Казакстандын батыш региондорун өнүктүрүү үчүн 35 миллиард доллар бөлүндү

© Sputnik / Табылды КадырбековКазакстандын желеги. Архив
Казакстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
Жазылуу
Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен өлкөнүн батыш аймактарын 2022-2025-жылдары өнүктүрүү планы түзүлдү.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Казакстандын бийлиги январдын башында массалык башаламандыктар башталган Мангистау, Атырау, Батыш-Казакстан жана Актөбө аймактарын өнүктүрүү үчүн 35 миллиард доллар сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу казак өкмөтүнө шилтеме берип РИА Новости жазды.
Өлкөнүн улуттук экономика министри Алибек Куантыровдун айтымында, президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен бул аймактарды 2022-2025-жылдары өнүктүрүү планы түзүлдү.
"Батыштагы региондорду өнүктүрүү үчүн жалпысынан 15,3 триллион теңге (35 миллиард доллар) сарптоо пландалды. Анын ичинен 3,9 миллиард доллар республикалык бюджеттен алынат", — деди министр.
Бул каражатка аймактарда экономиканы көтөрүү, тагыраагы, инвестиция тартып, жумуш орундарын көбөйтүп, жашоо шартын жакшыртуу каралган.
"Эң негизгиси бул облустарда жашаган мекендештер жашоосунун жакшырып жатканын байкашы керек. Бизнес кылуу, иштөө, дарылануу, билим алуу жолдору жеңилдеши зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, январь айынын башындагы Казакстандын батышындагы облустарда газдын баасынын кымбатташы боюнча нааразычылык акциялары башталган. Кийин ири митингдер Алматы шаарында өткөрүлгөн. Башаламандыкта 225 адам каза тапкан.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан санкция сунуштаган Европарламенттин резолюциясы боюнча жооп кайтарды
Жаңылыктар түрмөгү
0