Азап көрсөткөн күйөөм эми эркектик милдетин да аткара албай калды. Аялдын даты

© AFP / JOEL SAGET Төшөктө жаткан аял. Архив
Төшөктө жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына өмүр бою көр жеме күйөөнүн азабын тарткан аялдын каты жарыяланган.
Саламатсыздарбы, жолдошум экөөбүздүн жашыбыз элүүдөн өтүп, алтымышка жакындап калды. Мен өзүмдү аял катары бактысызмын деп эсептейм. Ортодо беш балалуу болдук. Алды үй-жай күтүп, неберелерибиз бар. Бирок өкүнгөнүм жолдошум экөөбүздүн ортобузда таттуу мамиле, жылуулук жок, көңүлүм калган. Жаңы келин болуп келген күндөн көп өтпөй эле уруп, кызганып мээмди жеп келди. Азыр балдар чоңойгону урбай калды, бирок кажыганы токтобойт. Базарга барып азык-түлүк алып же мончого барып жуунуп келгиче ызы-чуу чыгарып жиберет. Өмүр бою ушул адаты кууратты. Ар нерсени ойлоп, анысына кайра өзү ишенип алып эле кызганып уруш чыгарчу. Ашыкча кызгануу да психологиялык оору экенине көзүм жеткен. Жок жерден далай токмок жедим. Же эркекке алың жетпесе, өмүр бою чогулган ызаң жек көрүүгө айланат экен. Азыр күйөөмдү көргүм келбейт. Жашында өзү ойноп келип, мени кызганып конокко да ээрчитчү эмес. Аяштар менен барып калсак, кайра үйгө келгенде уруп же таң атканча ар нерсени айтып мээмди жеп чыкчу. Ошондон кийин өзүм деле баргыс болгом.
Ошентип, кудайдын жазасы болдубу, билбейм, 50 жашында эле эркек катары төшөктө жарабай калды. Жети жылдан бери эки башка жатабыз. Бирок көңүлүм калып, жаман көрсөм да тамагын жасап, кийимин жууп, төшөктөрүн иреттеп, душун даярдап кадимкидей карайм. Азыр да мээмди жеп мыңкылдап сүйлөй берет, тили да жаман. Келиндерден уялып, эки уул-келинимди бөлүп жибергем. Азыр үйдө бойго жеткен уулум менен кызым бар. Балдардын деле мындай атадан көңүлү калып калат экен. Кээде балам "ата, болдучу, апамды куураттың го" деп айтат. Кызым атасы менен ашыкча сүйлөшпөйт.
Менин да ден соолугумду талкалап бүткөн. Ооруканага бир жылда бир жатып дарыланып турам. Кээде отуруп эмнеге мынча өзүмдү кор кылдым дейм. Кыздарыма жаман эркекке өмүрүңөрдү коротпогула деп үйрөтөм.
Жолдошум экөөбүз сүйлөшө келсек эле уруша кетебиз. Кээде ушул кишинин кебетесин көрбөш үчүн алыс бир жакка барып келгим келет. Азыр анын ден соолугу жакшы эмес болуп үйдөн чыкпай калган, ансайын мени аңдыйт. Көр жеме эркектен тажадым.
Күйөөмдү жаман көрөм, бирок айла жок. Алаксыгым келет, калган өмүрүмдү өзүм үчүн бир аз жакшы өткөрсөм дейм. Ушунчалык чарчадым...
Урушкан түгөйлөр. Иллюстративдик сүрө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Аялымды көрсөм эле кыжырым келе берет. Ажырашууну каалаган жигиттин каты

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:

— Бул жубайлар жашоосунун көбүн бирге өткөргөн экен. Бирок өмүр бою эле бири-бирин жаман көрүп жашашканына ишене албайм. Анткени балалуу, неберелүү болуп буларда деле кубанычтуу, бактылуу күндөр болгон. Сезим болбосо ушунча жыл жашоо да мүмкүн эмес. Учурда каттын ээси артка бир кылчайып өткөн өмүрүн сын көз менен карап, анализдеп, ага өз баасын берип жатат. Мындан күйөөсүнүн кажып жегенин, кызганып урганын эстеген аялдын өкүнүчү, таарынычы, ызасы байкалат.
Каттын ээсине айтарым, азыр сиздерде орто курактын кризиси жүрүп жаткан экен. Ушул маалда түгөйлөрдүн мамилеси бузулуп, ал тең салмактуулугун жоготот. Ар кимдин мүнөзүнүн тиби болот. Аны бир кат аркылуу эле билип коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан экөөңүздөргө так мүнөздөмө бере албайм. Азыр ажырашып кетсеңиздер жакындарыңар да түшүнбөй калат. Ошол себептен кайрадан мамилени жаңыртып, жакшыртууга аракет кылыңыздар. Бирок бул оор, айрымдар үчүн мүмкүн эмес. Анткени күйөөнүн кажып жегени же аялдын аны тоготпой, сөзүнө кулагын жапырып койгону үйдө адат болуп калган. Ошондуктан экөө тең психологго же психиатрга барып кеңеш алгандары оң. Сиздер сүйлөшүп алып, карылыкты бирге жакшы өткөрүүгө аракет кылышыңыздар керек.
Бирок аялдын күйөөсүнө нааразычылыгы, таарынычы көп экендиги көрүнүп турат. Ошентсе да жолдошунун деле жакшы жактары болсо керек. Аялы деле ушул кезге чейин анын тамагын жасап, кирин жууп келиптир. Демек, экөө тең үй-бүлөдө милдеттерин аткарган. Эч качан ажырашпаңыздар. Андан эч ким утпайт. Болгону бир аз убакыт эки бөлөк жашап көрүңүздөр, ошондо бири-бириңиздерге сый мамиле жасап калышыңыздар ыктымал. Анткени кайсы бир иште же мамиледе ордуңар билинет.
Анан да ар бириңер өзүңөргө жаккан хобби таап алганыңыздар жакшы. Анын үстүнө эки башка да жатат экенсиздер. Аял киши да өзүнө негативди чогулта бергени туура эмес. Буга фантазия кошулат.
Ар бир эртеңки күн — ал башка жашоо. Ага башкача сезим менен кадам таштоо керек. Ортодогу түшүнбөстүктү акырын сүйлөшүп чечишип алууга аракет кылыңыздар. Мында чыңалуу да азаят.
Орто жаштын кризистик маалы эркек үчүн да оңой эмес, бул убакта алар төшөктө да эркектик активдүүлүгүн жоготот. Бул эркек үчүн абдан маанилүү. Себеби үй-бүлөдөгү таасирин жоготуп жатканын сезип, кожоюн статусунан да кол жууган абалда болот. Үйдө өз ордун сезбей калганда эркек өзүнөн алсыздарга каарын көрсөтө баштайт.
Айыл жергесинде орто курактын кризиси билинбей өтүп кетет. Анткени келген-кеткен көп, ар ким менен сүйлөшүп пикирин угушат. Айрымдары ачык эле сын-пикирин айтып кетет. Ал эми шаардагы батирде кризис өтө оор өтөт. Ошондуктан ары-бери чыкканга аракет кылуу керек.
Кыз бий учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Өчөшүп калабы дейм. Күйөөсү менен жетекчисинин ортосунда кыйналган келиндин каты
Города мира. Пхеньян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
"Клей" деген балакетти уккандан бери балама бушайманмын. Эненин санаасы
Жаңылыктар түрмөгү
0