Европанын тонолушу. Америкалыктар союздаштарына да ырайым кылбайбы?

© Sputnik / Алексей ВитвицкийЕвропа биримдигинин желектери. Архив
Европа биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жазылуу
Владимир Зеленский кыңырылып, тынчсызданып, акыры Байден менен телефон аркылуу баарлашып, шыкактабоону өтүнүп, Украинага чындыгында эч ким кол салбай турганын айтты. Анын буга чейинки жоруктарын Кошмо Штаттардагы пропаганда байкабай калганы кызык.
Океан ар жагындагы реалдуулуктан эбак четтеп кеткен табышмактуу маалымат талаасы былтыр сентябрдан тарта Россия Украина менен согушууда деген тейдеги кабарларга жык болду. Жарым жылдан бери улам Россия мына басып киргени калды, Украина ага каршылык көрсөтүп турат дешти. Америка бирин ооздуктап, экинчисин кубаттап келди. Сыягы, эми ушинтип улана берет өңдөнөт.
Анткен менен кырдаал кансыз согуш жылдарындагыдан да кооптуу көрүнүүдө. Бирок америкалык жана британиялык массмедиа акылга сыярлык пикирлердин, тынчтыкты сактап калуу аракеттеринин баарын басып коёт. "Мындай өжөрлүк кайдан?" – деп суроо салат Виктория Никифорова. Серепчинин ушул жагдай туурасындагы ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Кеп ушундай дүрбөлөңдүн арты менен чоң акча жасаларындабы? Өздөрүнөн оолак жердеги согуш америкалык ишкерлер үчүн мамлекеттик бюджеттен акча табуунун эң ыңгайлуу ыкмасыбы? Афганистанды мисалга алалы. Буга эле расмий түрдө триллион доллар жумшалган. Америкалыктардын өздөрүнүн баамында ошончо каражаттын Афганистандын азап чеккен калкына үч-төрт пайызы гана жеткен.
Пентагон бюджетин көбөйтөт. Ортодогу подрядчик катарындагы олигархтар бюджеттик миллиарддарды алат. 11-сентябрдан тарта америкалык Коргоо министрлиги жеке подрядчиктер менен орток бизнес түзүшкөн. Бүгүнкү күндө аскерий мамлекеттик буюртмалар үчүн учурдун үлкөн ишканалары кызыл чеке болушат. Алар соңку жыйырма жылда дээрлик 4,5 триллион долларды ийгиликтүү өздөштүрүшкөн. Пентагондун каражатына түзүлгөн Кремний өрөөнү бүгүнкү күндө бул булактан миллиарддаган каражатты алып турат. Алар — дүйнөгө илимий изилдөөнүн символу болгон IT компаниялар. Ал эми чындыгында ошол ишканалар – америкалык Аскердик өндүрүш комплексин жана чалгын кызматын тырышчаактык менен тейлөөчүлөр. Бул багыт – алардын негизги кирешелеринин бири.
Google платформасынын кожоюну Эрик Шмидт он жылдан ашуун убакыт бою америкалык армияга жасалма интеллекттин негизинде жасалган ар кандай курал-жарак (вундервафля деп коюшат) сатышат.
Palantir америкалык аскерлер үчүн чалгындоо маалыматтарын топтоо, иштеп чыгуу жана бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган тутумун жасап берет. Жакында эле IT дүйнөсүнүн алптары Пентагондун "булуттагы" маалыматтарын сактоо боюнча көп миллиарддаган келишим үчүн кармашышты. Microsoft жеңип чыгып, бирок Amazon аянтчасынын ээси Жефф Безос буга моюн сунбастан сотко берүүдө. Албетте, таң каларлык жагдай жок, анткени кеп он миллиард доллар туурасында. Ошондуктан IT дүйнөсүнүн олигархтарына таандык социалдык медиа булактары, маалымат каражаттары жана платформалары "агрессивдүү" Россия пикирин дүйнө калкына сиңирүүгө талбай аракеттенгени тегин жерден эмес. Эгер бул маалыматтык ызы-чуу токтосо, олигархтар каражат булагынан ажырайт.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Лавров: согуш чыгар-чыкпасы Россиядан көз каранды болсо, жаңжалга жол берилбейт
"Кытай жана Россия менен согуш дейсиңерби, билбейм... Менимче, алар менен согушууга кудуретибиз жетет", — дейт канааттануу менен Кремний өрөөнүнүн мурдагы жылдызы, АКШ Коргоо министрлигинин алдындагы коргоо инновациялары боюнча бөлүмдүн азыркы директору Майкл Браун. Россия менен Украинанын виртуалдык "согушу" — бул америкалык экономиканын табигый каражаты. Январда биз суюлтулган газ куюлган америкалык танкерлердин эпикалык бурулушуна күбө болгон элек. Адегенде алар Азияга газ киргизип, кийин кайра Европага кайтып келишти. Бүгүнкү күндө Европа биримдигинин акваториясында былтыркыга караганда суюлтулган газ танкерлери үч эсе арбын.
АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен муну энергетикалык каатчылыктан европалыктарды куткаруу катары сыпаттайт. Бирок европалыктар мындай көгүлтүр от үчүн эбегейсиз акча төлөөгө аргасыз. Айтор, америкалыктар аларды тоногондой эле болушат.
Америкада суюлтулган газ багытында ири ишканалардын бири – Cheniere. Анын былтыркы кирешеси 2020-жылдагыга караганда эки эселене түшкөн. Ал эми мунай менен газдын баасы кескин көтөрүлүшү Кошмо Штаттарга майдай жагары анык!
Бир нече ай мурун Байдендин администрациясы жашыл күн тартибине көзгө илбестен Мексика булуңунда жаңы скважиналарды бургулоо боюнча тарыхта болуп көрбөгөндөй ири аукционду жактырды. Мунай казуу эч качан мындай масштабга чыга элек болчу. Ал ортодо америкалыктар да европалык интеллигенттерди глобалдык жылуулук менен баштарын айландырып, шамал энергиясына өтүүгө мажбурлоодо. Ананчы, дүйнөдөгү эң таза жана демократиялык америкалык көмүр суутекти акыры бирөө сатып алууга тийиш эмеспи. Бирок иш бул менен токтоп калбайт.
Энергетика булактарынын асман чапчыган бааларынан улам эмитен эле европалык бизнестер сызга отура баштады. Алардын ичинен келечеги барларын америкалыктар сатып алышат. Алар Британияда мындайга эбак билек түрө киришкен. Бул мамлекетте алар электр кубаты менен жабдуучу жана жер семирткич заводдорун сатып алышканы маалым. Америкалык белдүү компаниялардын бири – CF Industries Англиядагы жер семирткич чыгаруучу эки заводду сатып алып, бирин дароо атаандаш катары жаап салды.
Экинчисин ачып иштетмек болушту. Бирок мындай чечимге да алар Британ өкмөтү көп каражат убада кылгандан кийин келишти. Булардын баары – америкалыктар үчүн абдан пайдалуу табылгалар. Электр кубаты азыр алтынга тете. Эми жер семирткич да укмуштай ыргакта кымбаттоодо. Талдоочулар азык-түлүк да кымбаттай турганын жоромолдоп жатышат.
Орустар жана украиналыктар өздөрүн согушка түртүп жатышканын ойлошот. Бирок бул – Американын экономикалык согушу. Кошмо штаттар европалык өнөр жайды аёосуз талкалап, Европа биримдигинин жарандарын ач калтыруудан артка тартышпайт. Анан да булардын баары дал ошолор тарабынан түзүлгөн энергия ташуучулардын таңсыктыгынын айынан. Европа – азырынча Украина менен Россиянын ортосундагы тутанбай турган согуштун негизги курмандыгы.
НАТОнун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жөн эле убакытты созуп... Россиянын сунушуна АКШ менен НАТОнун жообу
Жакында Дональд Трамп да америкалыктар өз желдеттерин жазалап жатканын кыйла ачык эле айтты. Техастагы Корно шаарындагы митингде ал ушундай кырдаалда өзүн "пайдаланууга" жол берген Европаны айыптады. Америкалыктар Украинада жаңжалды да россиялык көгүлтүр оттун агымын бөгөп, континенталдык кыйбас досторуна жооп берүү үчүн шыкактоодо.
Бирок маселен, Германиянын жарандары эмнеге бундестагдын алдына чыгып, өз бийлигине: "Келиңиздер, америкалык кожоюндарды тыңдаганды токтотолу. Биз үшүп жатабыз, азыктангыбыз келет. "Түндүк агым – 2ни" кошпойсуңарбы?" дегенге эмне жолтоо болот?! Дал ошол маалда россиялык "кол салуу" жөнүндө дүрбөлөң башталат. Бул "Түндүк агым — 2нин" тастыкталышын бөгөп турган жападан жалгыз себеп эмеспи. Анткени тийиштүү баадагы газ Европа биримдигин Кошмо Штаттар үчүн күчтүү атаандашка айлантып коймок. Ал эми америкалыктарга андайдын зарылдыгы жок, таза атаандаштыкка алар туруштук бере алышпайт.
Эки жыл мурун, тагыраагы, 2020-жылдын 9 жана 12-мартында фондулук рыноктордо баа кескин төмөндөгөн. Андай чоң кырсык тооруктарда 1987-жылдан бери кайталана элек болчу. Анткен менен акцияга өз каражатын салгандар гана жон териси менен сезбесе, кеңири коомчулуктун кабары деле болгон эмес.
Ал убакта маалымат каражаттарынын беттерин жалаң коронавирус жөнүндөгү маалыматтар каптап турган. Илдет илештиргендердин саны анчалык арбый элек кез, локдаун жаңыдан гана башталып, экономика деле токтогонуна көп болгон эмес. Бирок америкалык олигархтар дал ошол пандемия биржалык кыйроого алып келди деп түшүндүрүшкөн.
Баарынан кызыгы ири акционерлер, АКШнын башкы банктары, көп миллиарддаган байлыктын ээлери ошол кырсыктан кымындай да зыян тартышкан эмес. Баары чукул аралыкта эле башка жакка салым салып, кымбатында сатып үлгүрүп, эң арзанын таап, сатып алууга жетишкен. Жеке инвесторлор, чакан бизнестер жапырт сызга отуруп калышканда америкалык ири банктар укмуштай туруктуулугун жана кирешеси жогору экенин көрсөтүшкөн. Пандемия жылдары миллиарддаган адамдар үчүн кайгы-муң жана азаптуу өтсө, Goldman Sachs, SP Morgan, NY Mellon өңдүү үлкөндөр үчүн гүлдөгөн учурлардан болду.
Азыр акциялар рыногу дагы кызып турган убак. "Россия кол салат" деген шылтоо менен кезектеги биржалык кыйроо пландалган болушу ажеп эмес. Эгер ошондой болуп калса европалыктарга гана тургай, америкалыктарга да чоң сокку болору турулуу. Себеби алар 2020-жылы акцияларды жапырт сатып алышкан. Бирок америкалык коомдун каймактары качан өз калкын аячу эле? Адатынча "бөлөктөрдүн жүрөгүнүн үшүн алгың келсе, өзүңдүкүлөрдү ур" деген принципти карманышар. Россиялык "кол салуу" шылтоосу менен америкалык режим колу жеткенинин баарын талап-тоноодо.
Лондондогу Вестминстер көпүрөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Россия менен күрөштө Батыш кандай жорукка барууга даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0