Кыргызстан быйыл ЕАЭБде төрага. Уюмда кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жазылуу
Быйыл Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылат. Бул миссияны биз ушул жылдын 1-январынан тарта коңшу Казакстандан өткөрүп алдык.
Үстүбүздөгү жылы дагы ЕАЭБге мүчөлүк кылган Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын алдында калктын жашоосун болушунча жакшыртып, экономиканы күчтөндүрүү тапшырмалары турат.
Sputnik Кыргызстан редакциясы экономикалык биримдикте Кыргызстандын төрагалыгынын алдында кандай иштер пландалганына көз чаптырып көрдү.

ЕАЭБдин артыкчылыктуу беш багыты

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 10-декабрында Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин (ЕЭЖК) жыйынтыктоочу иш-чарасы учурунда 2022-жылы өзгөчө көңүл бура турган батыттарды атаган:
Инвестиция. Инвестициялык жана жамааттык кызматташууну бекемдөө, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, жаңы рынокторго чыгуу менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү зарыл;
Жогорку технологиялар. Жашыл технологияларды киргизүү, электрондук коммерцияга өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле ЕАЭБдин символу боло турган биргелешкен жогорку технологиялык долбоорлорду иштеп чыгуу керек;
Кооперациялык долбоорлор. Азыркы кризисти жана анын жалпы биримдиктин экономикасына тийгизген терс таасирин жоюу үчүн кооперациялык долбоорлорду ишке киргизүү зарыл;
Логистикалык инфраструктура. Экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө оң таасирин тийгизе турган логистикалык инфраструктураны жана бөлүштүрүү системаларын түзүү кажет;
Улуттук валюталарды күчтөндүрүү. Тышкы инфляциянын таасирин азайтуу жана өлкө экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында улуттук валюталарды активдүү колдонуу зарыл. Буга байланыштуу ЕЭК өкмөттөр менен биргеликте конкреттүү сунуштарды даярдоого тийиш.

Кыргызстандын аракети

Садыр Жапаровдун айтымында, төрагалыкты алуу менен Кыргызстан биримдиктин күн тартибин ишке ашыруу үчүн гана эмес, анын ишмердүүлүгүн жаңы багыттар боюнча кеңейтүү үчүн дагы күч-аракетин жумшайт.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Заседании Высшего Евразийского экономического совета в формате видеоконференции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
"Биримдиктин укук жаатындагы боштуктарын толтуруу боюнча ойлонсок жакшы болор эле. Айрыкча тейлөө тармагында. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча ички рыноктун эркин иштешине негиз болгон базалык принцип так сакталышы зарыл", — деген Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана евразиялык интеграциянын маанилүү компоненти болгон бирдиктүү эмгек рыногуна өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.
"Эпидемиологиялык кырдаалда иштеп жаткан жарандарыбыз жана алардын үй-бүлөсү ар бир мүчө мамлекеттердин аймагында социалдык жактан коргоонун толук кепилдигине ээ болушу керек. Биз алар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына да, биздин өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан эмдөөлөргө да жеткиликтүү болушун камсыз кылышыбыз зарыл, — деген Жапаров.

Кандай тоскоолдуктарды жоюу керек

Евразиялык интеграциялык изилдөө жана коммуникация борбору кеңешинин төрагасы Данил Ибраев ЕАЭБдин потенциалы толук ачыла электигин айтып, кандай тоскоолдуктардын үстүндө иштөө керектигин түшүндүрдү.
© Sputnik / Асель СыдыковаЕвразиялык интеграциялык изилдөө жана коммуникация борбору кеңешинин төрагасы Данил Ибраев
Президент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Данил Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Евразиялык интеграциялык изилдөө жана коммуникация борбору кеңешинин төрагасы Данил Ибраев
"Уюмдун ичинде ар кандай тоскоолдуктар бар. Мисалы, пандемиядан улам чек аралар катуу көзөмөлгө алынып, логистика жаатында көйгөйлөр жаралууда. Албетте, бул маселелердин келип чыгуусу мыйзам ченемдүү. Бирок ошол эле учурда ЕАЭБдин эрежелерине туура келбеген тоскоолдуктар болууда. Маселен буга ишкерлер документтерин туура эмес жасап алганы да себеп. Ошол учурда айрым өлкөлөрдүн көзөмөл жүргүзгөн органдары катуу талап менен карап жатканы байкалууда. Бул багытта уюмга мүчө өлкөлөр көптөгөн көйгөйлөрдү талкуулап чечүүсү зарыл", — деди Ибраев.
Ошондой эле ал мигранттардын акча которуусу боюнча да кыйынчылыктар болуп жатканын кошумчалады.

ЕЭКтин 10 жылдыгы

Быйыл Евразиялык экономикалык комиссиянын ишинин башталганына 10 жыл толот. Бул жыл ичиндеги өтө маанилүү даталардын бири.
"Мындай маанилүү окуяны биримдиктин идеяларын жайылтуу жана аны коомдо даңазалоо менен кеңири натыйжаларга жетишүү үчүн пайдаланалы. Биз бардык мүчө мамлекеттерде масштабдуу маалымат кампанияларын өткөрүүнү сунуштайбыз", — деген Садыр Жапаров.
Ал эми Кыргызстан өзү жыл бою бул датага байланыштуу ар кандай иш-чараларды өткөрүп турмакчы.

2022-жылы аткарылчу масштабдуу иштер

Жыл башында Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович быйыл өнөктөш өлкөлөр ортосунда кандай иштер жасаларын айтып берген.
2025-жылга чейинки Стратегиянын негизги бөлүгү быйыл ишке ашат. Стратегиянын курамына 330 чара жана механизм кирет. Тагыраагы, 70тен ашык документке кол коюлуп, 25 документке толуктоолор киргизилет. Ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында өзгөртүүлөр болот. Негизги максат — инвестиция менен инновацияны көбөйтүп, мунун арты менен жумушчу орундарын түзүү. Анын алкагында төмөнкү иштер жасалат:
2022-жылы мүчө мамлекеттер ЕЭК менен биргеликте вакциналарды (анын ичинде коронавируска каршы) биргеликте өндүрүү боюнча маселелерди чечет;
авиакурулуш жаатында комплекстүү пландарды иштеп чыгуу тапшырмасы турат. 2020-жылы Россиянын президенти тарабынан бул тармакта кызматташуу демилгеси көтөрүлүп, ЕЭК 2022-2023-жылдарга карата иш планын түзгөн. Ушул жылдын февраль айынан тарта маселе карап чыгуу үчүн премьер-министрлерге жөнөтүлөт;
2022-жылы ЕАЭБ ичинде маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну даярдоо зарылдыгы бар. Анткени маалымат санариптик экономиканын негизин түзөт. Январь айында бул жаатта ЕЭК тарабынан түзүлгөн атайын комиссия ишин баштады.

Жыл ичинде кандай иш-чаралар болот?

Евразиялык экономикалык жогорку кеңешинин жыйыны — 3 жолу (бири Кыргызстанда);
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны — 4 жолу (бири Кыргызстанда);
ЕЭК кеңешинин жыйыны — 12 жолу (экөө Кыргызстанда);
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагындагы экономикалык форум менен ЕАЭБдин Евразиялык климаттык форуму Кыргызстанда бир ирет милдеттүү түрдө өткөрүлчү иш-чаралар;
ЕАЭБ мамлекеттеринин экономика министрлеринин жыйыны, Агроөнөржай саясаты боюнча ЕЭК кеңеши, "Антиконтрафакт – 2022" эл аралык форуму, ЕАЭБдин ишкерлер кеңешинин жыйыны, ЕАЭБ жаштар экономикалык форуму — ар бири бир жолудан Кыргызстанда өткөрүлөт;
Евразия конгресси — Москва шаарында бир жолу болот.
Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, пландалган иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалга жараша өткөрүлөт. Эгер абал начарлап кетсе, айрымдары видеоконференция форматында болмокчу.
Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Кыргызстандык мигранттардын пенсиясы ЕАӨБ аркылуу которулмакчы
ЕАЭБ мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Май айында Кыргызстандын демилгеси менен Евразия экономикалык форуму өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0