Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Фейктердин көздөгөнү — кырдаалды курчутуп, бийликке болгон ишенимге доо кетирүү

© AFP / GENYA SAVILOVУкраинанын Змеиный аралы. Архив
Украинанын Змеиный аралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Жазылуу
Согушту майданда гана эмес, маалымат мейкиндигинде да жеңүү керек. Ушундай ойдогу россиялык юрист, коомдук ишмер Илья Ремесло РФ ушул жолдо экенин билдирет.
Эске салсак, РФ Мамлекеттик думасы жакында эле россиялык армия тууралуу жалган маалыматтарды жайылтуу жана өлкөгө санкция киргизүүгө чакырык жасагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзамды кабыл алып, ага президент Путин кол койгон. Россиялык юрист Илья Ремесло бул мыйзам өз убагында кабыл алынганын белгилейт.
© Sputnik / Владимир ТрефиловРоссиялык юрист Илья Ремесло
Юрист, член Общественной палаты России, общественный деятель Илья Ремесло - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Россиялык юрист Илья Ремесло
"Атайын аскердик операция жүргүзүүдө коопсуздукка өтө жогорку талап коюлат. Кандайдыр бир чектөөлөрдүн киргизилиши акылга сыярлык, себеби социалдык медиадагы адамдын кеби коомдук маанайга жана аскердик кампаниянын жүрүшүнө таасир этпей койбойт. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" дегендерге дайым айтып келем, сөз да анык бир кесепетке кептей турган жорук, аракет", — дейт ал.
Юристтин айтымында, аскердик операция убагында адам өз сөзү менен оголе көп процесстерге таасир этип коёрун, бул үчүн жоопкерчиликке тартыларын аңдоого тийиш. Бул Россияга каршы батыш маалымат каражаттарына да тиешелүү экенин, алар ишин алып барууда өтө этият болууга тийиштигин, антпесе мыйзамга ылайык ошол жалган маалымат таратканы үчүн РФке аяк басары менен, ал түгүл чек арага транзит менен келген күндө да же үчүнчү өлкөлөр аркылуу жоопко тартылышы толук ыктымал экенин түшүндүрөт адис.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров да журналисттерден Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча россиялык операция жөнүндө фактыга гана таянып жазууну өтүндү.
РФке карата башталган маалыматтык согушту даректүү катаал чаралар менен гана токтотууга болорун, аны менен күрөшүүдө мыйзам чаралары жана маалыматтык тазалык талап кылынышы зарыл экенин белгилейт россиялык юрист.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинадагы атайын операция дээрлик соңуна чыгып калды
"Калк маалымат менен иштөөгө үйрөнүшү кажет. Бир топ жылдан бери ушул туурасында айтып келебиз. Ковид, терактылар, акылга сыйбаган теориялар болду. Социалдык медиада укмуштай көп жалган маалыматтар таралды. Мамлекет аларга чара көргөн жок. Бирок азыр андай убак эмес, маалыматтык согуш РФке каршы күч алып турат, ага тим карап отурууга болбойт", — деп боолголойт Ремесло.
Мындай согушта эң маанилүү курал – батыш социалдык медиасы, аларды батыштын атайын кызматтары пайдаланары турулуу иш экенин белгилейт россиялык юрист. Социалдык медиада жарнамалык аянтча аркылуу россиялык мамлекеттик органдардын фейк баракчалары ачылат.
"Булардын баарын украиналыктар жасап жатпаганы түшүнүктүү. Баары болушунча чоң бюджети бар бирдиктүү борбордон жүргүзүлүүдө. Батыш социалдык медиасынын жардамы менен РФке каршы чыныгы маалыматтык согуш жүрүүдө. Ага ылайык жооп берүү абзел, ал үчүн элге маалымат менен иштөөнү үйрөтүп, ал эми жалган маалымат тараткандарды жоопко тартуу зарыл".
"Фейктердин баары көп ой жүгүртө бербеген катмарга багытталат, — дейт юрист. – Анткени аларды жаратуучулар маалыматтын чын-төгүнүнө деле карашпай, азыркы жагдайда Украинага түк тиешеси жок эски кадрларды пайдаланышы мүмкүн. 2012-жылкы Израилде тартылган тасманын бүгүнкү Донбасс катары көрсөтүлүшүн мисалга алалы. Жагдайы, климатынан деле ал таптакыр башка жер экени көрүнүп эле турбайбы".
Ошондой эле фейктердин баары кырдаалды курчутуп, бийликке болгон ишенимге доо кетирүүнү көздөйт. Россиянын мисалында бул менен батыштын атайын кызматтары алек экенин, алар тарабынан каржыланарын айтат юрист.
"Алардан тышкары жасалма-мамлекеттик структуралар, банктар жана АКШда эбак мамлекет менен жуурулушуп, анын функцияларын аткарып калган ири капиталисттик түзүмдөр фейктерди каржылоо булактары экени айкын", — деп жыйынтыктайт өз кебин Илья Ремесло.
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Россия аскерлери тууралуу фейк тараткандарды жазалоо мыйзамына кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0