Адабият үчүн шейит кеткен Тазабек Саманчин тууралуу 11 факт

© Фото / из семейного архива ДанияровыхЖазуучу, адабиятчы, окумуштуу, котормочу Тазабек Саманчин
Жазуучу, адабиятчы, окумуштуу, котормочу Тазабек Саманчин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жазылуу
Тазабек Саманчин — кыргыздардын ичинен филология илимдеринин кандидаты деген илимий даражага биринчи татыган, кийин каралоонун курмандыгы болуп аксаган. Пединститутта дарс окуп жаткан жеринен камакка алынып, 12 жылга кесилип, бирок укугун талашып отуруп, акталып чыккан.
Sputnik Кыргызстан жазуучу, адабиятчы, окумуштуу, котормочу Тазабек Саманчин тууралуу 11 фактыны окурмандарга сунуштайт.
2009-жылы Улуттук китепканада адабиятчы Тазабек Саманчиндин 100 жылдыгына арналган кечеде акын Асан Жакшылыков "адабият үчүн шейит кеткен Саманчин" деп айтты. Акын айткандай, Саманчин адабияттын азабын тартты, кордук көрдү, советтик система аны өмүр бою унчукпас кылып койду. Тазабек Саманчин жыйырманчы жүз жылдыктагы кыргыздын эң билимдүү, интеллекти бийик инсандарынын бири болгон. Кыргыз маданиятынын өткөнүн келечек муундарга айтып беремин деп бир өмүр кайгыны башына үйдү.
Акындын туулган жери жана алгачкы окуу жылдары. Ал 1909-жылы Кичи-Кеминге кире бериштеги Атаке болуштугунун (азыркы Кемин району) Жаңы-Жол айылында туулган. Төрт жашында төрөттөн каза болгон энеден, жети жашында атадан калып, жетимчиликтин оор күндөрүн башынан өткөрөт. Жаш Кеңеш өкмөтү мектептерди ача баштаганда алгач Кичи-Кеминде окуйт, анан кароосуз калган балдар үчүн Токмокто атайын балдар үйү негизделип, ал 1921-жылы ошол жерге өткөрүлөт. Тилекке каршы, 1923-жылдын аягында интернат жабылып калат да, балдарды таратып жиберишет. Токмоктогу жетим балдар үйүндө Абдрасул Токтомушев, Алыкул Осмонов, Саткын Сасыкбаев тарбияланышкан эмеспи. Анан Тазабек Саманчин кайда барарын билбей Токмокто ар түрдүү иштерди кылып калат: базарда айран сатат, короо шыпырат, уй кайтарат. Дагы бир жолу оң келип, идириктүү баланы 1923-жылы 14 жашында Алма-Атадагы атактуу Казак-кыргыз агартуу институтунун базасында ачылган даярдоо курсуна жиберишет. Бул жерден анча-мынча орусчаны, анан казакча сабаттуу жазууну үйрөнөт, казак, татар басма сөзү менен тынымсыз таанышып турат.
Студенттик кези. Ал жерден 1925-жылы Пишпекте жаңы ачылган педагогикалык техникумга которулуп келет. Каникул убагында болгону үчүн окуу башталганга чейин бир аз иш болсун деп "Эркин-Тоо" газетасынын редакциясына барып, башкы редактор Сыдык Карачевге жолугат. Ал киши корректордун жардамчысы кылып бир-эки айдай жумуш берет. Атактуу Петр Кузьмич Юдахин директор болгон педтехникумда кыргыздардын биринчи интеллегенттери: кийин атактуу акын-жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер катары калыптанган жигиттер окуган. Кыргыз агартуу институту деп аталган ушул педтехникумда адабий ийримдер иштеп, драмалык-театралдык оюндар коюлуп, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев, Жоомарт Бөкөнбаев, Касымалы Жантөшев сыяктуу студенттер ыр-аңгемелерди, пьесаларды өздөрү жазып, өздөрү жаштар арасына тараткан. Ошолордун ичинде Тазабек Саманчин да болгон. Ал бул окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болуп, 1929-жылы дипломун колго алат.
Жалал-Абадда жана Москвада. Педтехникумдун мыкты бүтүрүүчүсү катары Эл агартуу комиссарлыгы аны Жалал-Абадга жиберет. Ал жерде да педагогикалык техникум болгон. Ошол окуу жайына жыйырма жаштагы жигит окутуучу болуп жумушка орношот да, өзү менен тең, кээси өзүнөн да улуу кыз-жигиттерге кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Андан ары 1930-1934-жылдары Москвадагы Владимир Ленин атындагы мамлекеттик педагогика институтунда окуган. Бул окуу жайы педагогикалык адистиктерди даярдоочу дүйнөдөгү эң атактуу билим уясы катары тарыхта өз орду бар мекемелердин бири болгон. Москвадан келген соң мурда өзү окуп кеткен педагогикалык техникумда адегенде мугалим, андан соң окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1935-жылы ошол учурда агартуу тармагы өтө зарыл деп турган "Чоңдор үчүн алиппе" деген китеби чыгат, ал китеп 1937-жылы да, 1938-жылы да кайра басылат. Ушул кезде "Берметтин уландары" (1939), согуш жылдарында "Абышкалардын жоругу","Тоо арасында" деген пьесаларын жазган.
© Фото / из семейного архива ДанияровыхЖазуучу, адабиятчы, окумуштуу, котормочу Тазабек Саманчин Жети-Өгүздөгү курортто
Кандидат филологических наук, писатель Тазабек Саманчин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жазуучу, адабиятчы, окумуштуу, котормочу Тазабек Саманчин Жети-Өгүздөгү курортто
Элдик оозеки чыгармаларды жыйноочу жана изилдөөчү. Тазабек Саманчин агартуу тармактарында иштеген. Өзгөчө ал 1936-жылдан 1949-жылга дейре СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынан Тил жана адабият илим изилдөө институтунда аспирантурада окуп, илимий кызматкер болуп эмгектенген кезде фольклористика, фольклор жыйноо боюнча Виктор Максимович Жирмунский, Мухтар Оморханович Ауэзов, Саул Матвеевич Абрамзон, Константин Кузьмич Юдахин ж.б. атактуу аалымдардын жанында жүрүп, кеп-кеңештерин угат. Мураталы Күрөңкөев, Тоголок Молдо, Шапак Рысмендеев, Жаңыбай Кожокев, Актан Тыныбеков, Коргол Досуев ж.б. ырчы-чоорчулар менен жолугушуп, айрымдарынын чыгармаларын жазып алууга катышкан. 1946-жылы "Бир туугандар" аттуу аңгемелер жыйнагы басылган.
Адабиятчы жана сынчы. Ал улуттук адабияттын тарыхына обзор берген "Кыргыз элинин адабияты", "XIX кылымдын аягындагы XX кылымдын башындагы кыргыздын жазуучу-акындарынын чыгармаларынын бөтөнчөлүктөрү", "Кыргыз совет адабияты 30 жыл ичинде", "Колониялык доордогу биздин адабият", адабий сын багытында "Адилетсиз апыртмалуу сынга каршы", "Орус элинин улуу сынчысы" (Виссарион Белинский тууралуу), улуттук драматургия жөнүндө "Коргоо драматургиясы", "Согуш күндөрүндөгү кыргыз драматургиясы" деген изилдөөлөрүн жазган, айрым авторлордун чыгармачылык өз алдынчалыгын ачып көрсөткөн "Каныбек" жөнүндө", "Токтогул Сатылган уулу", "Тоголок Молдонун өмүрү жана чыгармачылык жолу" аттуу макалаларын чыгарган.
Кыргыз адабияты боюнча илимдин биринчи кандидаты. XX кылымдын 30-40-жылдарында кийин биз "замана" агымындагы акын деп калган Арстанбек Буйлаш уулуна, Калыгул Бай уулуна, Молдо Нияз Эрназар уулуна, Молдо Кылыч Шамыркан уулуна жана алардын чыгармачылыгына мамиле аябай жакшы болчу, мектептерде кадимкидей окулган. Болот Юнусалиев кадамжайлык акын Молдо Нияздын чыгармаларынын тили, Тазабек Саманчин Молдо Кылычтын казалдары, Жапар Шүкүров ал казалдардын тили боюнча кандидаттык диссертациясын жазууга киришет. Тазабек Саманчин Кылыч Молдонун казалдарын жыйнап, иретке салып, 1946-жылы китеп кылып да чыгарат (Молдо Кылыч, "Казалдар"). 1948-жылы "Молдо Кылыч – жазуучу акын" деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп, филология илимдеринин кандидаты деген илимий даражага кыргыздардан биринчи болуп ээ болот. Илимий жетекчиси даңазалуу Мухтар Ауэзов эле. Диссертациясынын негизинде бир жыл алдын "Молдо Кылыч – жазуучу акын" деген адабият таануу багытындагы китебин чыгарган. Молдо Кылычтын чыгармачылыгы боюнча адабиятчынын ошол эмгеги азыркы күнгө чейин адабий талдоонун, адабий мураска баа берүүнүн эталону катары жогору бааланып келет. Бирок дал ошол диссертациясы жана китеби анын кийинки тагдырына балта чабат, себеби Молдо Кылычка "байдын укум-тукуму", "эскини эңсеген", "замана агымынын өкүлү", "орустарга каршы ойлорду айткан" дегендей жарлыктар тагылып, китептери жыйналып алынып, казалдары "кара сандыкка" салынат. Муну менен Тазабек Саманчиндин да жолу буулуп, анын "Молдо Кылыч – жазуучу акын" деген китеби колдонуудан биротоло чыгарылат. 1949-жылы СССР жазуучулар союзунун пленумунда ага "Кыргыз адабиятчысы Тазабек Саманчин "Молдо Кылычтын чыгармалары" аттуу илимий ишинде улутчул багытта ката кетирген" деген айып тагылган.
Белгилүү прозаик, сатирик, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Кыргыз адабиятына жан үрөп иштесе да бааланбай келет. Касым Каимов жөнүндө 11 факт
Айып артынан айыптар. ВКП (б) БКнын 1946-жылы 14-августта "Звезда" жана "Ленинград" журналдары жөнүндөгү токтому чыгат. Ага ылайык, жер-жерлерден "космополиттерди", "буржуазиячыл-улутчулдарды", "феодализмди жактоочуларды" издөө кампаниясы жүрөт. Ошол кезде авторлору Медине Богданова, Өмүркул Жакишев, Калим Рахматуллин жана Тазабек Саманчин болгон, 1943-жылы эле чыккан "Кыргыз адабиятынын очерктери" китеби кимдир бирөөнүн колуна тиет. Китептин "Колониялык доордогу кыргыз адабияты" деген бөлүмүн Тазабек Саманчин жазган эле. Эмне үчүн "колониялык доор" деген маселе коюлат. Кыргызстан КП(б) БКнын 1947-жылкы 9-сентябрдагы кеңешмесинин № 614 протоколу менен "зарзаманчылар" катуу айыпталып, алар тууралуу китепке киргизген Саманчинге эң оор айып тагылат. Ошол эле жылы 12-октябрдагы "Кызыл Кыргызстан" газетасына Кыргызстан КП(б) БКнын пропаганда боюнча секретары Керимкул Орозалиевдин "Кыргызстанда тарыхый илимди жана адабиятты өнүктүрүүнүн маанилүү милдеттери" деген макаласы чыгып, анда "улутчул-реакциячыл" акындарды изилдегени үчүн Тазабек Саманчин катуу сындалат. 1949-жылдын 10-апрелдеги "Кызыл Кыргызстан" газетасына П.Балтин, Г.Нуров, Ж.Самаганов – үчөөнүн шериктешип жазган "Т.Саманчиндин эмгектериндеги космополитизм жана буржуазиячыл-улутчулдук рецидивдер" деген бир жактуу сындаган макаласы жарыяланат. 1949-жылы 19-ноябрда пединститутта дарс окуп жаткан жеринен камакка алынат да, үйүндөгү кол жазмалары, китептери тинтилип, баарынын чакчелекейи чыгарылат. Тоталитардык-буйрукчул системанын желдеттери адабият үчүн жан күйгүзүп иштеп жаткан кишини айдоо менен башкалардын да үшүн алат. "Байчыл болсо", "эскини эңсесе", "заманачыл" болсо Молдо Кылыч болгондур да, Арстанбек менен Калыгул болгондур да, аны элге ачып берген Тазабек Саманчинде эмне айып деп эл адабиятчыны коргоп кала алган жок. Анын кармалышына "Манас" эпосун редакциялоолору, аны жайылтуулары да түрткү болгондой, аны менен кошо Зияш Бектенов менен Ташым Байжиев да камалат.
Абак жылдары жана андан кийинки котормолору. Ал жалган жалаа менен 1950-жылы түрмөгө түшөт. Болгондо да өтө катаал Казак ССРинин Жезказган шаарындагы абакка отургузулат. 12 жылга эркинен ажыратса да кайра-кайра арызданып отуруп, 1954-жылы акталып чыгат. Колунда акталганы тууралуу кагазы болсо да андан чочулап, жетекчилер "кыргызчылык" кылып жумушка албай кууратат, Кыргыз ССР Илимдер академиясындагы илимий кызматкерликти ыраа көрбөйт. Эптеп Кыргыз педагогика илим изилдөө институтуна жумушка орношуп, окуу китептерин жазуусун улантат. Ошол жылдары ал дагы башка талантын – котормочулугун өнүктүргөн. Мисалы, орус сынчысы Виссарион Белинскийдин чыгармаларын которуу өтө татаал болсо да, ал киши ошол макалаларды кыргыздар да окуп калсын деп которууга киришет, анын атактуу "Гоголго катын" кыргызча которуп, котормосу 1948-жылы чыккан улуу сынчынын тандалмалар жыйнагына киргизилген. Дүйнөлүк прозанын эң бийик чокусу болгон Лев Толстойдун "Анна Каренина" романын которуу дегени эле эмне деген эрдик, улуу сүрөткердин дүйнөсүнө даап киришүү ар кимдин эле колунан келе берген эмес. Бул китеп кыргызча эки жолу (1959, 1978) басылып чыкты. Максим Горькийдин чыгармалар жыйнагынын 1-2-3-томун, Рабиндранат Тагордун аңгемелер жыйнагын (1958), Цао Юйдун "Тайфун", Антон Чеховдун "Ваня таяке", Мирзагатовдун "Энемдин буурул чачы", Поповдун "Үй-бүлө", Лев Кассилдин "Көк муз, темир аяз" деген чыгармаларын которуп басмадан чыгарган, бир топ котормо пьесалары сахналаштырылган. Жумушу жок киши ушулар менен алаксыган. Буларды ишке ашырган Тазабек Саманчин кыргыз котормо өнөрүндө өз орду бар таланттуу инсан экендиги айтылбай келди. Балдызы Кутпа Бакировна Даниярова-Орозбаеванын айтуусуна караганда, ал дагы бир жолу көңүлү чөгүп, аябай ачууланганда көптөгөн котормолорун өрттөп таштаптыр. 70-жылдары "Макал-ылакаптан романга" деген көлөмдүү макалалар жыйнагы чыгып жаткан жерден басма планынан алып салынган, адабиятчы тууралуу маалымат Жазуучулар союзунун справочнигинен да чыгарып салыныптыр.
© Фото / из семейного архива ДанияровыхЖазуучу, адабиятчы, окумуштуу, котормочу Тазабек Саманчин уулу Бекташ жана кызы Гүлсана менен
Кандидат филологических наук, писатель Тазабек Саманчин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жазуучу, адабиятчы, окумуштуу, котормочу Тазабек Саманчин уулу Бекташ жана кызы Гүлсана менен
Булак көзүн ачкан... Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда (азыркы Кыргыз билим берүү академиясы) окумуштуулар методикалык жардам берүү үчүн айыл мектептерине барып турган. Ошондой иш сапарларынын биринде Тазабек Саманчин Ош облусунун Кадамжай районунун Жданов атындагы мектебинен жаш мугалимдин сабагына кирип, аябай ыраазы болуп, "Советтик Кыргызстан" газетасына "Адабият мугалими" деген очеркин чыгарат да, жаш мугалимдин чыгармачылык изденүүлөрүн жогору баалайт. Ал мугалим азыр Талас районундагы "Арал" орто мектебинде иштеп жаткан атактуу Бектур Исаков эле. Саманчин аябай көрөгөчтүк кылып, жаш мугалимдин булагынын көзү ачкан. Тазабек Саманчин – билим берүү тармагында, өзгөчө кыргыз адабиятын окутуу багытында омоктуу орду бар окумуштуу-методист болгон. Анын "Чоңдор үчүн алиппе" деп аталган китеби үч жолу басылып, элдин сабатсыздыгын жоюуда өзгөчө мааниге ээ болгонун жогору жакта айтып өткөнбүз. Ал 8-класстар үчүн адабият окуу китебинин авторлорунун бири болуп, Бектурсун Алымов менен биргеликте жазылган 8-класстар үчүн окуу китеби кыргыз балдарынын бир нече муунун тарбиялоого кызмат кылып, 1964-жылдан 1972-жылга чейин 7 жолу басылып, кыргыз педагогикасында өз орду бар эмгек катары билим берүүнүн тарыхында калды. Тазабек Саманчин кыргыз адабияты китептерин эмпирикалык формадан орус совет адабиятынын салттарына жеткирүүгө аракет кылган адис эле, ал көп чыгармаларды окуу китебине киргизүү үчүн өзү кайра которуп чыккан, керектүү жерлерин балдарга ылайык адаптациялаган, методикалык аппарат менен жабдыган.
Адабиятчыны эскерүү. Кыргыз адабиятына ак кызмат кылып, ошол ак кызматы үчүн абакка түшүп, ичтен жеген курттай ызалыктын, өксүктүн оорусуна чалдыгып, үй-бүлөсү да атасынын атын айтуудан айбыгып, ушундай оор психологиялык абалда жүрүп оорусу улам күчөп отурган да, акырында катуу оорунун (гипертония) айынан 1979-жылы үчүнчү жолу инсульт алып, каза болгон. Анын байбичеси Гүлбара эже балдары менен көзү тирүүсүндө жакшы сөз укпай калган жубайынын атын бир көчөгө бердиртип, Бишкектин мурдагы Кама көчөсү азыр Тазабек Саманчин атындагы көчө деп аталат. "Макал-ылакаптан – романга" деген мурда чыкпай калган китебин балдары чыгарышты.
Үй-бүлөсү. Жубайы Гүлбара Бакировна Даниярова (1923-1991) Ленинграддан азыркы Агриппина Ваганова атындагы балет училищесинде билим алып келген. Кыргыз балет тармагына эбегейсиз эмгек сиңирген, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу балет жылдыздарын тарбиялаган. Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык училищесинде узак жылдар бою иштеген. Улуу кызы Бермет – фармацевт, биология илимдеринин кандидаты. Дагы бир кызы Гүлсана Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы деп аталган медициналык мекемеде аймактык дарыгер. 1947-жылы туулган уулу Бекташ Тазабекович Саманчин көп жылдар бою Политехникалык институтта инженер-электрик катары студенттерге билим берип келди.
Кандидат филологических наук, писатель Тазабек Саманчин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Атамдын эмгектерин көз алдында өрттөшкөн. Тазабек Саманчиндин кызы менен маек
Кыргыз Республикасынын эл акыны Рамис Рыскулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0