Күн кайра жылыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКөчөдө бараткан кыздар. Архив
Көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Апта этегинде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Апта аягында көпчүлүк жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы кээ бир жерлерде 9 градуска чейин жылыйт. Бишкекте дагы күн ачык болот.

Чүй, Талас облустары

Бул эки облуста тең дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал. Чүйдө абанын температурасы 3...8 градус болсо, Таласта 5...7 градуска жылыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Ош облусунда дем алыш күндөрү жаан-чачын жаабайт. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Жалал-Абад менен Баткенде кар жаабайт. Абанын температурасы бул аймактарда да 9 градуска чейин жылыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл менен Нарында дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Ысык-Көлдө абанын температурасы ишемби күнү -4...+1, жекшембиде 1...6 градус болот.
Ал эми Нарында -2...-7 градуска чейин суук болору божомолдонду.
Бишкекте өрүктүн гүлдөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Күн ысыйбы? Жаздын биринчи айы, мартка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0