Россия менен күрөштө Батыш кандай жорукка барууга даяр

© AP Photo / Kirsty WigglesworthЛондондогу Вестминстер көпүрөсү
Лондондогу Вестминстер көпүрөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Жазылуу
Батыштын саясий элитасы Россияны "азаптуу", "антиолигархиялык", "банктык" жана "финансылык" санкциялар менен коркутуп келет.
Жаалданганы менен кандайдыр бир аракеттерге бара элек. Азырынча. Россияга каршы азырынча нерв согушу жүрүп, Альбион менен Брюсселде отурган чырдын себепкерлери телеграмма менен дубай салам жөнөтүп жатышат. Кырдаалга журналист Елена Караева баам салып, макаласы РИА Новостиге жарыяланган.
Россия дегеле бир болуп көрбөгөндөй азап-тозокко кабыларын, мына-мына экономиканын бырын-чырыны чыгарын, туңгуюкта калып, кыйрай турганын божомолдошууда. Качандыр бир кезде "эл аралык" деп аталган абройлуу мамиленин бүгүн кадыры кетип, аны ушул деңгээлге түшүргөндөр сахнага бир туруп тарыхтан кабары жок министрин, бир карасаң "Россия — демократиянын душманы" деп ачык эле жар салган Европа дипломатиясынын жетекчисин чыгара салышууда.
Британиянын ТИМи же Форин-офис (акыркы кездеги оозго алынган аталышы) Россия адамзат алдындагы "күнөөсүн" сезип-туюшу үчүн чектөөлөрдү катуулатуу ниетинде. Негизи мындай долулук аргумент келтирүүдө да, жалпы позицияда да алсыздыкты айгинелейт. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Батыштын жамааттык жетекчилиги муну саясий диалог менен максатка жетүүнүн куралы кылып алды.
Ит катуураак үрүп койсо деле Россияны айыптай берген конфигурация Европанын жетеленме ЖМКларынын жардамы менен азыр эле түзүлө калган жок.
Кеминде 15 жыл болду.
Жаман нерсенин баарына Москва күнөөлүү болуп, жоопкерчилиги жүктөлө берген (жаман нерсеге, ал эми жакшы нерсенин баарына ЕБ же НАТО, болбосо экөө биригип жоопкер) көрүнүш 2000-жылдардын башында калыптана баштаган.
Анда сөзгө өтө этият эле, жалтайлап турушчу. 15 жылдан бери русофобдордун үнү катуураак чыга баштады, акча жагынан да, саясий жактан да көмөк күчтүү болду. Качан гана Россия өз позициясын так чагылдыра баштаганда түз эле сокку урууга өтүштү.
Элди коргоо ниетин билдирген сайын Россияга "агрессор" жарлыгы тагыла баштады. Жөлөк-таяк издегендерге кам көрүүгө белсенген сайын Россияга жалаа жабуу көнүмүшкө айланды.
Украина аскерлери АКШ жана НАТО өлкөлөрү менен биргелешкен аскердик машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
НАТОго жик түшүп, ындыны өчүп турабы? Сереп
2008-жылы Түштүк Осетияда, Крымда болгон окуялар буга далил.
Европанын массалык аң-сезиминде Россияны жылдап ашынган желмогуз көрсөтүүгө аракет кылып келишет.
Британиядагы "уулануу" тууралуу аныгынан бүдөмүгү арбын окуя. "Россиянын изин" издегиле.
Чехиянын аскер кампаларындагы жарылуубу? Орустардын эле колунан келди.
Франциянын Альп тоолорундагы чалгын базаларынын жайгашуусу тууралуу ушак айтылып жатабы? "Москванын эле кылганы".
Канчалаган жылдар бою эмне деген кине айтылган жок?!
Европанын ЖМКлары уялбай-этпей эле бир топтон бери "Россия калп айтууда, туура эмес маалымат берүүдө, ортого жик таштоодо" деп келет. Психологиядагы проекция тууралуу түшүнүк дале күчүндө, Россия тууралуу калпты, жалган жалааны, туура эмес маалыматты так ушул батыш медиалары жакшы эле жаадырды.
Жек көрдүрүү саясаты Европа үчүн саамалык эмес.
Континенттин тарыхында буга окшогон окуя болгон.
90 жыл илгери.
Германия бийлигинин башына улутчул социалисттер келгенден кийин болгон-бүткөн кемчиликке айыптуу болуп еврейлер таанылган.
Схема ушундай эле болчу.
Геббельстин учурунан бери көп деле нерсе өзгөргөн жок: бир гана позиция бар, ошол гана туура, бир тарап дайыма сүттөн ак прогрессчилдер, экинчиси зөөкүр регрессисттер, бир тарап дайым эркиндик менен демократияга ыктап келсе, экинчиси "диктатура менен авторитаризмди" колдоп келет.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Лавров: согуш чыгар-чыкпасы Россиядан көз каранды болсо, жаңжалга жол берилбейт
Ар кандай оош-кыйыштар, майда-чүйдөсү кайда калганы белгисиз, аны териштирип отурбай русофобияны сублимациялоо алда канча маанилүү эмеспи.
Уу сөз чегине жеткенден кийин экинчи этап башталышы мүмкүн да Россия эскертип, кооптонуп жаткан нерсенин баары ишке ашып кеткенин эч ким деле эстебей калат.
Москва "Россиядан энергетика боюнча көз карандылыктан" арылууга аракет кылган Европа биримдиги саясий оюндардын айынан отун үчүн эселеп төлөөгө мажбур болорун эскерткен.
Ошондой эле болду.
Москва тышкы интервенциянын бардык түрү (ниети жакшы экенине карабастан) аскерий да, гуманитардык да апаатка кептей турганын айткан. Эми Ливия менен Ирактагы абалды карап көрөлү.
Москва Киевдеги мамлекеттик төңкөрүштүн кесепети жалпы Украина үчүн оор болорун божомолдогон. Саясий да, экономикалык позициядан алып караганда да кайрадан туура айтканына күбө болуп жатабыз.
Москва НАТОнун чыгышты көздөй кеңейиши континентте абалды туруксуздаштыра турганын көзгө сайып көрсөткөн. Дагы жаңылган жок.
Россия Кассандра сымал дүйнөлүк коопсуздукту сактап турабыз дегендерге штурвалды туура эмес кармап жатканын, мындай башкаруу менен дүйнө аңтарылып кетиши мүмкүн экенин бир эмес бир нече жолу какшап айткан. Кассандрадай кылып аны эч ким уккан жок, укмак тургай согуш учурунда сактап калган, азыр да сактап калууга аракет кылган "цивилизациялуу дүйнөнүн" чегинен ашыра кууп чыгууну чечишти.
Жаңы санкция киргизебиз дегени бүгүнкү күндө жеңил-желпи кишиге гана таасир этип калды, СССРби, Россиябы, айтор, Батыш бир кылым мурун киргизген чектөө менен эле жашап келе жатат. Кесепетин ошол киргизгендер тартууда.
Россия камкордукка муктаждардын баарын канатына калкалап, баарына чыдады, баарын көтөрдү. Өз жолу менен сапарын улантууда.
Күчүнө эле таянган жок, эң негизгиси — чындык Россия тарапта.
НАТОнун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жөн эле убакытты созуп... Россиянын сунушуна АКШ менен НАТОнун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0