Доллар сатууга шашылбагыла. Финансылык аналитиктин кеңеши

© Sputnik / Нина ЗотинаДоллар. Архивдик сүрөт
Доллар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жазылуу
Адистин пикиринде, батыш өлкөлөрүнүн Россияга карата киргизип жаткан санкциялары көптөгөн мамлекеттердин экономикасына түз жана кыйыр таасир этет. Инфляция өсө бериши мүмкүн.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Акчасын доллар же евро менен сактап жүргөндөр аны кымбаттады деп азыр сатып жиберүүгө ашыкпашы керек. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине финансылык аналитик Александр Потавин билдирди.
Адистин пикиринде, батыш өлкөлөрүнүн Россияга карата киргизип жаткан санкциялары көптөгөн мамлекеттердин экономикасына түз жана кыйыр таасир этет. Инфляция өсө бериши мүмкүн.
"Андыктан улуттук валютанын наркы кандай деңгээлде кармаларын азыр айтуу кыйын. Эң аз дегенде жакынкы жарым жылда экономикадагы абал ушул эле бойдон турушу ыктымал. Азыркы бааны кымбат деп ойлоп, доллар менен еврону сатып жиберүүгө шашылбай туруу керек", — деди аналитик.
24-февралда Кыргызстанда доллар 10 сомго кымбаттап, 95 сомго көтөрүлгөн. Андан кийин 90 сомго түшүп, бирок дүйшөмбүдөн (28-февралдан) тарта кайрадан кымбаттай баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 97 сомдун чегинде кармалып турганы менен эртең менен 98 сомго, андан кийин бир катар банктарда 99га чыкты. Азыр долларды сатып алуу — 97,22 сом, сатуу — 98,50 сомдон болууда.
Нефть бургулоочу станоктордун иши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Brent мунайынын баасы 130 доллардан ашып, жаңы рекорд жаратты
Жаңылыктар түрмөгү
0