Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кабаева: КМТУ технологиялык инкубатор ачат

© Sputnik / Табылды КадырбековИсхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин IT факультетинин деканы Гүлнара Кабаева
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин IT факультетинин деканы Гүлнара Кабаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин IT факультетинин деканы Гүлнара Кабаева азыркы IT компаниялардын талабына ылайык окутуу пландарын жаңыртуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
"Санариптик билим жана Кыргызстандагы жаштарды санариптик экономикага ишке орноштуруу" долбоорунун негизинде тендерди утуп алган Ulut Soft мугалимдер үчүн кыргыз тилинде алты жаңы видеокурс иштеп чыкты. Анын ар бири 16 сабактан турат. Мунун арты менен бизде жок же жетишсиз болгон мугалимдер даярдалат. Бул тууралуу Гүлнара Кабаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кабаева: КМТУ технологиялык инкубатор ачат
Анын айтымында, курстар "Нейрондук тармактар жана тереңдетилген үйрөнүү", "Машиналдык окутуу", "Жасалма интеллект", "Маалымат илими", "Программаны камсыздоо жана коопсуздук долбоорлору", "Киберкоопсуздук технологиялары" багытында түзүлгөн.
"Ошто ПРООНдун "Санариптик билим жана Кыргыз Республикасындагы жаштарды санариптик экономикага ишке орноштуруу" долбоорунун алкагында Россиянын каржылоосу менен биринчи санарип IT-хаб ачылды. Ага Ololo консультациялык колдоо көрсөтүп, Инновация жана технологиялар агенттиги өз ара кызматташты. Хабдын максаты — жаштарга чыгармачылык санариптик кесиптер боюнча билим алуусу үчүн атайын аянтча түзүү, анын ичинде IT-багыт дагы камтылган. Долбоордун алкагында биздин университет жана ОшТУ окуу жайларынын маалымат технология факультетинин окутуу пландарын азыркы IT компаниялардын талабына ылайык жаңыртуу боюнча иш жүрүүдө. Анын аркасында IT тармагындагы эл аралык жана ата мекендик эксперттер аудит жүргүзүп, акыркы талаптарга жооп берүү үчүн окуу планын өзгөртүү боюнча сунуштарды беришти. Биз студенттерибиздин эмгек рыногунда жогорку квалификациялуу адистер катары суроо-талапка ээ болушун каалайбыз. Ошондуктан окуу процессине инновацияларды киргизүү үчүн бардыгын жасап жатабыз. Учурда КМТУ жана ОшТУнун 60тан мугалими жана башка окуу жайлардын окутуучулары Ulut Soft даярдаган 16 сабактан турган алты курстан өтүп жатышат. Алдыда студенттер үчүн да кыргыз тилиндеги IT курстары даярдалат", — деди Кабаева.
Ал КМТУ технологиялык инкубатор ачып, анда IT компаниялардын адистерин чакырып мастер-класс уюштуруп, студенттердин даяр долбоорлорун ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0