Кээ бир банктар депозиттин пайыз ченин көбөйттү. Кредит эми кандай болот?

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан кыз. Архив
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Жазылуу
Кыргызстандагы банктардын төрттөн биринде депозиттин үстөк пайыздары жогорулатылды. Бул эмнеге байланыштуу? Мындай көрүнүш насыя пайыздарынын өсүп кетишине кептебейби? Буларга жоопту Sputnik Кыргызстандын чакан материалынан окуңуздар.
Аманаттын үстөк пайыздарынын жогорулашы – банкка салым салгандар үчүн жагымдуу жаңылык. Бирок экинчи жагынан, банктар депозит менен насыянын чендеринин ортосундагы айырмадан пайда көрүшөт. Башкача айтканда, бул жагдайда кредиттин пайыздык чени да көтөрүлүшү мүмкүн.

Кайсы банктарда өстү?

Жыл башынан бери Кыргызстандын 22 банкынын бешөөндө депозит чендери көбөйтүлдү:
"Айыл Банк";
"Компаньон";
"Демир Банк";
"Дос-Кредобанк";
"Кыргызкоммерцбанк".
Чендер ар кандай, маселен, банктардын биринде – бир, экөөндө жарым пайызга жогорулады. Редакция аталган банктарга (үчөө жооп берди) төмөнкү соболдор менен кайрылды. Үстөк пайыздар эмнеге жогорулатылды? Банктын көйгөйлөрүнө жана насыялар төгүлбөй, накталай акчанын тартыштыгына байланыштуу эмеспи? Депозиттин пайыздык чендеринин көбөйүшү насыялардын пайыздарынын өсүшүнө алып келбейби? Буга эсептик чендин көбөйүшү түрткү болгон жокпу?

Эсептик чен таасир эттиби?

Февралдан бери КР Улуттук банкы эсептик ченди эки ирет көтөрдү. Натыйжада ал 2 пайызга көбөйтүлүп, 10 пайызга чейин чыкты. Эсептик чен – Улуттук банк коммерциялык банктарга берген каражаттын пайызы. Экономикалык теорияга ылайык, чен канчалык жогору болсо, калкка берилген насыядан коммерциялык банктар ошончолук жогору пайыз алышат. Эсептик чен адатта инфляцияны төмөндөтүү үчүн жогорулатылат, бирок ошол эле убакта экономиканын ыргагы басаңдайт. Ошондой эле депозиттин үстөк чендери да өсүшү мүмкүн. Салыштырсак, Россияда эсептик чен жогорулаары менен салымдар боюнча пайыздык чендер дароо көбөйдү.
КР Улуттук банкындагылар эсептик чендин жогорулашынан соң депозит жана насыянын пайыздык чендери өсүп-өспөгөнүн бир өңчөй баалоого болбой турганын айтышат.
"Эсептик чендин тигил же бул тарапка өзгөрүшү – коммерциялык банктар үчүн гана Улуттук банктын акча-насыялык саясатынын багыты жөнүндөгү белги. Ал акча рыногунун чендерине, кайсы бир убакыт өткөндө банктардын рыноктук соңку ченине таасир этет", – деп айтылат КР Улуттук банкынын жообунда. Ошону менен бирге эле өлкөнүн башкы банкынан кырдаалга дайым байкоо салып, пайыздык чендерди жөнгө сала аларын да кошумчалады.
"Дос-Кредобанк" баа түзүү процессинде "коммерциялык банктар башка көрсөткүчтөргө да таянарын" билдирди.
"Айыл Банк" үстөк чендин жогорулашы депозиттик үстөк пайыздарга таасир этпегенин, анткени аманат шарттары былтыр декабрда кабыл алынганын, ал эми "Компаньон" да эсептик чендин өсүшү депозит пайыздарын көбөйтүүгө себеп болбогонун айтышты.
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Акча топтой албай жүргөнүңүздүн себебин билесизби? Түшүндүрмө жана кеңеш

Пайыздык чендин өсүш себептери жана бул банктардын көйгөйлөрүнөн коңгуроо какпайбы?

Кыргызстандын башкы банкы сезондук факторду себеп катары атап, 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу январдагы өсүш башка жылдары деле катталганын мисал келтирет.
Коммерциялык банктарда чендин жогорулашын атаандаштык менен да түшүндүрүштү. "Айыл Банк" депозит рыногун мезгил-мезгили менен талдап турарын белгилейт. Алардын айтымында, маселен былтыр жыл аягында алардын 24 жана 36 айлык мөөнөткө салынчу аманаттын пайыздары башка банктардыкына тең, ал эми 12 жана 18 айга салынган депозиттин үстөк пайызы төмөн эле.
"Кардарларды жоготпоо үчүн банк депозиттер боюнча акция жарыялап, 12 жана 18 айга салынчу аманат пайыздарын да 31-мартка чейин башка банктардыкына теңдөөнү чечти", — деп жооп берди аталган банк.
"Дос-Кредобанк" бул көрүнүшкө эки себепти аташты:
Атаандаштардагы пайыздык чендерге теңдөө;
Кошумча каражат тартууну талап кылган улуттук валютадагы насыялык топтомду көбөйтүү пландары.
"Компаньон" үстөк пайыздын көбөйтүлүшүн экономикалык активдүү сезондун келишине байланыштырды. Былтыр ноябрда алар депозиттердин пайыздык ченин азайтып, ал эми быйыл марттан тарта аманаттарды кабыл алуу жана насыя берүүнү кайрадан активдештиришкен.
"2021-жылы да чендер көтөрүлүп, кайра төмөндөтүлүп турган, бул кадыресе банктык тажрыйба", — деди бул каржы мекемесинен.
Бул банктардагы көйгөйлөрдөн кабар бербейби деген сурообузга коммерциялык мекемелер эч кандай кыйынчылык жоктугун, ал эми КР Улуттук банкындагылар сезондук факторду гана аташты.

Насыя пайыздары асмандап кетпейби?

Каржылык жөнгө салуучу органдагылар коммерциялык банктар насыя жана салымдарга пайыздык ченди өз алдынча коё аларын белгилеп, Улуттук банк ички баа түзүү саясатына кийлигишпей турганын кошумчалады.
"Айыл Банк" бул сурообузга кыска эле "жок" деп жооп берди.
"Насыянын пайыздык чени ресурстардын наркы жана операциялык чыгымдарга жараша коюларын, ал эми ушул тапта аларды кескин түрдө карап чыгууга негиз жоктугун", — "Дос-Кредобанк" билдирди.
Ал эми "Компаньон": "Насыялык пайыздык чендер банк кызматтарынын рыногундагы талап жана сунушка жараша", — деди.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Улуттук банктан алтын куймаларды сатып алуунун күнгөй менен тескейи
Жаңылыктар түрмөгү
0