Төрт кыргызстандык 25 жашка чейинки мыкты балбандардын рейтингине кирди

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Эл аралык уюм рейтингге кирген спортчулар чоң ийгиликтерди жаратканын, алардын кармаштарын күйөрмандар чыдамсыздык менен күтөрүн белгилеген.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык төрт спортчу жынысына жана күрөштүн түрүнө карабастан 25 жашка чейинки мыкты балбандардын катарына кирди.
Келечектүү атлеттердин тизмесин Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) өткөн дем алыш күнү жарыялады. Эл аралык уюм рейтингге кирген спортчулар чоң ийгиликтерди жаратканын, алардын кармаштарын күйөрмандар чыдамсыздык менен күтөрүн белгилеген.
"UWW 2022-жылы шоу уюштура турган 25 спортчуну сунуштайт. Алар 25 жашка чейин эле өздөрүн дүйнөгө тааныта алды, эми аларды эки жылдан кийин боло турчу Париж Олимпиадасынан да күтөбүз", — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.
Рейтингдин сап башында япониялык балбандар Юи Сусаки менен Такуто Отогуро жайгашкан. Экинчи орунда Айсулуу Тыныбекованын эзелки атаандашы, япониялык Юкако Каваи орун алган. Үчүнчү сапта 20 жаштагы ирандык спортчу Амир Хоссейн Заре турат.
Кыргызстандык спортчулар Мээрим Жуманазарова алтынчы, ал эми Акжол Махмудов жетинчи сапта жайгашкан.
Эрназар Акматалиев 15-орунга, Айпери Медет кызы 17-орунга илинген.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жөжөнү күздө санайбыз! Акжол Махмудов 3-орунду алып, беттеш тууралуу үн катты
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Кыргызстандык балбан Болгариядагы турнирде алтын медаль утту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0