Сокулукта турак үй өрттөнүп, бир киши каза болду

© Фото / пресс-служба МЧСӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жазылуу
Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени кошумчаланды. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык 6-март күнү болгон.
"Өрт Западное айылынын Октябрь көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан. Жерине ӨКМдин бир өрт өчүрүүчү унаа бөлүмү тартылып, тилсиз жоо түнкү саат 01:10до өчүрүлгөн. Кырсыктан 51 жаштагы киши каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени кошумчаланды. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Күйүп жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Бишкектеги өкмөттүк трассада автоунаа өрттөнүп кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0