00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мугалимдин күндөлүгү. Жоопкерчилигин билбеген ата-эненин дооматы күч болот экен

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучусу ата-энеси менен. Архивдик сүрөт
Мектеп окуучусу ата-энеси менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
"Мугалим – мөмөлүү дарак" дейбиз. Учурда анын кадырын кетирип, укугун тебелеп, ар тараптан жакалап чүнчүтүп алган жокпузбу? Бүгүн мугалимдин кенедей маянасы, жаш баладан сөгүү жесе да коомдун тепкисинде калып жатканы сизди ойлондурдубу?
Sputnik Кыргызстан редакциясы мугалимдердин үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштайт. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Биз мугалимдин бүгүнкү абалына көз жумуп койгонубуз келечегибизге кол шилтеген менен барабар. Анткени эртеңибизди тапшырчу балдарыбыз дал ушул кесип ээлеринин колунан тарбияланып чыгары шексиз.
Рубрикабызды борбор шаарыбыздын мектептеринин биринде башталгыч класстын мугалими жана мектеп психологу болуп иштеген окутуучунун жазганы менен улантабыз.
...Үйдөгүлөрдүн баары кызуу уйкуга кетишти. Саат жебеси 23:00дү көрсөтүп турат. Окуучуларга жаздырып алган анкеталарды карап отурам. Алардын ичинен суроолорго эң жакшы жооп бергендери да бар экен. Ой жүгүртүүсү, ой чабыты кенен мыктыларын байкадым. Сөздүн гүлүн терип жазган жоопторду окуганда "окуучумдун келечеги кең болсо экен" деп күбүрөнүп, тилек айтканга да жетишип калдым.
Бүгүнкү иш күнүм да түйшүк менен өттү.
...Эртең менен таң атпай 8-класстын окуучусунун апасы телефон чалды. Телефонду аларым менен дароо эле "силер балама татыктуу тарбия бербей жатасыңар. Эмне үчүн мугалимдер балама "таза кийин, апаңдын сөзүн ук, дептер алып кел, китеп оку" деп үйрөтпөйсүңөр" деген доомат койду. Бул айым менен сөз талашуу да майнапсыз экенин түшүнүп турдум. Анткени баланын жашоосунда эненин ролу негизги орунда экенин так билген апа болсо минтип сүйлөбөйт эле. Мүмкүн үйүндө баласы ачуусуна тийгендир, бирок күнөөнү бирөөгө оодаруудан мурда анализ жүргүзүү керек эле да. "Атасы билимдүүнүн – бири билимдүү, энеси билимдүүнүн – баары билимдүү" деген сөз бар эле. Азыр "эне" деген статуска ээ болуу оңой, бирок ага татыктуу болуу оор болуп калгандай сезилет. Мындай ата-энелер көп.
Мугалим. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Мугалимдин күндөлүгү. "Кайырчысыңарбы?" деген сөз жүрөгүмө тикен болду
Бирок класска кирип балдардын жоодураган көздөрүн көргөндө ар кандай доомат айткан апаны унутуп коёсуң. Мен да бүгүн сабак учурунда бала менен бала болуп, иш менен алаксып кеттим. Негизи мындай учурлар биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Баланын тарбиясын бир гана мектеп менен мугалимге жүктөп койгондор толтура. Алар баласына кам көрүүнү мугалимди көзөмөлдөө деп билет. Бала укканын эмес көргөнүн кылат деген нерсе үч уктаса түшүнө кирбесе керек.
Жумуш аягына чыгып үйгө жөнөдүм. Саатты карасам 18:30 болуптур. Чарчап барганда балдарым "апа" деп кучак жайып тосуп аларын элестетип жылмайып алдым. Үйгө жетерде кайрадан телефонум шыңгырады, алсам "кечки рейдде 10 бала көчөдөн кармалды. Ата-энесин чакыруу керек, түшүнүк кат жаздырабыз. Мектепке келиңиз" дешти. Кайра жөнөдүм.
Мектепке келсем баягы окуучулар тизилип турат. Анан ата-энелерге чалып чакыруу, кайрадан ар кандай жеме укмай башталды.
Кээ бири түшүнүү менен келсе, айрымдары "бара албайм" деп коёт. "Балам менден суранып чыккан, силердин кандай ишиңер бар" деген сөздөр менен кайра бизди тилдеп, телефонду коюп таштаган да ата-энелер кездешет. Сөздүн аягына чыга албай үзүлгөн байланыш менен калып каласың. Бир апа "ушунтип дагы чалабы? Силердин чакырганыңардан баламдын температурасы көтөрүлүп кетти" деп ачууланып келди. Уулунун кечинде эч максатсыз, уруксатсыз көчө таптап жүргөнү менен ал апанын иши да жок. "Ишиңер эмне?" деп сөзүбүздү уккусу да келбеди.
Ата-энелер кайсы учурда жоопкерчилик алышы керек, деги эле балдарынын алдындагы милдетин билбегендерге кандай түшүндүрөбүз? Айтор, суроо көп. Бирок ошол эле жарандар балдарына бир нерсе болсо күнөөнү мектепке коюуга ашыгат. Андан соң эне катары өзүмдү да анализдеп көрдүм. Өз милдетин билбей, жоопкерчилигин башкага оодарып же кыйын кезде баласынын жанында болбогон апа болуудан кудай сактасын. Толгон-токой ойлордун курчоосунда үйгө кечки саат 21:10до келдим. Балдарымдын жылмайган жүздөрүн көрүп, бүгүнкү болуп өткөн кыйынчылык бир заматта эстен чыкты.
Тамагын берип, бир сааттан кийин балдарым эс алганы жатышты. Мен үй жумуштарын бүтүрүп, кечке каралбай калган кагаздарга, окуучулардын дептерин текшерүүгө отурдум.
Эртең кайрадан окуучуларыма жаңы дем менен барам...
Мектеп психологу Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Балдар психологу: азыр окуучуга эле эмес, мугалимге да күчтүү психолог керек
Жаңылыктар түрмөгү
0