Миңдеген киши жарышка түшкөн ШКУнун Ысык-Көл марафону. Катышуу жолу

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык Run the Silk road марафонунун катышуучусу. Архивдик сүрөт
Эл аралык Run the Silk road марафонунун катышуучусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Бул мелдеш Кыргызстандагы маанилүү спорттук иш-чаралардын бири болуп саналат. Анда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга ири турнирлерге лицензия берилет.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 14-майда ШКУнун эл аралык Run the Silk road марафону старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Ысык-Көл марафону быйыл онунчу ирет өткөрүлмөкчү.
Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, ошондой эле калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлөт.
Бул мелдеш Кыргызстандагы ири спорттук иш-чаралардын бири болуп саналат. 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет.
Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана башка спорт сүйүүчүлөрү катышат. Быйыл мелдеште 3 000ден ашык киши болору күтүлүп жатканы айтылды.
Жарышта спортчулар 42, 21, 10 чакырымдарга чуркап, скандинав ыкмасы менен 3 жана 10 чакырымга баса алат. Марафондун байге фонду миллион сомдон ашат.
Катышам дегендер 10-майга чейин runthesilkroad.com сайтына кирип билдирмени толтурушу керек. Кошумча суроолорго жоопту 0312 88 64 10 жана 0778 916 858 номерлеринен алууга болот.
Тоо-лыжа базасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Ысык-Көлдө беш жерге лыжа базасын куруу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0