https://sputnik.kg/20220309/tim-ukrainadan-chygarylgan-kyrgyzstandyktar-1062698841.html
Украинадан чыгарылган 400дөй кыргызстандык кайсы өлкөлөрдө? ТИМ тизмеси
Украинадан чыгарылган 400дөй кыргызстандык кайсы өлкөлөрдө? ТИМ тизмеси
Sputnik Кыргызстан
ТИМдин алдын ала маалыматы боюнча, Украинанын шаарларында коопсуз жайга чыгарыла турган дагы 100дөн ашуун кыргызстандык бар. 09.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-09T11:39+0600
2022-03-09T11:39+0600
2022-03-09T15:36+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
кыргызстан
украина
тим
мекендештер
коопсуздук
көчүрүү
https://sputnik.kg/img/07e6/03/09/1062707834_0:200:2931:1849_1920x0_80_0_0_fc93b33461733f12b5d204d422e90d08.jpg
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Украинадагы өзгөчө кырдаалдан улам Кыргызстандын 400дөн ашуун жараны коопсуз жайга чыгарылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, мекендештерди өлкөгө алып келүү үчүн Бишкектен министрликтин Консулдук кызмат департаментинен эки кишиден турган ыкчам тобу Польшага барган.Ошондой эле дипломаттар кыргызстандыктарга мекенине кайтуу үчүн керектүү документтерди даярдоо боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүп жатат.2022-жылдын 8-мартына карата статистикалык маалымат:ТИМдин алдын ала маалыматы боюнча, Украинанын шаарларында коопсуз жайга чыгарыла турчу 100дөн ашуун кыргызстандык бар. Алар элчилик жана Консулдук кызмат департаменти менен дайыма байланышта экени белгиленди.Министрлик активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн мекендештерди атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштады.Кыргызстандын Украинадагы элчилиги менен байланышуу:ТИМдин Консулдук кызмат департаменти менен байланышуу:
https://sputnik.kg/20220305/kyrgyzstan-ruslan-kazakbaev-rosiiya-poziciya-1062627326.html
https://sputnik.kg/20220309/rossiya-ukraina-aksh-biologiyalyk-laboratoriya-1062697622.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/09/1062707834_100:0:2831:2048_1920x0_80_0_0_7f20930180708042bb8b68ae008bcada.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, украина, тим, мекендештер, коопсуздук, көчүрүү
кыргызстан, украина, тим, мекендештер, коопсуздук, көчүрүү
Украинадан чыгарылган 400дөй кыргызстандык кайсы өлкөлөрдө? ТИМ тизмеси
11:39 09.03.2022 (Жаңыртылды: 15:36 09.03.2022) ТИМдин алдын ала маалыматы боюнча, Украинанын шаарларында коопсуз жайга чыгарыла турган дагы 100дөн ашуун кыргызстандык бар.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Украинадагы өзгөчө кырдаалдан улам Кыргызстандын 400дөн ашуун жараны коопсуз жайга чыгарылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мекендештерди өлкөгө алып келүү үчүн Бишкектен министрликтин Консулдук кызмат департаментинен эки кишиден турган ыкчам тобу Польшага барган.
"Азыр ыкчам топ Варшавада иш алып барууда. Дипломаттар Польшанын шаарларында кыргызстандык жарандар жайгашкан бардык пунктуларды кыдырып чыкты. Мекендештерге тамак-аш уюштурулуп, жергиликтүү бийлик органдары менен кыргызстандыктардын мыйзамдуу туруусу жана андан ары өлкөгө алып кетүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле дипломаттар кыргызстандыктарга мекенине кайтуу үчүн керектүү документтерди даярдоо боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүп жатат.
2022-жылдын 8-мартына карата статистикалык маалымат:
Кыргызстанга келген жарандар — 91 (Венгриядан).
Коопсуз өлкөлөргө чыгарылгандар:
Башка өлкөлөр (Литва, Германия) — 13.
ТИМдин алдын ала маалыматы боюнча, Украинанын шаарларында коопсуз жайга чыгарыла турчу 100дөн ашуун кыргызстандык бар. Алар элчилик жана Консулдук кызмат департаменти менен дайыма байланышта экени белгиленди.
Министрлик активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн мекендештерди атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштады.
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги менен байланышуу:
+380442370348, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тайпасы.
ТИМдин Консулдук кызмат департаменти менен байланышуу:
+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;
+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.
5 Жалган Куран 2022, 17:57
9 Жалган Куран 2022, 11:05