АКШ Россиядан көз карандылыкка кабылдыбы? Ой толгоо

© AP Photo / Tony GutierrezМай куюучу жайдагы дүкөнгө кирип жаткан киши. Архив
Май куюучу жайдагы дүкөнгө кирип жаткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Океан ар жагында Батыш пропагандасына төп келбеген окуялар болууда. Январь айынын жыйынтыгы боюнча, Кошмо Штаттарга россиялык өндүрүштөгү дизель майынын ташылышы үч жылдык рекордду койду.
Тармактык басылмалар өз булактарына таянуу менен россиялык күйүүчү майдын импорту бир жарым миллион баррелден ашканын кабарлашууда. Эки үлкөн өлкөнүн Украина маселесинин тегерегиндеги мамилеси курчуп турган убакта мындай көрүнүштүн өзү таң калтырарын, бирок бир караганда гана ушундай туюларын белгилейт серепчи Сергей Савчук РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында.
Vortexa соода сервиси да кечээ эле АКШнын Чыгыш жээгине карай россиялык дизель жүктөлгөн бир нече танкерлер келе жатканын маалымдады. Дал ошол тарабында күйүүчү майдын ушул түрү өтө тартыш болууда. Буга бир катар факторлор себеп. Кошмо Штаттардын Чыгыш жээгиндеги ызгардуу кыштын айынан дизелге суроо-талап өскөнү байкалат. Айрыкча 2018-жылдан тарта ушундай көрүнүш байкалат. Ал эми мунайды кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар ички керектөөнү камсыздай албай жатышат.
Мындай абалга Техас штатында жайгашкан эң ири Marathon Petroleum заводунун ишинин токтошуна да байланыштуу. Мунайды кайра иштетүүчү жергиликтүү комплекс электр кубатынын таңсыктыгынан улам өндүрүштү кескин түрдө кыскартууга мажбур болду. Себеби күн катуу сууктап, элдин электр кубатын керектөөсү өтө жогорулап кеткен.
Бир жыл мурун аталган штатта суу түтүктөрүнөн жана канализациядан чачыраган фонтандардын тоңуп калышы, жергиликтүү тургундар болгон аракети менен жылынып жатышканын чагылдырган видеолор тараганы эсиңиздердир. Таңсыктыктын масштабын элестүү түшүнүү үчүн фактыларды келтирели. Иши үзгүлтүккө учураган Marathon Petroleum комплекси суткасына 600 миң баррель мунай өндүрүмдөрүн чыгарчу. Башкача айтканда, электр кубаты менен камсыз кылуудагы мүчүлүштүк өндүрүштүн башка ири тармактарынын ишин да солгундатты.
Ямал атомдук муз жарчык кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Батыш түндүккө умтулат, бирок орун эбак ээленген
Тилекке каршы, мындай жагымсыз жагдайлар ушуну менен эле токтоп калбады. Эгер техастык мунайчылар ушундай табигый күтүүсүздүктөн улам эс алууга чыгышса, Чыгыш жээктеги алардын кесиптештери рыноктук коньюнктурадан улам азыркы абалга тушугууда.
Америкалык тооруктагы соңку сатыкта West Texas Intermediate үлгүсүнүн челеги 92 доллардан ашты. Бул дагы 2014-жылдан тарта рекорд болуп саналат. Баанын мынчалык жогорулашы мунайды кайра иштетүү жана ушул тармактагы экинчи баскычтагы өндүрүштүн кирешелүүлүгүн болушунча төмөндөтөт. Мунай өндүрүмдөрүнүн наркын да кескин өстүрөт. Ошондуктан мунайчылар чыгашага батып иштеп, баанын кымбаттыгынан улам калктын каарына калгандан көрө бир аз тыныгып турганы пайдалуу.
Түндүктөн – Канададан келген мунай көлөмүнүн да кескин төмөндөшү кошумча каатчылык фактору болду. Былтыр ал жакта пандемиянын айынан мунайды кайра иштетүүчү бир нече жергиликтүү завод жабылып, алигүнчө иши кайра жандана элек.
Мунайдын баасын көтөрүүнү көздөгөн өз тузагына америкалык мунай өнөр жайы өзү түшүп турган учур. Мындай шарттарда америкалыктар өздөрү өндүргөндөн көрө Россиядан сатып алып, океан аркылуу ташыганы пайдалуу. Бирок бул деле көңүл жубатарлык эмес. Бир жарым миллион баррелдик көлөм деле аздык кылат.
Energy Information Administration көз карандысыз агенттигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы Кошмо Штаттар ар кандай керектөөлөр үчүн 44 миллиард челек чыгымдаган, бул – бир миллиард баррелдин тегерегиндеги дизель. Башкача айтканда, жергиликтүү рынокко кирген россиялык күйүүчү майдын көлөмү булардын жанында өтө эле аз.
Британиялык премьер-министр Борис Жонсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Борис Жонсонго Россия менен согуштун кажети эмне?
Ошол эле учурда статистика күйүүчү майдын бул түрү Америкада кеңири колдонуларын, дистилляттык майдын бардык түрлөрүн керектөөдө дизелдин үлүшү 77 пайызды түзөрүн тастыктайт.
Албетте, азыркы окуялар кыйроо да, же бул багыттагы россиялык өндүрүмдөрдүн америкалык рынокторго жапырт кириши да эмес, бирок бир катар айныгыс фактыларды даана көрсөтүп турат. Биринчиден, укмуштай өнүккөн профилдик индустрияга ээ Кошмо Штаттар сыяктуу өлкөдө да ички суроо-талапты канааттандыруу милдетин аткара албай калышы мүмкүн. Бул үчүн ызгардуу аба ырайы биржалык индекстердин өйдө-ылдый болушу менен коштолгону гана жетиштүү тура.
Экинчиден, россиялык энергетикалык ресурстар жакын жана көнүп калган Европага гана тургай, океан ар жагында да пайдалуу. Бирок, албетте, ортодо шыкактап турган Вашингтондун саясаты жок эмес. Россия менен энергетикалык кызматташуудан, жеке керектөөлөрдү камсыздандыруу үчүн өздөрү пайдаланып жаткан россиялык ресурстарды сатып алуудан Европаны чечкиндүүлүк менен баш тартууга чакырып келгенин ким тана алат.
Москва менен мамилени кантип түзүү боюнча Америка Брюсселге өз кызыкчылыгын таңуулаганы айтылат. Бирок былтыркы окуялар, атап айтканда, Германия газ түтүгүн ишке берүү маселесинде Батыштагы агымга каршы өжөрлөнүшү, ал эми Австрия Россиянын эч бир аракети газ менен жабдууда өз үлүшүнөн баш тартууга Венаны эч ким мажбурлай албасы тууралуу так кесе билдирүүсү батыштык достордун ичинде жар сала мактаган биримдик жок экенин көрсөткөн. Ал эми дизелдин АКШга чакан көлөмдө болсо да ташылып жатканы ансыз да булут чулгап турган алаканын чыңалышына таасир этпей койбосо керек.
Европа биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Европанын тонолушу. Америкалыктар союздаштарына да ырайым кылбайбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0