Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФтин Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн машыгуусу өттү. Батыш үчүн мааниси кандай?

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүПлесецк космодромунан Камчаткага карай континенттер аралык "Ярс" коё берилген
Плесецк космодромунан Камчаткага карай континенттер аралык Ярс коё берилген - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Жазылуу
Россия тегиз коопсуздук жөнүндөгү АКШ жана НАТО менен диалогунда дипломатия мүмкүнчүлүктөрүн түгөтө элек.
Ошол эле учурда Москва көндүрүүнүн аскер-техникалык инструменттерин – гипер үндүү жана өзөктүк ракеталарын, аларды пайдаланууга саясий эрк жана технологиялык даярдыгын Вашингтонго көрсөтүүдө.
Европада жана дүйнөдө россиялык улуттук кызыкчылыктарды көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес. Украина маселеси – болгону жамааттык Батыштын чоң көйгөйүнүн бир гана үзүмү. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко РФтин Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн машыгууларына баам салуу менен келечекке да карай көз чаптырган.
"Биз зарыл деп эсептеген нерселерди аткаруудабыз, мындан ары да ушундай болот... Россия эли жана мамлекетинин улуттук кызыкчылыктарына шайкеш так, түшүнүктүү багытыбыз бар", – деп билдирди РФ президенти Владимир Путин белоруссиялык лидер Александр Лукашенко менен 18-февралда сүйлөшкөндөн кийинки сөзүндө.
Эртеси күнү Жер ортолук деңизден Заполярьеге, Балтикадан Охота деңиздерине чейинки кеңири географиялык мейкиндикте РФтин Аскер-деңиз флоту жана Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн пландык окууларына тартылган канаттуу, гипер үндүү жана баллистикалык ракеталар жапырт коё берилди.
Капыстан Вашингтон жана Брюссель россиялык чек арага жакын кайсы бир аймакта согуштук аракеттерди тутантып калса да Москва глобалдык согуштук жаңжалга жогорку технологиялык жактан даяр экенин так кесе жана таасын көрсөткөндөй болду.
РФтин өзөктүк куралдарды пайдалануу менен машыгуулары боюнча суроолорго жооп берген АКШ президенти Жозеф Байден аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ынанбастыгын,
Каспий флотилиясынын кемелери парад учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дүйнөлүк океандагы артыкчылык. РФтин Каспий флотилиясына мүнөздөмө
Владимир Путин "Европадагы өрүштү өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин гана дүйнөгө көрсөтүүгө" умтулуп жатканын белгиледи. Ишенбей бекер кылат. Анан калса Украинага "кол салуу" жөнүндө украиналыктардан да көбүрөөк тынчсызданат.
Россия жана АКШ коопсуздук жаатында бирдей укуктарга ээ, аларды бир жактуу чечмелеп же америкалыктардын үстөмдүгүнө жол берилбейт.
1945-жылы Хиросима менен Нагасакини, 1999-жылы Белградды, 2011-жылы Триполини бомбалоо үчүн Кошмо штаттардын объективдүү себептери жана эл аралык укуктары азыркы учурдагы Москваныкынан алда канча аз болгон. Ушул тапта РФтин чек араларына жакын Пентагон менен НАТОнун аскердик бөлүктөрү жана сокку уруучу куралдары жайгаштырылды. Россиялык кызыкчылыктар жаатында аскердик чагымчылдыктар ыкчам же стратегиялык чара көрүүгө түртөт. АКШ жана альянс үчүн Европа континентинде бомбалоого ылайык "куугунтукталган өлкө" болбойт.
19-февралда бир нече географиялык түйүндө ооздуктоочу россиялык Стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн машыгуулары РФтин жогорку башкы командачысы Владимир Путиндин жетекчилигинде өттү. Кремлдин кырдаалдык борборунан аскердик окууларга РФке союздаш Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко көз салды.
Куралдануу тутуму өз аскердик мүнөздөмөлөрүн тастыктап, коё берилген гипер үндүү, канаттуу жана баллистикалык ракеталар окуу алкагындагы буталарын жок кылды.
Астрахань облусунда "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстери күчүн көрсөттү. Канаттуу "Калибрлер" Кара деңиз флотунун "Грайворон" ракеталык кемесинен жана Түндүк флотко таандык суу түбүндөгү кайыктарынан старт алышты.
Миг-31К истребителдери гипер үндүү Х-47М2 "Кинжал" ракеталары менен сокку уруп, бир эле убакта Балтика жана Жер ортолук деңиздеринин асманында пайда болуу менен болжолдуу душманды бир топ түйшөлттү. Гипер үндүү "Циркондор" кургактагы да, деңиздеги да буталарына "Адмирал Горшков" фрегатынын бортунан сокку урду.
Ту-95МС стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучулары Камчаткадагы "Кура" жана Комидеги "Пембой" полигондорундагы буталарын кыйратты. Баренц деңизинде стратегиялык багыттагы атомдук ракеталык суу түбүндөгү "Карелия" крейсери континенттер аралык "Синева" баллистикалык ракетасын коё берди. Плесецк космодромунан Камчаткага карай континенттер аралык "Ярс" коё берилген.
Масштабдуу машыгууларга РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык, Түндүк аскердик округунун, Түндүк жана Кара деңиз флотунун күчтөрү, Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн учактары катышты. Агрессивдүү блокту таамай тактикалык куралдар, гипер үндүү жана канаттуу ракеталар менен тынчтыкка мажбурлоого мүмкүн болбой калган кезде россиялык өзөктүк үчтүк – Стратегиялык багыттагы ракеталык жоокерлер, Аскер-деңиз флоту жана Аба-космостук күчтөрү кошулат. Жердеги гана Стратегиялык өзөктүк күчтөрдө ракета коё берүүчү түзүлүштөрдүн 95 пайызынан ашууну дайымкы даярдыкта турат.
Өзөктүк октуу континенттер аралык баллистикалык ракеталардан тышкары Россия НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасынын 70 чакырым бийиктикте электромагниттик куралды пайдалана алат. Ал альянстын Улуу Британиядан Польшага чейинки бардык электр түйүндөрүн, структураларынын бирин калтырбай иштен чыгарып салууга жөндөмдүү.
Аскердик окуунун аягында РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов РФ президентине Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн жооп кайтаруу соккусу менен "душмандын мизин кайтарууга" машыгуу ийгиликтүү өткөнү боюнча маалымат берди. Бул "өзөктүк ишарат" Вашингтон жана Брюсселге жеткен чыгар.
Америкалык окумуштуулар федерациясынын маалыматы боюнча, РФтин 6 372 өзөктүү дүрмөтү бар, алардын 1 570тен ашууну аларды ташуучуга орнотулуп, калганы резервде турат. Элестүү түрдө Түндүк Америка жана Батыш Европаны толук талкалоого россиялык өзөктүк арсеналдын ондон бири эле жетиштүү.
636.3 долбоорундагы суу түбүнө ылайыкталган алты Варшавянка дизель-электрдик суу астындагы кайыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жабык Кара деңиз: Россиянын машыгуусу — опуза эмес, эскертүү
Ал эми Кошмо Штаттардын 5800 өзөктүк ок-дарысы бар, алардын ичинен 1600гө жакыны бир топ эскирип, аларды ташуучулар да көйгөйлүү. Бир жагынан Россия жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жоокерлери Канада жана Мексика тараптан америкалыктарга кол салуу коркунучун жаратпайт. Бир өлкө үстөмдүк кылчу убак өткөн. Пентагондун чектен ашкан бюджети да жеңиш алып келбей калган. Россия менен согуш АКШ жана НАТО үчүн кыйроо болот. Андан көрө Европа менен Азияны жайына коюп, Пентагондун аскерлерин Түндүк Америкадагы казармаларга кайтарганы алда канча коопсуз. Бул канчалык эрте болсо, ошончо жакшы. Кытай эл республикасынын Тышкы иштер министри АКШдан украиналык маселеде Россиянын тынчсыздануусун да эске алууну тегин жерден талап кылбагандыр, анткени ушундай эле өңүттөгү Тайвань темасы да бар.
Европа биримдигинин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында Россия менен Кытайдын "түптөлүп калган дүйнө тартибин кайра карап чыгуу" ниети жөнүндө санааркоо менен билдирди. Чындап эле Батыштагылардын көпчүлүгү каалаган шылтоосу менен планетадагы коңшуларын (Ирак, Афганистан, Югославия, Ливия, Сирия) бомбалоо жана талап-тоноп, башкалардын эсебинен кенен-кесир жашоого кынык алган. Мындай "тартип" өлкөлөрдүн көпчүлүгүнө зыян келтирип, өнүгүүгө бөгөт болот. Көп полярдык дүйнөнүн жаңы лидерлери – Россия менен Кытай аны бардык дипломатиялык жана аскер-техникалык каражаттар менен ийгиликтүү курап чыгат. Тарыхтын кайра кайтпастыгын туура ой жүгүртө алган америкалыктар жана европалыктар жакшы түшүнүп турушат.
Персид булуңундагы согуштун ардагери, АКШ армиясынын полковниги Дуглас Макгрегор Fox News каналынын эфиринде тышкы саясат жаатында америкалык президенттин "түркөйлүгүн" белгилеп: "Президент Байден Россиянын кызыкчылыгы мааниге ээ болбогондой, эч кандай роль ойнобогондой аракет этүүдө… Россия Чыгыш Европада биз алсыз экенибизди көрсөткүсү бар. Россияга каршы санкциялардын бүт дүйнө колдоп жатканына далил көрбөй турам. Адамдардын көпчүлүгү Украинаны Россиянын улуттук коопсуздук маселеси катары эсептеп жатышы туура эле".
АКШнын кыйроого кептей турган украиналык долбоорун Европа да четке кагууда. Германиянын канцлери Олаф Шольц: "Бекем коопсуздукка Россияга каршы эмес, Россия менен гана жетүүгө болорун европалыктарга айдан ачык", - деп билдирген эле.
АКШ менен НАТОнун агрессивдүү саясатынын уланышы – Жердин калган жети миллиардынын өмүрү жана бакубатчылыгын барк албагандыгы. Кыязы кызыкчылыктардын кагылышы болбой койбойт өңдүү. Арам тамактык менен күн көргөн мамлекет жана альянстар келечекте аскер-техникалык жол менен жок кылынышы ыктымал.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Россиянын аскер кызматкери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Эки бөлөк чечкиндүүлүк. Эки ири өлкөнүн аскердик машыгууларына сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0