Экинчи жолу да бак айтпады, күйөөмдүн таягы жаныма батып барат. Келиндин даты

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдын жанында муштум түйүп турган адам. Иллюстративдүү сүрөт
Аялдын жанында муштум түйүп турган адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына экинчи турмушунан да багы ачылбай, таяктан башы арылбаган келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Турмушка чыкканыма үч ай болду. Бул менин экинчи турмушум, мурунку күйөөмдөн бир кыз, бир уулум бар. Азыркы жолдошумдун да мурунку аялынан бир кыз, бир баласы бар. Ажырашканыма алты жарым жыл болгондон кийин кайрадан турмушка чыктым. Сүйлөшүп жүргөндө жакшы болчу, бардык өнөрү кийин чыкты. Бир жумадан кийин эле колу тийип, ошондон бери бул адатка айланды.
Чынын айтсам, күйөөмдөн корком. Азыр намыстанып жашап келем. Боюмдан түшкүчө сабады. Азыр ооруп жүрөм, бирок ооруканага жатып дарыланган да жокмун. Анткени күйөөмө сүйлөгөндөн, андан сурангандан айбыгам.
Учурда экөөбүздүн тең жумушубуз бар, мени жумуштагы кесиптештеримдин баарына жабыштырып чыгат. Аябай кызганчаак. Кээде өлгүм келет. Эч жакка жибербегендиктен канчадан бери балдарымды да көрө элекмин. Кайната, кайненемдер менен чогуу турабыз. Алардын биз менен иши жок. Үйдө уруш болбосун деп жанталашып оокат жасап, жаным тынбай кыймылдап эле турам. Күн алыс үйдө жаңжал, мурунку жолдошумду да күндө эки маал сөз кылбаса башы ооруйт. Жумуштан үйгө бара жатканда кадимкидей жүрөгүм зыркырап, “бүгүн эмне болор экен” деп айлам куруйт.
Ата-энеме, балдарыма, бир туугандарыма да асылганын койбой койду. Ажырашканым туурабы же чыдап жашашым керекпи? Өлгүм эле келип калды, баарынан тажадым...
Города мира. Пхеньян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
"Клей" деген балакетти уккандан бери балама бушайманмын. Эненин санаасы
Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:
— Катта абдан коркунучтуу, оор, бирок чечиле турган маселе камтылган. Бул абдан чоң трагедия. Жубайлардын жашоосунда өмүр бою шек жарата турган чоң көйгөй жатат. Келиндин суициддик ойлору болуп жатканы өтө жаман көрүнүш. Ошондуктан катка таянып эле “жашай бергиле же ажырашкыла” деп кесе айтууга болбойт. Анткени тез арада психологго же психотерапиялык борборлорго кайрылуулары керек.
Негизи көп үй-бүлөдө эркектин аялына кол көтөргөнү кездешет, бул туура эмес көрүнүш. Андай кылууга болбойт. Үй-бүлө курарда, турмушка чыгарда жубайлар бири-бирин жакшылап карап, электен өткөрүп алуусу керек. Көңүлүнө туура келип, ойлору дал келсе гана баш кошуу абзел. Кыска мөөнөттө эле чечим кабыл алып, жакшылап ойлонбой турмуш курганда тез эле бири-биринин терс жактары чыгып, ыркы келишпей баштайт. Анан бала төрөлүп калса кете албай же кала албай ортодо калат.
Баарыбыз бала чактан келгенбиз. Аялын ургандардын да кол көтөрүү себеби кичинекейинен алган психологиялык жараатына байланыштуу. Балким, жолдошуңуз атасынын аялын урганын көрүп чоңойгондуктан муну нормалдуу көрүнүш катары кабыл алып калгандыр. Мүмкүн психологиялык жактан эркектик касиеттери толук өрчүгөн эместир. Мындайлар өзүнөн алсыздарга үстөмдүк кылганды жакшы көрүшөт. Мурда аны уруп же басынткандардын өчүн аялынан алып, ызасын чыгарат. Мунун баары баш кошконго чейин билинбейт. Жолдошунан кордук көргөн аял абалын курбуларына, жакындарына айтып арызданат. Алар жан тартып койсо “мына мени да аяп, түшүнгөндөр бар экен” деп өзүн сооротуп, ошол жашоого ыңгайлаша баштайт.
Анан да мындай турмуштун өтө кылдат жактары бар. Эркектин урганынын жана аялдын ага чыдап жүрө бергендигинин өз себеби бар. Аялды уруу — бул мыкаачылык. Аягы жаман, мүмкүн бир күнү башын жарып же колун сындырып салышы мүмкүн. Балдары бар болсо алардын да психологиясы бузула баштайт. Алар да кийин атасындай болушу мүмкүн. Ошентип үйдө жолдошунун манипуляциясы күчөйт. Келин катта күйөөсүнөн коркорун, жумуштан бара жатканда бүгүн дагы эмне болорун ойлоп санаа тартаарын жазыптыр. Муну да тиги күйөөсү сезет. Ошентип ал шерденип күчөйт. Аялы бара-бара психологиялык жараат алып, невроз болот. Акыры психикалык ооруларга да кабылышы ыктымал. Ошол себептен мындай эркек менен жашаш оор. Урганы күчөй берсе аягы жаман бүтөт. Буга өтө терең караш керек. Чыдап жүрө берүү абдан чоң трагедия. Мындайлар кылдан кыйкым издеп ура баштайт, ушундай кыска жол менен тарбиялоого көнүп алат. Аялын курал катары пайдалана берет, психологго кайрылып өзгөрүүгө эч качан аракет кылбайт. Бул үчүн ага чоң терапия керек. Эки жылдай психотерапиялык сеанстардан өтүшү зарыл. Ошондуктан анын оңолоруна ишенүү болбогон кеп.
Үйдөгү басынтуу чегинен өтүп, аял баарына макул болуп, өзүн да киши катары эсептебей өлүмгө да макул болуп калган. Эч качан өмүрүңүздү кыюу тууралуу ойлонбоңуз. Маселени чечүүчү башка жолдор бар. Андан көрө психологго барыңыз. Бул жерде “туугандар, эл эмне дейт” дегенди токтотуп, тез арада чечим чыгаруу керек. Эгер кетүүнү чечсеңиз психологдон кеңеш алып, даярданыңыз.
Анткени аялы кетип, үстөмдүгүн жоготуп жаткан мыкаачы эркек артынан аңдып, жаман нерсе да жасап коюшу мүмкүн.
Төшөктө жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Азап көрсөткөн күйөөм эми эркектик милдетин да аткара албай калды. Аялдын даты
Жаңылыктар түрмөгү
0