Мууздалган келинди "тирилткен". Көп кырдуу талант Насирдин Байтемиров тууралуу 9 факт

© Фото / из семейного архива БайтемировыхКыргыз эл жазуучусу Насирдин Байтемиров (оңдон экинчи) жана жубайы Мария Бейшеналиева (солдон экинчи). Архив
Кыргыз эл жазуучусу Насирдин Байтемиров (оңдон экинчи) жана жубайы Мария Бейшеналиева (солдон экинчи). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Насирдин Байтемировдун кыргыз адабиятындагы орду өзгөчө белгилөөгө татыйт, Чыңгыз Айтматовдун сыпаттоосу менен айтканда берекелүү "тегирменчи". Поэзиянын, кара сөздүн, драматургиянын дыйканы. Тарыхый инсандарга "жан киргизип", экинчи жашоо берген чебер.
Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, жазуучу, акын жана драматург Насирдин Байтемиров жөнүндө тогуз фактыны Sputnik Кыргызстандын окурмандарына тартуулайбыз.
Айтылуу Кегетинин кулуну. Насирдин Байтемиров 1916-жылы 14-апрелде азыркы Чүй өрөөнүнүн Токмок шаарына жана Бурана мунарасына жакын Кегети деген айылда туулган. Суунун башы, тоонун этеги, малга жана жанга жагымдуу бул айылдан илгертеден эле аалымдар менен чечендер чыккан. Анын энеси Арууке да кошокчу, ырга, сөзгө жакын аял болгон. Мындай өзгөчөлүк апасынан агасы Касымга да өткөн. Ошол жылдарда Чүй бооруна таанымал Калмырза, Жаманкул, Осмонкул деген ырчылардын чыгармаларын да боюна сиңирип өсөт. Кегетиде мектепти аяктайт, анан Фрунзеге келип, зооветеринардык институттун даярдоо бөлүмүндө окуп, 1934-жылы аталган окуу жайынын 1-курсуна кабыл алынат. Окуу жайын 1937-жылы бүтүрүп, эки жыл армияда кызмат кылып келип, ошондон 1945-жылга дейре совхоздо эсепчи, зоотехник, комсомолдук кызматкер, мектепте мугалим болуп иштеп, совхоздо бөлүм башчы да болгон. Дал ушул жылдарда болочок китептери үчүн азык болор турмуштук көп окуяларды башынан өткөргөн.
Чыгармачылыгынын башталышы. Насирдин Байтемиров үй-бүлөсүнүн, оозеки чыгармачылык чөйрөнүн жана профессионал адабияттын таасиринде жүрүп, ыр жазып, 1934-жылы "Ленинчил жаш" газетасына "Жаш тилек" деген биринчи ыры басылат. Ар кимден, көбүнчө энеси менен Касым агасынан угуп жүргөн жомокторду ыр менен жазып чыгат, алар топтолуп 1939-жылы "Жомоктор" деген ат менен чакан китеп түрүндө жарыяланат. Согуш бүткөн соң отузга келип калган жаш жигит шаарга барып, адабий чөйрөгө аралашкысы келет. Бактыга жараша, аны ошол кездеги коммунисттердин органы болгон "Кызыл Кыргызстан" деген газетага кабарчылык ишке алышат. Абдан тез иштеген журналист-жазуучу ошол мезгилде согуш учурунда эрдик көрсөткөн учкуч тууралуу "Азамат" повестин жазып салат, ал 1948-жылы өзүнчө китеп болуп жарык көрөт. 1949-жылы "Салтанат" романы чыгып, анда бир совхоздун активдеринин жеңиш үчүн кылган аракеттери көрсөтүлөт. Мына ушул удаа чыккан эки китеп жаш жазуучунун атын элге таанытат, кыргыз адабиятына кызыктуу жазуучу келгенинен кабар берет.
© Фото / из семейного архива БайтемировыхЖазуучу, акын жана драматург Насирдин Байтемировдун кыргыз адабиятындагы орду өзгөчө
Народный писатель КР, прозаик, драматург Насирдин Байтемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазуучу, акын жана драматург Насирдин Байтемировдун кыргыз адабиятындагы орду өзгөчө
50-жылдардын эң китеби көп чыккан жана таанымал жазуучусуна айланат. Бул мезгилде кыргыз адабиятына согушту көргөн жана айрымдары ошол алааматка катышкан муун келет. Алар 30-40-жылдардын адабиятынан бир кыйла жогору көтөрүлүүгө аракет кылган. Ошондой жаш күчтөрдүн бири Насирдин Байтемиров 1947-1950-жылдарда, кийин 1955-1967-жылдарда Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий кеңешчи болуп иштейт. Ортодо 1951-1955-жылдарда Москвадагы Максим Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунда билим алат. Ушул элүүнчү жылдарда ал таң каларлык активдүүлүгүн көрсөтүп, он төрт китебин, анын ичинде көлөмдүү төрт романын, эки повестин жарыялаган. "Акыркы ок" деген романын 1955-жылы чыгарат да, чыгарма тууралуу оң жана терс пикирлер көп айтылып, кайра оңдоп жазып, анысы 1958-жылы кайра чыгат. Ошол эле жылы орусча "Последний патрон" деген ат менен басылып, адабий сында дурус бааларга арзыйт. 1959-жылы чыккан "Жылдызкан" романы бир каармандын өмүр баянын чагылдырат. Кызыгы, чыгарманын прототиби катары Социалисттик Эмгектин Баатыры Өлмаскан Атабекованын өмүр жолу негиз кылынып алынган.
Памятник Уркуе Салиевой. 2015 г. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2017
24 жашында мууздалган Уркуя Салиева жөнүндө 15 факты
"Тарых эстелиги" романы. Роман тарыхый-биографиялык мазмунда жазылган, б.а., тарыхта жашап өткөн Уркуя Салиеванын өмүр жолун баяндайт. Ал болсо советтик бийлик орноп жаткан кезде Түштүк Кыргызстанда, анын ичинде Ноокат районунда эскинин калдыктары менен күрөшүп, тап душмандарына каршы турган, Борбордук Азиянын мусулман аялдарынын атактуу өкүлү катары тарых барактарында жазылып калган. XX кылымдын 50-жылдарында эле Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаков жазуучуларга Уркуя Салиева, анын эрдиктери тууралуу айтып, анын жалындуу өмүрүн жогору баалап, бул аял тууралуу чыгарма жазууга чакырган. Мына ошондон кийин Байтемиров архивдерде болуп, Ноокатты кыдырып, эл менен сүйлөшүп, башка толгон-токой документтерди аңтарып, материал топтоп, романын он эки жыл иштеп, 1966-жылы жазып бүтүп китеп кылып чыгарат. "Кызыл Кыргызстан" газетасынын 1934-жылдын 17-февралдагы №40 санына Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү Уркуя Салиева күйөөсү менен кошо 6-февралда тап душмандары тарабынан өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат чыккан. Тарых боюнча Уркуянын атасы Жумабай, апасы Бүбүкан кызын тайманбас, чынчыл, бетке айткан, чечен, такылдаган, чечкиндүү кылып тарбиялайт. Романда анын балалык чагы да ошондой көрсөтүлөт. Атасы менен Ажынын эчкинин мүйүзүнө байланыштуу тирешинде Уркуя атасы тарапта болуп, анын ак экенин далилдеп келет. Кыз жаш кезинин бийлик башында туруп алып алдуулугу, малдуулугу менен кедей, колунда жок адамдарды кемсинткен кишилерди көрүп, аларга кектенип жетилет. Жер-суу жалпы элге бөлүнө баштаган кезде малдуу жана жердүү Ажы алдоо жолу менен Уркуянын апасы Бүбүканга жерин каттата коюу менен өзүн кедей адам катары көрсөтөт. Уркуя Меркут-Муркут (Төөлөс) деген айылга Салиев Колдош деген жигитке турмушка чыгат. Ал жерде өзүнүн бай-манаптарга каршы көз карашы, жаңыны колдоосу менен 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы, 1929-жылы "Кызыл аскер" колхозунун раиси болуп шайланган. Аялдардын ичинен эң алгачкылардан болуп 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына өткөн жана Фрунзеге партиялык жыйындарга катышууга барган. Романда ушул кызматка көтөрүлүү процесстери ар кандай кырдаалдарда, күрөш жолунда ачып берилет. Ал саткындарды аябайт, комсомолдон чыгарат, түрмөгө каматат. Анын идеясы – теңдик заманды, социализмди куруу, байларды тап катары жок кылуу. Бирок бул күрөш оңойго турбайт, жаңы өкмөттүн эле кишилери: айыл кеңешинин төрагасы Эшмат, райкомдун өкүлү Үсөнов, облустук аткаруу комитетинин (обкомдун) өкүлү Бактыбаев "кой терисин жамынган карышкырлар" болуп чыгат. Алар менен да катуу күрөшүүдө Уркуянын көзү ачылат, таптык позициясы чыңдалат. Романда Уркуянын ата-энеси Жумабай менен Бүбүкандын, жолдошу Колдоштун, колхоз парторгу Гайвалинин, эсепчилер Хашив менен Акматтын, Күлайымдын жана Камбарнисанын ж.б. каармандардын элестүү образдары жаратылган. Чыгарма башка тилдерге да которулган, анын негизинде "Отко таазим" (режиссёру – Төлөмүш Океев, Уркуянын ролунда – Таттыбүбү Турсунбаева) деп аталган фильм тартылган. Жазуучу бул романы менен өлгөн адамды "тирилткендей" чоң кызмат жасаган. Уркуянын эстелиги, тагыраагы, "Революциянын каармандарына" деп аталган монумент учурда Бишкек шаарынын чок ортосунда көк тиреп, заңкаят.
© Фото / из семейного архива БайтемировыхНасирдин Байтемиров кызы Изати, кениялык жазуучу Ной Семпира жана жазуучу Чыңгыз Айтматов менен. 1972-жыл, Кегети.
Народный писатель КР, прозаик, драматург Насирдин Байтемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Насирдин Байтемиров кызы Изати, кениялык жазуучу Ной Семпира жана жазуучу Чыңгыз Айтматов менен. 1972-жыл, Кегети.
Чыңгыз Айтматов жана Насирдин Байтемиров. Айтматов жаш жазуучу кезинде, айрыкча, "Жамийла" чыкканда аны сындагандардын бири Насирдин Байтемиров болгон. 1984-жылы Байтемировдун Москванын "Художественная литература" басмасынан "Бунтарка и колдун" деген китеби чыкканда Айтматов "Эпос Н.Байтемирова" деген баш сөз жазып, анда Байтемировду тегирменчиге салыштырган. "Насирдин Байтемиров өзүнүн окумдуулугу боюнча гана эмес, мекендештеринин акыл-эсине жана жан дүйнөсүнө тийгизген көркөм таасиринин тереңдиги боюнча дагы республикабыздын кеңири таанымал жазуучуларынын бири, анткени анын китептери элдин улуттук маңызын, анын тарыхын, жаңы турмушка карай умтулуусун чынчыл чагылдырып турат" деп жазган баш сөздө. Ошондой мактоолордон кийин жөн турбаган жазуучулар ага сиз Айтматовду жактырбай, сындап жүрбөдүңүз беле дегендей суроо берсе, ал "чоң адам чоң жаңылат" деп сөз таап кеткен.
Чукугандай сөз тапкычтыгы жана кээ бир жоруктары. Жазуучулар союзунун бир пленумунда союздун катчылыгынан тээ Борбордук комитеттин биринчисинин аркасы менен 1966-жылдын тарта он тогуз жыл иштеп "түшпөс хан" аталган Муса Жангазиевди эптеп алышат. Жыйындан чыкканда Бексултан Жакиев чогуу келе жаткан Насирдин Байтемировго кайрылат: "Насыке, бул Мусакени иштен алып туура эле кылышты го, сиз кандай дейсиз" десе, Байтемиров: "Жок, Бексултан, туура алышкан жок, он тогуз жыл кечигип алышты" дептир корс эте. Борбордо "Революция каармандарына" деген эстелик комплекси ачылат. Анда скульптор Тургунбай Садыков биз сөз кылып аткан Насирдин Байтемиров жазган "Тарых эстелиги" романындагы Уркуя Салиеванын бейнесин негиз кылып алат эмеспи. Ошол эстеликти карап ойго батып турган Насирдин Байтемировду сынамакка Салижан Жигитов адатынча куудулданып, "Насыке, бу катындын эстелиги жакшы чыгыптыр ээ", – десе, ачууланган Насирдин Байтемиров: "Бул катын эмес, Салижан, бул – революция, революциянын жынысы болбойт", – деп кагып жибериптир. Дагы бир жазуучулардын жыйынында Насирдин Байтемиров сөзүн такыр бүтүрбөй коюптур, "токтотуңуз" дешсе да, кол чаап ийишсе да болбойт имиш. Ошондо Салижан Жигитов: "Эми атып эле түшүрбөсөңөр, бул киши трибунадан түшпөйт" дейт имиш. Жазуучулардын арасында Насирдин Байтемировдун "Окубасам дале айтып коёюн", "Жакшы самолёт жакшы учат тура" деген сөздөрү ылакап болуп айтылып калды. Анын жакшы ыр саптарын таап алса, кудуңдап, сүйүнүп, ичинен бир топко чейин ошол саптарын кыңылдап, обон менен кайрып жүргөн адаты болор эле.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Кыргыз маданиятынын "князы" Эрнис Турсунов тууралуу 15 факт
Эң көп роман жазган автор. Жогоруда сөз болгон романдардан тышкары "Сонундар дүйнөсү" (1967), "Санта" (1970), "Турмуш элеги" (1972), "Дил адеби" (1986) деген романдары чыгып, баш-аягы он роман жазып, бул жаатта адабиятка өткөн кылымдын 30-жылдары келген Түгөлбай Сыдыкбековго теңтайлашып барды. "Санта" романды илим тармагында ийгиликтерди жараткан интеллектуалдуу каармандын дүйнөсүн ачып берет.
Махабаттын акыны эле. Насирдин Байтемиров бир өмүр ыр жана поэма жазууну таштаган жок, 1955-жылы "Жүрөк күүсү", 1957-жылы "Сүйгөнүм", 1962-жылы "Канаттуу күндөр", 1969-жылы "Эргиген таш", 1975-жылы "Махабат дастаны", 1979-жылы "Махабат жазы", 1981-жылы "Махабатым – канатым", 1991-жылы "Махабат нуру", 1994-жылы "Кылымдар деми", 1996-жылы "Махабат – элим, жерим, ата-тегим" деген жыйнактары чыккан. Китептеринин атынан көрүнүп тургандай эле, ал улгайганга чейин сүйүүнү ыр кылып келди. 1984-жылы "Махабатым – канатым" деген жыйнагы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Драматург, музыка, бала жандуу адам. Насирдин Байтемиров "Уркуя" драмасын, "Күйөө", "Ким күнөөлүү", "Жолдо", "Адамдын аты" деген пьесаларын жазган. Өзгөчө анын "Аста секин, колукту" операсынын либреттосу (музыкасы Насыр Давлесов) маданият тармагындагы чоң окуя болгон жана сахнада бүгүнкү күнгө чейин улам жаңыланып коюлуп келет. Анын "Гүлгүн жаш", "Гүлдө жан", "Пахтам", "Эсте секет", "Толкун" ж.б. ырларына обондор чыккан. Өзү болсо 1941-жылы Аалы Токомбаевдин "Талаа көркү" деген ырына обон да жазган, "Жаңыл" драмасын музыкалаштырууга катышкан. Балдар үчүн ылайыкталган аңгемелерден турган "Адику" (1984) повести, "Эне күрп эмне үчүн ыйлады" (1986) деген аңгемелер топтому балдар адабиятыбыздын текчесин байыткан. Анын ар кыл жылдарда "Жаандан кийин" аңгемеси, "Тынышбек боорум" поэмасы, "Тарых эстелиги" романынын үзүндүлөрү мектептерде окутулуп келди. Жазуучу 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.
Акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Чекисттерди четинен жумшарткан. Аман Токтогулов тууралуу кызыктуу 11 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0