын кирешеси — 19,2 миллиардды түзүп, анын дээрлик бир жарымы Россияда алынган. Башка корпорациялар сымал эле McDonalds мынчалык пайдадан баш тартпас.
Россиянын жана Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия — Украина чырынын башы кайда жатат
Мунай өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Газ менен нефтинин кымбатташы: Борбор Азияга таасири кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0