Улуттук банктан алтын куймаларды сатып алуунун күнгөй менен тескейи

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Жазылуу
Жети жылга жакын убакыттан бери Кыргызстанда алтын куймалары сатыкка чыгып, элге сунушталып келе жатат. Бул баалуу металлды алып коюунун оң жана терс жактары тууралуу Sputnik даярдаган материалдан окусаңыз болот.
Бул жерде кеп Улуттук банктын алтын куймалары туурасында болот.
Эске салсак, 28-февралда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгерде акчасы болсо, аны бош жаткырбай алтын алып коюуга чакырган.
2015-жылдан тарта Улуттук банк кыргызстандыктарга алтын сата баштаган. Ал бир граммдан 100 граммга чейинки уютулуп, даярдалган куймалар. Аталган банк аны элге сатып, андан сырткары кайра сатып да алат. Баасы улам өзгөрүп, Лондондогу баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине (муну дүйнөлүк баа деп да атасак болот) карата аныкталып турат. Наркы жогорулаганда бир топ пайда көрсө болот.

Алтын куймалардын баасы кандай болуп өзгөргөн

Маселен, банк бир граммдыктарды 3 793 сомдон соодалай баштаган, анткен менен баа бир учурда түшүп (минимум — 3 663,5) да турду. Анткени менен жалпысынан алганда өсүү токтогон жок. Быйылкы жылдын 7-мартында бул куйманы 8 022 сомго сатып алууга болорун айтышты.
Башка дагы бир мисалды алсак, уютулган 100 граммдык баалуу металл 235 221 сомдон тарта (2015-жылдын 7-майы) кымбаттап отуруп, 637 400 сомго жетти. Албетте, ортодо наркы түшүп да кеткен, бирок азыркы наркын жогоруда көрдүңүздөр.
Эми оң жана терс жактарын айтып берерден мурда, кеп жакындан тарта сатыкка чыккан көбүрөөк килограммдык алтындар туурасында болбостугун эске салмакчыбыз.
Цена на золото в Индии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2020
Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп

Оң жактары

Уютулган алтындар — сиздер конкреттүү түрдө колго кармаган баалуу металл.
Аны акчага айырбаштап жиберүү оңой, каалаган күндө Улуттук банкка сатып жибере аласыз. Бирок кээ бир учурлар бар, аны ананыраак "терс жактары" деп түшүндүргөн жерден окуйсуз.
Сатуу менен сатып алуунун анча көп эмес айырмасы. Маселен, 7-мартта бир граммдык алтынды кайра сатып алуунун баасы 7 982, ал эми сатуу 8 022 (айырмасы — 40 сом) сом турду. Мында аз да болсо пайда көрүүгө болот.
Алтын куйма — бир топ эле бараандуу белек.
Топтогондорду диверсификациялоо (ар кыл инструменттерди киргизүү). Эгерде сомдун курсу түшсө, алтын өсөт; ушунусу менен сакталган сомдун баасынын түшүп кеткенин компенсациялайт. Жөнөкөй эле мисал, акыркы күндөрү доллардын өсүп кетишинен улам алтын куймалар кымбаттады, бир граммдыктары 1 300, ал эми жүз граммдыктары 94 000 сомду чапчыды.
Алтынга салынган инвестиция узакка сактап коюуга камдалган оокат. Валюта рыногунда туруксуздук болуп жатканда инвесторлордун көбү алтындын курсуна карап туруп, каражатын металлдардын туруктуу рыногуна жумшоого баш коёт.
Терс жактары же кемчиликтери (жогоруда оң жактары деп белгиленгендер бул жерден чийилип калышы мүмкүн)
Уютулган алтынды же ага берилген сертификатты уурулардан, ар кандай кырсыктардан – өрттөн, суу ташкындарынан алыс кармаш керек. Банктан ячейка бөлдүрүп алып сактоого болот, бирок ага да акча кетет.
Уютулган алтынды, албетте, ары-бери оодарып, кармалап көрсө болот, бирок таңгагы менен баалуу металлдын өзүн кетилтип же дагы башка өзгөртүүгө учуратып алуудан абайлаңыз. Мындай болгон күндө экспертизанын "зыян келбептир, баары өз ордунда экен" деген жыйынтыгын күтүүгө туура келет. Бул кызмат жоготуп же сертификатка зыян келтирип алган учурда керек болот.
Уютулган алтын дайыма агып кирип турган кирешеге кепилдик бербейт, бардыгы доллардын курсу менен алтындын дүйнөлүк баасына жараша болот. Тез арада сатып жиберип, көп акчалуу боло калам деген учурларда куйма арзан баага эле кетпестен, чыгымга да учурап калуу кооптуулугу бар. Эгерде былтыркы жылдын башына уютманы сатып алып, аягында саткан болсоңуз, анча көп эмес, бирок чыгымга учурап калмаксыз.
Мындай алганда алтынды өзүнүн баасынан кымбатыраак алып жатасыз деп эсептесе болот, себеби ага куйманы даярдоого кеткен чыгым да кошулат.
Сатуу жана кайра сатып алуу иштерин кааласаңыз да эс алуу же майрам күндөрү жасай албайсыз. Мындан сырткары, өткөн жылдары пандемиядан улам Улуттук банк уютулган бул баалуу металлды сатуу операциясын токтоткон.

Маанилүү учурлары

Эгерде акча тез арада керек болуп калса, куйманын бир бөлүгүн соодалап, калганын алып кала албайсыз. Анткен менен көптөрү муну артыкчылык деп баалашат.
Улуттук банктын алтындарын коммерциялык банктар да сатат, бирок баасында айырма бар. Андыктан сатып алууга камынсаңыз, эринбей бааларын салыштырып чыгыңыз.
Улуттук банктын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жапаровдун кайрылуусунан кийин канча алтын сатылганы белгилүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0