Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыштын эки анжы аракети. Үлкөн өлкөлөрдүн кадамдарына божомол

© AP Photo / Susan WalshСенатор Линдси Грэм. Архивдик сүрөт
Сенатор Линдси Грэм. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жазылуу
Батыш Россияга, дегеле көз алдыбызда өзгөрүп бараткан дүйнөгө эмне чара көрөрүн билбей турат. Ал эми РФке багытталган каржылык-экономикалык санкциялардын эпкини бүтүндөй дүйнөлүк тутумга сокку урары ырас.
Андай абалдан улам Батыш көзөмөлдү колдон жууйт. Азырынча атлантикалык элита муну аңдай элек же эч кимдин ага баш катыргысы жок. Ошол эле учурда Россияны санкциялар менен ийилтүүгө мүмкүн эместигин түшүнгөндөр бар. Ушул менен орустар тизе бүгөт деген ойдогулар да жок эмес. Украина жагдайынан улам ушундай ойлорун ортого салган Петр Акоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Глобалдык социалдык медиа россиялык жарандарды көчөгө чыгып, нааразычылык билдирип, бийликти кулатуу чакырыктарына толгонуна таң калуунун деле кажети жок. Болгону бул батыш элитасы орус коомун түшүнбөй турганын туюндурат. Андай үгүт жана пропагандасы менен алар, тескерисинче, Россия калкын бириктирип, бир муштумга айлантат.
Батыштын ошондой жаңылыш ойлору өздөрүнө туура чечим кабыл алууга, кадамдарынын кесепеттерин болжоого жолтоо болуп жаткандай. Бул РФке гана тиешелүү эмес, англосаксондук элита эбак эле бүтүндөй дүйнөнүн тамырын сезе албай калганы жашыруун эмес. Болбосо Россияга каршы санкцияларын дагы күчөтмөк эмес. "Чоң жыйырманын" ири жана таасирдүү өлкөлөрүн, маселен Индия жана Түркияны ошол чектөөлөрдү колдоп берүүгө көндүрүүгө тырышмак эмес.
Эгер дүйнөнүн тамырын тарта билсе, алардын тышкы саясий стратегиясынын маңызын түшүнө билмек. Ал өлкөлөр Батыштын кенже өнөктөштөрүндөй эмес, өз алдынча оюнчу катары геосаясий салмагын арттырууга умтулушат.
Эгер туура талдай билсе, Кытайга азыркыдай эки анжы мамиле жасамак эмес. Россиядан жүз бурууга чакырып, ошол эле учурда Тайвань маселесин козгоону кыйытууда.
Донецкидеги Периштелер аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мертинген бөбөктөр... Периштелер аллеясы эч бир шаарда болбосун!
Өткөн апта аягында АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео тез арада Тайвандын көз карандысыздыгын таанууга чакырды. Болгондо да ал бул оюн аралга барганда билдирди. Помпеонун ушул тапта расмий макамы жок, бирок азыркы администрациянын "ажыдаарды ойготкусу" бар.
Кошмо Штаттар Кытай Тайванга кол салышынан чочулайт. Аны жоготуп алгысы жок. Ошондуктан анын көз карандысыздыгын тааныбай, бирок аралды Кытай агрессиясынан коргоого кошумча кепилдиктер менен камсыздоо керектигин айтып жатышабы? Эгер Кытай жээктеги сууларда өзүнө аскердик артыкчылыкты камсыздап алса, өзүнүн да, Тайвандын да жээктерине америкалыктарды жолотпой турганы бышык. Дал ушундай аргасыздык Кошмо Штаттарды бушайманга салат.
Тайвандын көз карандысыздыгын таануу Пекин Вашингтон менен дипломатиялык алакасын үзөт. Акырындап дүйнөлүк негизги эки экономиканын каржылык-экономикалык согушу башталат. Бирок Батыш тарабынан Россияга жарыяланган жалпы каржылык-экономикалык согушту эске алсак, баары Чыгыш менен Батыштын экономикаларынын согушуна айланары ажеп эмес. Вашингтондогулар азыр андайды каалашпайт. Кошмо Штаттар аталган үлкөн өлкөгө каршы кандайдыр бирдиктүү фронтту топтоого дале үмүттөнөт.
Анда Батыш эмнеликтен тайвандык багытта Кытайды көкүткөн тейдеги аракеттерге барууда? Себеби Кытайга каршы кеңири коалициянын, болгондо да идеологиялык ("демократия үчүн саммит") гана тургай, геосаясий (Индиянын катышуусунда QUAD) түптөлүшүнөн шек санабайт. Андай жорук-жосун менен америкалык позицияны бекемдебестен, тескерисинче чабалдатууда.
Пекиндегилер да Кошмо Штаттар тайвандык карта менен көкүтүп жатканын түшүнүп, ошол эле учурда дүйнөлүк каржылык тутумунда өз ордун катуу солгундатып жатканына да күбө. Дүйнөгө үстөмдүк кылуудан тайып баратканда Батыш акылга сыйбаган аракеттерге барууда. Аны туура баамдаган РФ, Кытай өз иштерин жасап, койгон максаттарын өз-өзүнчө, биргеликте акырын ишке ашыра бергендери оң.
Украинанын Змеиный аралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Фейктердин көздөгөнү — кырдаалды курчутуп, бийликке болгон ишенимге доо кетирүү
Жаңылыктар түрмөгү
0