COVID инфекциясынан кийин кетпей турчу оорулар айтылды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүБеткап кийген кыз. Архивдик сүрөт
Беткап кийген кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Жазылуу
Вирустун айынан айрым бейтаптардын дарты күчөп кетсе, кээси соо туруп эле кесепеттүү илдетке кабылган.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынан кийин айрым оорулар айыкпай, өмүр өткүчө адамды кыйнайт. Бул тууралуу инфекционист Елена Мескинага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анын айтымында, соңку лабораториялык изилдөөлөр боюнча, коронавирус болгон бейтаптардын 15 пайызында биринчи жана экинчи типтеги кант диабети күчөп кеткен. Булардын абалы вирус жуктурганга чейин алда канча жакшы экени айтылат.
"Бул адамдардын организминде оорунун козгогучу бар эле, COVID аны күчөтүп жиберди. Ал эми изилдөөгө катышкан бейтаптардын дагы 13 пайызында кант диабети вирустан кийин пайда болгон, бул оорудан кийинки эң чоң кесепеттердин бири", — деди дарыгер.
Мескина өпкө фиброзу коронавирус жуктургандардын арасында массалык түрдө кездешип жатканын белгилеген. Ошондой эле тиреоидит — калкан бездин жабыркашына учурагандар да көп экенин, бул өнөкөт формасына бат эле өтүп кетерин айткан.
Мындан сырткары, коронавирустан калган кесепеттерге жүрөк булчуңунун сезгениши, инфаркт жана инсульт кирет.
"Тилекке каршы, оору жүрөктү талкалап жатат. Жүрөк булчуңунун сезгенүүсүнүн айынан миокардит, кардиосклероз өңдүү ооруларга кабылышууда", — деди инфекционист.
Дарыгер вирустан айыккандар өзүн жакшы сезген учурда деле бир сыйра медициналык текшерүүдөн өтүп коюшу керектигин кошумчалады.
Тамактануу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Бөйрөгү ооруган адамдар кандай тамактанышы керек? Диетологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0