Сауд Арабия өлкөдөн экологиялык таза продукция импорттоого кызыкдар

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСауд Аравиянын желеги. Архив
Сауд Аравиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Өкмөт башчынын орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция Сауд Арабияга керектүү көлөмдө жеткирүү үчүн шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандын жана Сауд Арабия Королдугунун ири инвестициялык компанияларынын бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кожошев форум кыргыз жана сауд ишкерлеринин ортосунда өз ара пайдалуу келишимдерди түзүү аянтчасына айланат деген ишенимин билдирген.
© Пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандын жана Сауд Арабия Королдугунун ири инвестициялык компанияларынын бизнес-форумуна катышты
Рабочая поездка в Эр-Рияд первого зампреда кабмина Арзыбека Кожошева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандын жана Сауд Арабия Королдугунун ири инвестициялык компанияларынын бизнес-форумуна катышты
"Бүгүнкү иш-чарага сауд өнөктөштөрү менен эки тараптуу кызматташууну түзүүгө жана өнүктүрүүгө умтулган экономиканын түрдүү тармактарынан 100гө жакын кыргызстандык компания катышууда. Ошондой эле көп сандаган сауд ишкерлердин катышуусу алардын да кызыкдар экендигинин далили болуп саналат", — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Ал Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция Сауд Арабиясында чоң суроо-талапка ээ болуп турганын белгилеп, аны керектүү көлөмдө жеткирүү үчүн шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалаган.
Натыйжада эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүндөгү өкүлдөрүнүн ортосунда төрт документке кол коюлган:
"Кыргызстандын шамал жана күн электр станцияларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси — Fas Energy;
"Кыргызстандын шамал жана күн электр станцияларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси — Ajlan&Bros Holding Group;
Айыл чарба министрлиги — Ajlan&Bros Holding Group;
"Gimnili" жоопкерчилиги чектелген коому — Ain Salsabilla Trading Company.
Ошондой эле Арзыбек Кожошев Эр-Риядга жумушчу сапарынын алкагында Жидда шаарынын Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Мухаммад бин Юсуф Аль Наги менен жолугушкан. Өкмөт өкүлү эки тараптуу кызматташууда, анын ичинде экономика, соода, энергетика, туризм, инвестиция жана логистика тармактарында потенциал бар экенин айткан.
© Пресс-служба правительства КРОшондой эле Арзыбек Кожошев Эр-Риядга жумушчу сапарынын алкагында Жидда шаарынын Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Мухаммад бин Юсуф Аль Наги менен жолугушкан
Рабочая поездка в Эр-Рияд первого зампреда кабмина Арзыбека Кожошева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Ошондой эле Арзыбек Кожошев Эр-Риядга жумушчу сапарынын алкагында Жидда шаарынын Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Мухаммад бин Юсуф Аль Наги менен жолугушкан
Мухаммад бин Юсуф Аль Наги Сауд Арабиясы Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого кызыкдар экендигин кошумчалаган.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы Ишкерлер кеңешинин жыйынын жакын арада Кыргызстанда өткөрүү боюнча макулдашышкан.
Белгилей кетсек, 25-февралда Эр-Риядда Digital City көп функционалдуу комплексинин ("Санариптик шаар") аянтында Кыргызстандын продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси ачылган. Ал өлкөнүн Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан уюштурулган.
Жарманкеге катышкан компаниялар Кыргызстандын продукциясын гана таанытпастан, Сауд Арабиянын бизнес чөйрөсү менен инвестиция тартуу жана республикада биргелешкен ишканаларды түзүү максатында ишкердик байланыштарды түзүп жатканы белгиленет.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө маданий иш-чаралар да пландаштырылган. Атап айтканда, КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин, опера театрынын жана эстрада солисттеринин, манасчылардын, элдик өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, кийиз буюмдарын жасоо боюнча мастер-класстарды көрсөтүү менен элдик кол өнөрчүлөрдүн чыгармачылыгы тартууланууда.
Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын туристтик операторлорунун, агробизнесинин, кол өнөрчүлөрүнүн жана маданий ишмерлеринин көргөзмө-жарманкеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Эр-Риядда Кыргызстандын айыл чарба жана маданий көргөзмөсү ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0