Каракол — КМШнын маданий борбору. Шаардын бир кылымды камтыган сүрөттөрү
Каракол — КМШнын маданий борбору. Шаардын бир кылымды камтыган сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланды. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган шаардын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт. 10.02.2022, Sputnik Кыргызстан
Каракол шаары мындан 153 жыл мурун, 1869-жылы, аскердик-административдик борбор катары түптөлүп, узак убакытта шаардын аты бир нече жолу өзгөртүлгөн. Союз маалында саякатчы Николай Пржевальскийдин атын алып, эгемендүүлүк алганда Каракол аты берилген.Эске сала кетсек, "Шериктештиктин маданий борбору" эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Аны алуу үчүн мүчө-мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат. Былтыр бул макамды Тажикстандын Душанбе шаары алган.Негизги максат — шериктеш мамлекеттердин ар бир шаарынын тегиз өнүгүшүнө шарт түзүү. Бул мүмкүнчүлүк менен маданий борбор болгон шаар өзүнүн бай тарыхын жана өзгөчө маданиятын толук ачып берүүгө жана коомдун көңүлүн алардын эбегейсиз бай мурастарына бурууга жардам берет.
Быйыл Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланды. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган шаардын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Каракол шаары мындан 153 жыл мурун, 1869-жылы, аскердик-административдик борбор катары түптөлүп, узак убакытта шаардын аты бир нече жолу өзгөртүлгөн. Союз маалында саякатчы Николай Пржевальскийдин атын алып, эгемендүүлүк алганда Каракол аты берилген.
Эске сала кетсек, "Шериктештиктин маданий борбору" эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Аны алуу үчүн мүчө-мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат. Былтыр бул макамды Тажикстандын Душанбе шаары алган.
Негизги максат — шериктеш мамлекеттердин ар бир шаарынын тегиз өнүгүшүнө шарт түзүү. Бул мүмкүнчүлүк менен маданий борбор болгон шаар өзүнүн бай тарыхын жана өзгөчө маданиятын толук ачып берүүгө жана коомдун көңүлүн алардын эбегейсиз бай мурастарына бурууга жардам берет.