"Клей" деген балакетти уккандан бери балама бушайманмын. Эненин санаасы

© Sputnik / Виталий БелоусовГорода мира. Пхеньян
Города мира. Пхеньян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына баласы үчүн тынчы кеткен эненин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы! Биз айылда турабыз. Мектеп жашындагы удаа эки кызым, анан бир уулум бар. Балам 7-класста. Азыр заман мурункудай эмес, мурда балдар көчөдө кечки саат 10:00гө чейин деле ойноп жүрө берчү. Заман да тынч эле. Мен жаңы келин болуп келген жылдары кайним, кайын сиңдилерим көчөдө ойноп келип, жуунуп-тазаланып тамакка отуруп калышчу. Ал кезде деле мектептеги окуучу балдардын ич ара мушташканы айтылчу, бирок баары чеги менен эле. Учурда ата-энелерге абдан кыйын болуп калды деп ойлойм. Бир жагынан уюлдук телефон чыкты. Андан балдар ар кандай нерселерди көрүшөт. Азыр деле кечинде чыгып футбол ойноп калышат. Бирок заман кооптуу. "Клей" деген бир балекет чыкты. Кенедей 6-7-класстын балдары жыттап алып мас болуп, өзүн билбей мушташып, жаман болуп жатышат. Кээде майда уурулук да болуп калып жатат. Өткөндө да окуучу балдардын арасында уурулук катталып, участкалык милиция мектепте жыйналыш жасаган.
Ушундан улам баламды сыртка чыгарбай кайтарам. Ал чыккысы келип, мени жаман көрөт. "Клей жыттоо — деген баңгизаттай эле, ага көнүп алса чыга албай калат" дегенди тааныштарымдан уккандан бери эле баламды аңдып, шектенип карап, текшерип, мектептен кийин да кадам бастырбай, мени да кудай урду. Өзүм да тажап кеттим. Баланы теңтуштарына да кошпой коё албайт экенсиң. Анын үстүнө өткөөл курагы башталды. Балдар тамеки да чеккенди үйрөтүшөт экен. Булар азыр келечегин толук анализдей албай турган учуру да. Кызык көрүп, бир нерсеге башы илинип калабы деп корком. Дайыма жаман-жакшыны какшап айтып, кулак-мээсин да жеп салчу болдум. Мени менен сүйлөшүүдөн кадимкидей качып калды. Ал эми кыздарымдан көйгөй жок, мектептен келишет, мага жардам берип, сабактарын окушат. Аларга ишенем. Балама эле такыр ишене албайм. Же эркек бала ошондой болобу, билбейм. Ошентип мамилебизди да бузуп аламбы деп корком. Жолдошум да уулун "кечкисин чыкпа" деп урушат. Кеч киргенде эле "муз тээп келели" деп азгырып балдары чалышат. Кайтарып эле отурабыз. Психологго кайрылып, мындай учурда балага кандай мамиле жасоо керектигин жана дегеле менин кооптонуум канчалык деңгээлде жөндүүлүгүн сурайын дегем.
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Балам балалуу келиндин үстүнө кирип жашайм деп кууратты. Эненин каты
Айнек Муратбекова, балдар психологу:
— Эне катары кооптонууңуз жөндүү. Анткени сизде энелик инстинкт бар, ал коргонуу функциясын аткарып жатат.
Бирок кооптонууңузга себеп болгон фактор өтө алсыз. Сиз убакыт жана чөйрө себеп болгон өзгөрүүлөргө баш ийгиңиз келбей жатат. Адамдын калыптануусуна генетика, убакыт жана чөйрө сыяктуу үч фактор таасир этет.
Сиз туура белгиледиңиз, азыр заман башка. Себеби убакыттын өтүшү менен коом дагы өзгөргөн.
Эгер балаңызды ошол ууру кылган же клей жыттаган жеринен кармап алсаңыз кеп башкача уланат эле. Мындай болбогону кубандырат. Ошентсе да бул маселени алдын алгыңыз келип жатат. Андыктан сизге бир канча багыт сунуштайын:
7-класста окуган бала 14-15 жашта, демек, өткөөл курактын башталышы. Бул бир чети абдан сонун курак, себеби баланын дүйнө таанымы кеңейип, жоопкерчилик алганды үйрөнөт, түрдүү көндүмдөр пайда болот. Бирок өтө сезимтал болушат, өнүгүп жаткан учуру. Болгон көйгөй — бала өзүн же чоң адамдардын катарына кошо албай, же кичине адамдын катарына кошо албай кыйналат. Дене мүчөсү өзгөрөт, гормондор күчтөнөт. Ата-эне дагы "сен чоң бала болдуң" дейт, бирок бала өз алдынча бир иш кылса же жасайын десе, "сен али жашсың, колуңдан келбейт" деп каршы болушат. Анан балада статустун кагылышы башталат. Ал өзүн чоң адамдай сезгиси келет, анан тамеки чеккен, өзүн чоң адамдай алып жүргөн жаман чөйрөгө кошулат. Анткени бала чоңойгонун далилдегиси келет.
Ошондуктан балаңызды үйдөн чоң адам экенин сездириңиз, оюн сураңыз, жоопкерчилик алдырыңыз. Үй-бүлөлүк чечим чыгарып жатканда анын да оюн сураңыз, сүйлөшүңүз. Көйнөктүн кирин самын менен кетирсек, көңүлдүн кирин айтып кетиребиз. Анын орду бар экенин, балаңыз да бир жеке дүйнө экенин сездириңиз. Жакшы баа алып келсе же бир иш кылса эле эмес, ар дайым мактап туруңуз. Эркек балага мактоо менен, кыз балага суктануу менен мамиле кылабыз.
Азыр эшикке чыгуусуна тыюу салып жатсаңыз, анын ордуна башка иш сунуштаңыз. Балаңызга тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүңүз. Балаңыз эшикке чыкпаган убактысын башка нерсе менен толтурушу керек. Бул бир муктаждык, аны канааттандыруу зарыл. Өспүрүм аны пайдалуу нерсе менен толтурат же зыян нерсе менен толуктайт, бирок сөзсүз экөөнүн бирөөнү аткарат. Бул табигый зарылдык.
Эки эжеси бар экен. "Сен алардын коргоочусусуң, алар сага таянат" деп ага жоопкерчилик артып, дем бериңиз. Өзүнө болгон ишеними жогоруласын.
Урушкан түгөйлөр. Иллюстративдик сүрө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Аялымды көрсөм эле кыжырым келе берет. Ажырашууну каалаган жигиттин каты
Аял депрессия учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Мурунку жолдошумдун аялына суктандым... Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0