Жөн эле убакытты созуп... Россиянын сунушуна АКШ менен НАТОнун жообу

© AFP / TOBIAS SCHWARZНАТОнун логотиби. Архив
НАТОнун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Глобалдык коопсуздук ченемдери боюнча Москванын сунуштарына жамааттык Батыштын жообу күтүлгөндөй эле конструктивдүүлүктөн тайган, формалдуу жана агрессивдүү болду.
АКШ жана НАТО үчүн Россиянын мындан аркы аскерий-саясий жана аскер-техникалык чара көрүшү таптакыр болжоп болгус. Ал эми америкалык эксперименттердин курмандыгы болгон Украина Чыгыш менен Батыштын кармашынын негизги талаасына айланарын боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын бул жолку макаласы глобалдык коопсуздук боюнча Россиянын сунуштарына Батыштын жообу туурасында болмокчу.
Кошмо Штаттар жана НАТОго тең ата коопсуздук кепилдиктери жөнүндөгү келишимдин россиялык долбоору 2021-жылдын 15-декабрында берилген соң Вашингтон жана Брюсселдегилер берер жообун 40 күндөн ашуун ойлонуп, союздаштарынын арасында позицияларын макулдашты.
Натыйжада 26-январь күнү алар стандарттык жана өздөрүнө ыңгайлуу тезистерди, Россия, Абхазия, Түштүк Осетия, Беларусь жана Приднестровьеге карата ачык эмес күңкүл опузаларын кайталады. Ошону менен бирге эле РФтин "өнөктөштөрү" Тышкы иштер министрлигинен өз жоопторун жарыялабоону өтүндү. Бул позицияларынын туруксуз экенин, "жаңы Ялтаны күтпөгүлө" деген тейдеги риторикасынын ынандырарлык күчү жоктугунан кабар берет.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров болжогондой, документтердин мазмуну жакында кеңири коомчулукка да белгилүү болот. АКШ менен НАТОнун глобалдык коопсуздук көйгөйлөрүн Украинанын тегерегинде ырбатууга умтулуусунан майнап чыкпайт. Ошондон улам Вашингтондун союздаштары өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарына санааркап турушат.
Айрым европалык мамлекеттердин энергетикалык жана каржылык кызыкчылыктары бар. Америкалык саясат таануучу Жошуа С.Хумински, Чалгындоо жана глобалдык алакалар борборунун директору Майк Рожерстин айтымында, бул аларды "Москванын таасиринде калтырып", Россия менен тирешүүнү татаалдаштырат. Жамааттык Батыштын стратегиялык куралдарды чектөөнүн айрым багыттары жана Европадагы аскердик окуулардын ачыктыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниети кубантарлык, бирок коопсуздуктун глобалдык тутуму үчүн жетишсиз экени айкын.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин 26-январдагы билдирүүсүндө: "Россия Украина, Грузия жана Молдавиядан алардын макулдугу жок жайгаштырган өз жоокерлерин чыгарып кетүүгө тийиш" деген билдирүүсү геосаясий реалдуулуктан таптакыр алыс жана альянстын географиялык диапазонунан оголе оолак.
Эл аралык укуктун негизинде Абхазия менен Түштүк Осетия Грузиянын бөлүгү эмес, ал эми Крым жарым аралы 2014-жылдан тарта Россиянын курамында. РФтин тынчтык орнотуучулары Приднестровьеге көп тараптуу макулдашуунун негизинде кирген, НАТОнун ага дегеле тиешеси жок. Ошону менен бирге эле Россия 26-январда АКШ менен НАТОнун коркунучтарына, болгондо да планетанын ар кыл бурчунда аскерий-саясий жана аскер-техникалык чара көрүү үчүн көбүрөөк эркиндик алды.
АКШнын Россиядагы элчиси Жон Салливан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Москва Вашингтондон жашыруун кат алды
Батыш Россиянын позициясын дегеле эске алгысы жок. Кеп-сөзгө келбеген Вашингтон постсоветтик мейкиндикте Түндүк атлантикалык альянстын жайгашуусун мындан ары да кеңейтүү жагын кароодо. Германия менен Франциянын каршылыгына карабастан Брюссель Чыгыш Европада (Румыния, Польша, Балтика өлкөлөрүндө) НАТОнун чет өлкөлүк жоокерлеринин санын көбөйтүүдө.
Столтенберг мурдагы күнү: "Эң начар вариантка камынуудабыз. Бул аймакта, ошондой эле Балтика жана Кара деңиздердеги райондордо да күчтөрүбүздүн даярдыгын жогорулатып, санын көбөйтөбүз. Ал жакка кемелер да, аскердик учактар да көп жөнөтүлөт", - деп белгиледи.
АКШ администрациясы Монтрё конвенциясын кайра жазып же жоюп салууга тырышууда. Америкалык конгрессмендер "Россиядан коргонуу үчүн" Польшага М1А2 Abrams танктарын жеткирүүнү тездетүүгө чакырууда. Вашингтон менен Лондон Киевге Javelin жана SMAW-D танкка каршы башкарылуучу ракеталарын улам жеткирип, Украинаны ири калибрдүү снаряддар менен жабдууда. Батыш Россия менен куралдуу жаңжалга жакындаткандай.
Глобалдык коопсуздук маселесин дипломатиялык жөнгө салуу талаасы убакыт өткөн сайын тарып барат. Болжолдуу жаңжалдын интенсивдүүлүгү, масштабы, географиясын талкуулоо менен НАТО жана АКШ "Украинанын тегерегиндеги эмес", Вашингтон жана Брюсселдеги "чечимдерди кабыл алуу борборлору" менен өздөрү ырбатып жаткан абалдын реалдуулугун баалай албай жатат. Геосаясий оюн кызып, жетер чегине жетип турат...
Республикалык партиядан конгрессвумен Маржори Грин Украинанын колундагы Хантер Байденге (АКШ президентинин уулу) компроматтын айынан америкалыктар РФ менен өзөктүк согушта набыт болушу ыктымал экенин айтты. Кандай болгон күндө да Кошмо штаттар менен НАТО тарабынан глобалдык коопсуздуктун принциптеринин бузулушу глобалдык жаңжалга негиз жаратууда.
Күчтүү өзөктүк держава катары Россия аймактык (украиналык) маселени убактылуу четке жылдырып, өзүнүн геосаясий максаттарына жетүүнү камсыздоого жөндөмдүү. Германиядагылар өтө күчтүү болгон Россиянын кызыкчылыктарын көз жаздымда калтыруу мүмкүн эместигин билдирди.
Россия планетадагы коңшулары менен тирешүүгө же ЖККУну Кошмо Штаттардын чек арасына дейре кеңейтүүгө таптакыр кызыкдар эмес. Бирок америкалыктардын РФти дүйнөгө желмогуз көрсөтүү аракети НАТО өлкөлөрүнүн башын бириктирүү, союздаштарына америкалык куралдарды сатуунун көлөмүн көбөйтүү жана Европадан мүчөлүк төгүмдөрдү төктүрүп алуу ыкмасы бойдон калууда. Ошол себептен Breaking Defense басылмасы окурмандарына: "Россиянын Европага карай жүрүшү саясий жактан альянска жик салууга, ар бири менен өз-өзүнчө мамиледе болуп, бири-бирине тукурууга багытталган. Дал биримдик зарыл болуп турган маалда Берлин менен Париж НАТО ичинен ыдыраган, "сүрү бар, айбаты жок жолборс" дегендей кепке Москвага себеп берүүдө", - деп жазды.
Ошол "жолборс" Афганистандагы 20 жылдык согуштук аракеттерден кийин талибдерден качканын унуткарып коюшка болбос. НАТОнун аскерлери ошондой эле абалда Ирактан да чыгарылууда.
Россиянын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Россия Батыш жана Түштүк округдарынын аскердик даярдыгын текшерүүдө. Себеби
Мурда "коргонуучу" альянс БУУнун санкцияларын албастан эле Югославия, Ливия жана Сирияны бомбалаган. 2008-жылы Грузиядагы агрессияны жана 2014-жылы Киевде куралдуу төңкөрүштү да Вашингтон уюштурган. Ушул эки эпизоддо Россия улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучка гана чара көргөн, антпей да коё алмак эмес.
Айрым байкоочулар бүгүн Россия аскердик окуу форматында согуш алдындагы аскердик жайгаштырууну ачык эле өткөрүүдө деп эсептешет.
Washington Post басылмасынын да жакындагы: "Москва болжолдуу согуштук аракеттерге шылтоо жаратуу үчүн атайын эле аткарылбай турган талаптарды койду", - дегенине да жол болсун. Чыгыш Европада 2022-жылы Москва тарабынан белгиленген кызыл чийиндер альянс тарабынан бузулушу согуштук жаңжалга кептери турулуу иш. Кандай болгон күндө да андай абал АКШ менен НАТОго пайда алып келбейт.
Тегин жерден 26-январда Эл өкүлдөр палатасы жана Сенаттын 55 демократ депутаты америкалык президент Жозеф Байденди өзөктүк куралды "биринчи болуп колдонбоо" стратегиясын жарыялоого, Россия жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү колдоого, Trident II D5 континенттер аралык баллистикалык ракетасына чакан кубаттуулуктагы W76-2 аппаратын жайгаштыруу жана өзөктүк курал менен деңизге ылайыкталган жаңы канаттуу ракетасын иштеп чыгууну токтотууга чакырбагандыр.
Россия Аскер-деңиз флотунун Британ жээктеринен 250 чакырымдык аралыктагы ракеталык атууларга даярдыктан улам Британиянын коргоо министри Бен Уоллес россиялык кесиптеши менен Москвада өтө турган сүйлөшүүлөрдү этияттык менен жарыялады.
Украинада америкалыктар тарабынан жасалма жол менен түзүлгөн каатчылык тууралуу айтсак, Чыгыш Европасын болжолдуу афгандаштыруу эң оболу Вашингтон жана Брюсселдеги мындай ири аскерий авантюраны уюштургандарга чоң сокку болмокчу.
Сырттан караганга даана көрүнөт эмеспи. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 27-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Киевдеги кырдаалды жөнгө салуу үчүн Минск макулдашуусунун шарттарын гана сактоо керектигин эскертти.
Кошмо Штаттар жана алардын европалык союздаштары глобалдык коопсуздук маселесин украиналык эпизод менен алмаштырып, Россиянын так сунуштарына так жооп берүү ордуна кепти созуп отура албайт.
Экинчи жагынан Украина алдыдагы он жылдыктарга америкалык демократия жана батыш баалуулуктарынын антижарнамасы болуп калат өңдөнөт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Украина аскерлери АКШ жана НАТО өлкөлөрү менен биргелешкен аскердик машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
НАТОго жик түшүп, ындыны өчүп турабы? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0