Борис Жонсонго Россия менен согуштун кажети эмне?

© REUTERS / POOL NewБританиялык премьер-министр Борис Жонсон. Архивдик сүрөт
Британиялык премьер-министр Борис Жонсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жазылуу
Британиялык премьер-министрдин иштери болуп көрбөгөндөй начарлап турган убак. Болду-болбоду аны мындан ойдон чыгарылган согуш гана сактап калчудай. Өз иштерин жыйыштыра туруп, бул аптасын Борис Жонсон Россияга арнамакчы.
Ал Владимир Путинге телефон чалууга белсенип, Эстониядагы британиялык аскердик контингентти эки эсеге көбөйтүүгө, Россияга карата Лондон тарабынан кабыл алынышы ыктымал санкциялар топтомун кеңейтүүгө даяр. РИА Новости сайтына жарык көргөн серепчи Александр Хабаровдун учкай макаласы дал ушул темага арналган.
Катаал чараларды ачыктоо тышкы иштер министри Элизабет Трасска табышталган. Британиялык дипломатиянын башчысы, кыязы, баягы россиялык чек арага келген танктан дале түшө электей таасир калтырат.
Артиллериялык бетке чабарлык менен Sky News телеканалынын эфиринен ал "Кремлдин кызыкчылыгы үчүн иш алып барган кандай гана компания болбосун" катаал жазаны убада кылды.
Алып баруучу британ бийлиги бардар орустардын Лондондогу үйлөрүн тартып алууга (бул бир топ жылдан бери Англияда кеңири талкуудагы тема) барбайбы деп кызыкты эле, Лиз Трасс ага: "Андай да болушу мүмкүн. Азыр биз санкция кимдерге тиешелүү болорун талдап отурбайбыз".
Бирок суроо ички күн тартибине келгенде каардуу министр жумшара түшүп, Европа биримдиги менен алакасына түздөн-түз тиешеси бар Түндүк Ирландиянын тагдыры жөнүндө жарытарлык бир нерсе айта алган жок. Премьер-министрдин тегерегиндеги кырдаалдан сөз козголгондо бүт дити Россия менен Украинада экенин айтып жооптон буйтады. Башкача айтканда, британиялык министрлер кабинетинин башчысынын тагдыры аны кымындай да кызыктырбагандай түр көрсөттү.
Жонсон ушул тапта өзүн куткарып калуу үчүн аргасыз кадамдарга барууда. Анын резиденциясындагы кечедеги жаңжал ырбап отуруп, премьер-министрге Лондон полициясы көмөккө келгени белгилүү. Өткөн аптада Жонсон кол алдында иштеген, жаңжалды иликтеп чыккан Сью Грейдин докладын жарыялады. Скотленд-Ярд бул ишти колго алганы баары өзгөрө түштү.
НАТОнун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жөн эле убакытты созуп... Россиянын сунушуна АКШ менен НАТОнун жообу
Полиция башчысы Крессида Дик кызматкерлери премьер-министрдин өзүн да суракка алышарын билдирди. Ал да дароо макул болгонун билдирди. Анткени комиссар тергөө жүрүп жатканда докладды – окуянын чоо-жайын жарыялабай турууну талап кылган. Полициянын иликтөөсү бир топ айга созулат. Азыр британиялык премьер-министрдин убакытка өтө зарылып турган чагы. Тез арада бир аргасын таппаса Жонсон үчүн бул жагдай оңтойсуз жана туңгуюкка кептеп коюшу ыктымал. Шайлоочулар кымбаттаган газ жана электр кубатынан айласы куруп турат. Бул аз келгенсип апрелден тарта салыктар да жогорулайт.
Ал эми май айында Улуу Британияда жергиликтүү шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы премьердин кийинки тагдырын аныктамакчы. Жонсон баш-оту менен россиялык-украиналык темага сүңгүп, Чыгыш Европага аскер контингентин жөнөтүүгө даяр. Ал тургай өзү барууга да чамынган сыяктуу.
Чар тараптан ага дем берүүчү кеп-кеңештерди беришүүдө. "Бул жолу Путин НАТОнун союздаштарынын же Европа биримдигинин бейтарап мүчөлөрүнүн бирөөнө эле залал келтирип көрсүн, биз согушабыз. Ага азыртан камынууга тийишпиз", — деп жазат The Times басылмасына Тони Блэрдин тушунда премьер-министрдин аппаратын жетектеген Жонатан Пауэлл.
Британияны Иракка жүрүшкө тартууга ачык эле алдоого катышканын бул инсан коомчулуктун эсине салбай эле койгону оң болмок. Андан бери ыкмалары деле өзгөрүлбөптүр. Ойдон чыгарылган чалгындоо кызматынын докладдары, басма сөздөгү масштабдуу кампания. Акыркы апталарда Украинанын тегерегинде жагдайды ырбаткан британиялык журналисттердин деле ой чабыты тарып, фотобанкы да кыйла азая түштү. Маселен, The Times басылмасы баягы эле курал көтөргөн киевдик кожойкенин сүрөтүн улам башкача ысым менен жарыялоодо.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Лавров: согуш чыгар-чыкпасы Россиядан көз каранды болсо, жаңжалга жол берилбейт
Жонсон менен Байдендин рейтингдери төмөндөгөндөн төмөндөп, ал эми Макронду быйыл апрелде кайрадан шайлоо күтөт. Ортодо баары бир нерсе менен алектенгиси келген сымал. Союздаштардын жамааттык аракеттери өз күчүнөн шектенген немецтерди "термелтүүгө" багытталды. Анткени алар Украинага курал берүүдөн баш тартпадыбы. Анткен менен Германиянын жаңы өкмөтү ал жакка баары бир каска жиберди.
Аттиң, алар Твардовскийдин бул саптарын окушпаптыр:
"Ах, ты вон как! Драться каской?
Ну не подлый ли народ!
Хорошо же!
И тогда-то,
Злость и боль забрав в кулак,
Незаряженной гранатой
Теркин немца — с левой — шмяк!
Немец охнул и обмяк".
Германиядан алар, албетте, каска эмес, "Түндүк агым — 2" долбоорунан баш тартуусун күтүшөт. Мындай чакырык менен эң оболу Улуу Британия менен АКШ чыгып, кыязы, немецтердин эсебинен өз көйгөйлөрүн чечип алууну самашат.
Британиялык премьер Россиянын айланасында жаңжалды шыкактаганы менен өздөрүнүн ичиндеги кыргындан кутула алары белгисиз. Өзүнөн мурдагы премьер Тереза Мэй деле ушундай ыкманы пайдаланып, кезегинде ал Скрипалдардын темасын чуулдатып, катаал санкциялык режимди демилгелеген. Россиялык капитал менен күрөшүүгө берген убадасы Роман Абрамовичке виза бербей коюу менен гана аяктаган. "Челсинин" ээсине бул чиркей чаккандай эле жаза болгон. Ал эми Мэй айым да акыры ыйлап-сыктап премьердин резиденциясынан чыгып кеткен эле...
Россиянын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Россия Батыш жана Түштүк округдарынын аскердик даярдыгын текшерүүдө. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0