Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда: НАТО Россия менен жаңжалдашабы?

© REUTERS / INTS KALNINSАскердик базага америкалык аскерлердин келүү аземинде НАТОнун желеги
Аскердик базага америкалык аскерлердин келүү аземинде НАТОнун желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Эгер НАТО польшалык аэродромдордон Украинадагы россиялык куралдуу күчтөргө авиациялык сокку ура турган болсо, бул альянстын Россия Федерациясына каршы тикелей агрессиясы катары кабылданат.
Евробиримдик өзүн Пентагондун кызыкчылыгына баш ийген НАТОнун бөлүгү катары санайт. Ушу тапта ЕБ менен Чыгыш Европанын бир катар мамлекеттери Киевдин нацисттик режимин коргоо үчүн "ыктыярчыларын" жиберүүнү, аскер авиациясы менен курал-жарак жөнөтүүнү талкуулап жатат. Акылга сыйбаган мындай жорук Россия менен куралдуу кагылышууну, Европа менен АКШда термоөзөктүк согуштун башталышын шарттайт. Ошентсе да Украина президенти Владимир Зеленскийдин суранычы менен эле планетаны жок кылып жиберүүгө эч ким шашылган жок. Кырдаалдын чоо-жайын аскерий баяндамачы Александр Хроленко айтып берди.
Эң биринчиси жана эң маанилүүсү: РФ коргоо министри Сергей Шойгу 1-март күнү россиялык куралдуу күчтөрдүн тобу Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операцияны улантууда.
Туура эмес маалыматтарды жайылтып жаткан батыштагылар, ЕБ менен НАТО аткаминерлеринин риторикасы, Украина бийлигинин ылгабай элге курал таратышы жана АКШнын Россияга каршы санкциялары — "Z" операциясынын темпи менен максатына эч кандай таасир тийгизе албайт. Азыр көз карандысыз Россиянын келечеги үчүн күрөш жүрүп жатат.
Тыштан куралдуу кийлигишүү болсо РФ Коргоо министрлиги НАТОго АКШны кошуп туруп аскердик башкаруу борборлоруна сокку узатат. Россия президенти Владимир Путин бул тууралуу 24-февралда алдын ала эскерткен, ал эми 27-февралдан тарта Россиянын стратегиялык күчтөрү өзгөчө режимдеги аскердик нөөмөткө өттү.
Украинага курал ташылып жатканын европа дипломатиясынын жетекчиси Жозеп Боррель менен G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери айтты. Ошентсе да Украинага Болгария, Польша жана Словакиянын Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы 56 МиГ-29 истребителин жана 14 Су-25 штурмовигин бериши ача пикир жаратууда.
Эгер НАТО польшалык аэродромдордон Украинадагы россиялык куралдуу күчтөргө авиациялык сокку ура турган болсо, бул альянстын Россия Федерациясына каршы тикелей агрессиясы катары кабылданат. Мунун "өнөктөштөр" үчүн кесепети оор болот. Киев режимине аскер авиациясынын жеткирилиши боюнча маалыматтын Болгария премьери Кирилл Петков менен Польша президенти Анжей Дуда тарабынан шашылыш четке кагылышы тегин жерден эмес.
Украинанын аба мейкиндигинде НАТО Куралдуу күчтөрүн пайдалануу Пентагон менен альянстын Россия менен куралдуу кагылышууга даярдыгын билдирет. Бул Европа менен Түндүк Америка элдери термоөзөктүк согушка күбө болорунун кепилдиги.
АдГ парламенттик тобунун лидери Алиса Вайдель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Немец депутаты: Украинага НАТО менен ЕБге мүчөлүк убадалоо чоң ката болгон

"Drang nach Osten" катастрофасы

Куралдуу күчтөрүнүн фералдагы жоготууларынан кийин Киев режиминин МиГ-29 истребители менен Су-25 штурмовиктерин пайдаланууну билген, даярдыктан өткөн учкучтары жетишсиз. Бирок шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи, НАТОнун сокку уруучу авиациясынын Украинага жеткирилиши тууралуу маалымат кандай болгон күндө да тыкыр көзөмөлгө алынышы кажет.
Батыш Украинанын нацисттерге алданган эли менен аймагын Россияга каршы пайдаланууну улантып жаткан чакта баарын күтсө болот. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан жерге Болгария, Польша жана Словакиядан истребитель менен штурмовиктердин келиши деле чындык болушу толук мүмкүн.
Бул СССРдин убагында чыгарылган 70 учак — азыр Чыгыш Европада "Варшава келишиминин" аскер-аба күчтөрүнөн калган болгон-бүткөн техника. Эскирсе да учууга жарайт.
Буга караганда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн резервинен F-16 истребителинин жеткирилиши боюнча вариант реалдуураактай сезилет. Бирок украиналык учкучтарды окуп-үйрөтүү үчүн убакыт керек, "өнөктөштөрдө" дал ушул убакыт жагы кыйын болуп турат.
Кандай болгон күндө да Россиянын аскер-космостук күчтөрү НАТОнун польша-украин чек арасын кесип өткөн бардык истребители менен штурмовиктерин ыкчам иштен чыгарууга жөндөмдүү. Каршылаштын авиациясынын Беларусь аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүгү андан бетер аз — республиканын стационардык жана мобилдүү абадан коргонуу каражаттарынын бардык соккуну кайтарууга алы жетет. Россияны түштүк тараптан Кара жана Жер ортолук деңиздердеги аскер-деңиз флотунун ракеталык кемелери, ошондой эле Сириянын Хмеймим базасындагы ракетасы бар авиация коргоп турат.
Россиянын аскердик-техникалык инструменттердин колдонуусуна Батыштын агрессиялык реакциясы Пентагон менен НАТОнун кооптуу плацдармына айланган Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо зарылдыгын ачыктап турат.
Киев режими азыр Москвага койгон талаптарын унутушу керек, Батыштын аскерий жардамы менен чет элдик жалданмалар легионунун көмөгүнө үмүтүн өчүрүп, түзүлгөн кырдаалда өзүн өзү жок кылуу тууралуу чечимди кабыл алышы керек. Капитуляция аскер кылмышкерлерине жок дегенде өмүрүн сактап калууга өбөлгө болот.
АКШ менен НАТО Россияны жок кылууга абдан куштар. Украинадагы окуялардын фонунда альянс биринчи ирет өзгөчөлөнгөн аскердик күчүн пайдаланды, бирок колу кыска.
Евробиримдик Россияга экономикалык жана финансылык согуш жүргүзөрүн убадалады. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова: "Түшүндүк. Евробиримдик түзүлгөнгө чейин эле түшүнгөнбүз. 800 жыл мурун", — деп какшыктады.
Украинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты

Жаңы тарых

Россиянын атайын операциясын көп полярдуу дүйнө Вашингтон менен Брюссель каалагандай кабыл алган жок. АКШ менен НАТОнун кечээ жакында Ирак, Югославия, Афганистан, Ирак жана Сириядагы "демократияны жайылтуу" аракетинен соң дүйнөдөгү мамлекеттердин көбү Россиянын аскерий аракеттери аргасыздык экенин, коргонуу мүнөзгө ээ экенин түшүнүп жатат. НАТОнун чыгышка кеңейишин, Киевдеги мамлекеттик төңкөрүштү Москва уюштурган жок. Украинада 8 жылдан бери уланып келе жаткан орустарга каршы согушту да Россия баштаган эмес.
Россиялык операция катуу ооруган бейтаптын өмүрүн сактап, согуш кооптуулугун чыккан жерине оодарууда. Ошол себептен ЕБ менен НАТО өлкөлөрүнүн ичине ажырым түшүп, ички саясаты олку-солку болуп турат.
ЕБ менен НАТОнун көз көрүнөө жасалган эки жүздүүлүгүнөн улам Болгария бийлиги Киев режимине болгону чатыр, жууркан-төшөк, кийим-кече, бут кийим жүктөлгөн бир нече автоунаа жөнөтүү менен чектелип, украиналык качкындарды кабыл алып, интеграциялоого гана макулдук берди.
Грузия жетекчилиги Украина боюнча аракеттерге такыр аралашпай турган болду, туура чечим. Венгрия Украинага курал-жарак жөнөтүүдөн баш тартты. Германия Россия менен түз тирешүүдөн оолактап барат, Бундестагда акыркы күндөрү Батыштын Россия боюнча саясаты кыйрап баратканын айткан билдирүүлөр көбөйүүдө.
Антироссиялык ажаандыкка мындан арзыбаган аскер потенциалы бар Балтика өлкөлөрү көбүрөөк алдырууда. Мисалы, Латвия өз жарандарына Украинада Россияга каршы согушууга уруксат берди, бирок бул туңгуюк жол.
Украина жаңжалы — бул АКШнын дүйнөнү будуң-чаң түшүрүү саясатынын жыйынтыгы. Баары бүтөрүнө аз калганына карабастан америкалык президент Жо Байден өзөктүк согуш кооптуулугу жок деп отурат. Башкача айтканда, Батыш Россия менен чындап согушууну жана ийгиликсиз "украина долбоору" үчүн планетаны кыйратууну каалаган жок.
Пентагон жетекчисинин экс-кеңешчиси Дуглас МакГрегор америкалык телевидениеге маек куруп жатып "Владимир Путин биз Кубада россиялык армиянын болушун каалабагандай эле АКШ күчтөрү менен ракеталарынын өз чек арасына жакын келишин каалабайт" деп кыска-нуска белгиледи. "Биз укпай койдук, көңүл бурбай койдук... 15 жыл мурун эскерткен нерсесин жасап жатат"...
Америкалык полковниктин сөзүн Maxar Technologies компаниясынын спутниктен тартылган сүрөттөрү коштоодо, анда россиялык сооттолгон техниканын Киевдин кире беришинде турушу чагылдырылган.
Bannockburn Global Forex борборунун башкы рыноктук стратеги Марк Чендлер: "Биз ок менен согушпайбыз. Аларды финансылык жактан муунтабыз", — деди. ЕБ Россияга каршы катаал, тизеге чаба турган санкцияларды киргизүүгө аракет кылып жатат, бирок согуштук аракеттердин НАТО аймагына жайылышына жол бербейт. Экономикалык санкциялар — бул Батыштын мифологиялык куралы.
Ким кимден көз каранды экенин дагы көрө жатабыз. Россия өз короосун иреттеп тартипке келтирип жатат. Өлкөнүн аскер-технологиялык потенциалы өтө кеңири. Экономикасы туруктуу, социалдык колдоо күчтүү — Россиянын операциясын калктын 68 пайызы колдоодо. Өзүнүн союздаштык милдетин Беларусь да аткарууга даяр турат.
РФ Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, ДЭР бөлүктөрү Донецк облусунун чек арасына чыгып, Украина куралдуу күчтөрүнүн Азов деңизине чыкчу жолун бууп, жээгин көзөмөлгө алган россиялык армияга кошулду. РФ куралдуу күчтөрү Украинанын аскер инфраструктурасынын жалпы 1 325 объектисин жок кылды. Жоокерлер жай тургундарга өтө этият мамиле жасоодо, атайын операция өз ырааты менен максатына карай бара жатат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн курчоодо калган түштүк-чыгыштагы бөлүктөрү куралын ташташы керек, болбосо жок кылынат. Киев режиминин демилитаризация менен денацификацияга даяр болушу операциянын соңун жакындатышы мүмкүн. Украина нейтралдуу макам алат да, бул Москванын көптөгөн союздаштары менен каршылаштарына жакшы сабак болуп берет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"1941-жылдын 22-июну" кайталанбайт! Украинаны куралга толтурган НАТОго жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0